Get Mystery Box with random crypto!

"МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Telegram арнасының логотипі muslim1429 — "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ" М
Telegram арнасының логотипі muslim1429 — "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"
Арна мекенжайы: @muslim1429
Санаттар: Дін
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 1.23K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

0


Соңғы хабарлар

2023-06-02 07:12:02 КУПУЯ СЫРДЫН АЧКЫЧЫ - КУРАН..

Күнүңдү жашоодогу эң зарыл, милдеттүү амал Куран окуу менен баштоону насаат кылам. Бирок, буга чейин окуп жүргөнүңдөн такыр башкача окууну сунуштайт элем. Жөн эле шатыратып кете бербей, ар бир сөздү, ар бир сүйлөмдү, ар бир аятты түшүнүп, түшүнбөсөң кайра кайталап, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын баамдап, эгер буйрук болсо, аны аткарып жатасыңбы; эгер тыюу болсо, андан четтегенсиңби; өткөн пайгамбарлардын өмүрү айалардан үлгү ала алдыңбы; мына ушул сыяктуу эрежелер менен аз болсо да, пайдасы тие тургандай оку. Минтип бир жолу окуганың, маанисине көңүл бурбай он жолу окуганыңдан алда канча пайдалуу.

Бул бир канча адам жасап көргөн тажрыйба. Куранды мына ушинтип окуган адам гана Алланын түбү жок кенине кол салат, терең ишеним, бекем ыйман, кызыгуу, бакыт, кубаныч, бейпилдик, эсепсиз сооп- сый жан дүйнөнүн тынчтыгы ошондо сезилет.

Сен ыйык, жалган аралашпаган, эки дүйнөнүн бактысын ачып бере турган пайдалуу китепти – Жаратуучунун сөзүн окуп жатасың, бул китеп ааламда бирөө эле, ал эми биз окуп жаткан миңдеген башка китептер жаратылган, алсыз пенделердин жазганы.

Алладан жардам тилеп, алгач “Фатиха” сүрөсүнөн башта. Жүрөгүң тазаланып, жан дүйнөң жайланып, анан жашоо менен жаратылыштын , дүйнө менен акыреттин сыры ачыла берет. Андайын колуңдан жетелеп, ийгиликтин жана жеңиштин жолуна салат. Кийин аны менен баарлашкан сайын, бакыттын даамын татасың.

Негизи, ар бир ийгилигиң, ар бир жеңишиң, ар бир кубанычың ушул китеп менен байланыштуу экенине ишен. Алла Таала бул китепти нур, туура жол жана шыпаа кылып түшүргөнүнө ишен. Фирдус бейишинин төрүнөн орун алганыңча, Куран сени жалгыз таштабайт.

Азыр башта, баракты ач, сага жакшылык, береке жана бактылуулук эшигинин ачылуусу менен куттуктайм! Мына ушул ирмемден баштап сен көйгөй, санаа, түйшүк башка да толгон - токой жан кейитчү көрүнүштөрдүн баарынан арыларыңа кепилдик берем.

Алланын берекесин үмүт кылып башта, бисмиллах!..

Автор: Аид ал Карнию

"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
318 views04:12
Ашу / Түсініктеме
2023-06-02 07:11:55
296 views04:11
Ашу / Түсініктеме
2023-05-26 08:38:49 Аллах Таала сизге ырайым кылуусун каалайсызбы?

Анда пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтыңыз!

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун): «Мага жума күнү көбүрөөк салават айткыла, жума күн берекелүү күн, силердин айткан салаватыңарды периштелер мага жеткирет” – деди.
Мен: “О, Аллахтын элчиси, Сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин да салам-салаватыбыз жетеби?” – деп сурадым. “Ооба, Аллах Таала пайгамбарлардын сөөгүн жегенди топуракка арам кылган» - деди ал.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким мага бир салават айтса,  Аллах Таала ага он салават айтат". Б.а. ырайым кылат ( Муслим).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салават айткан адамдын он күнөөсү кечирилет, даражасы он барабар көтөрүлөт. Кыямат күнү ал мага баарынан жакын болот" ( Тирмизи).

Салават айткандар пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) зыярат кылган болуп эсептелет. Өлүм алдында жандын чыгуусу жеңил болот.

Салават айткандарды пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) шапаат кылып колдойт.

Салават айткандар пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына дубалары кабыл болуп, муктаждыгы чечилип, бактысыздыктан алыс болот.

Жума маарек болсун!  Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына улуу күндө Жараткандан эмне сурап, эмне тилек кылган болсок, бардык дубаларыбызды  кабыл кылсын!

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
548 views05:38
Ашу / Түсініктеме
2023-05-20 10:20:34 Казына үстүндө жашаган кедей..

Бир адамга атасынан көп мурас байлык калат. Бирок, "Оңой келген, оңой кетет" болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат:
"Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам". Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: "Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың" – деп айтат. Ойгонуп кеткен кедей, сүйүнүчтөн жинди болуп кетейин дейт.

Ошол эле күнү болгон камын көрүп Мисирге жолго чыкты. Ысык чөлдө суусуз, тамаксыз "иттин күнүн" көрүп Мисирге жетти. Бирок, ага жетиши менен эле жыргап кеткен жок. Мисирдин көчөлөрүн кечке кыдырып чарчады. Казынанын да, байлыктын да дайыны жок. Азык-оокаты түгөнүп, тилемчилик кылууга туура келди. Алды-кийин мындай ишти кылып көрбөгөн жаны элден уялып, кеч кирип, караңгы түшсө анан суранайын деп, бир чоң үйдүн эшик алдына отура кетти. Ошол убакта жумуштан келе жаткан маале башчысы эшигинин алдында отурган чоочун адамды көрүп, аны ууру го деп ойлоп, жакасынан тартып тургузду:

- Менин үйүмдүн алдында эмне кылып отурасың, чыныңды айт, болбосо камап салам?! Капыстан эле урчуудай болуп, опурулган эмеден чочуп кеткен тиги:

- Токто, урбагын, чынымды айтамын, - деп жалынып жиберди.

- Чоочун экениңди түрүңдөн көрүп турам, эгер чыныңды айтпасаң бардык уурулардын сазайын сенден чыгарам, - деп ачууланды үй ээси.

- Мен ууру да, качкын да эмесмин, - деп сөзүн баштады тиги.

– Мен бир күнү түшүмдө Мисирде казына бар экендигин көрүп, ошону издеп келген Багдаттык бир бечарамын. Маале башчынын күлкүсү келип, тигинин жакасын коё берди да:

- Сенин ууру эмес экендигиңе ишендим, бирок акмак эмес экендигиңе ишене албай турам. Мен канча жылдан бери, "Багдатта, баланча жерде, баланча үйдүн алдында казына катылган" деп түш көрөм. Бирок, бир жолу да ал тарапка барууну ойлогонум жок. Сен болсо бир жолу түш көрүп, жетип келипсиң, - деди. Маале башчынын андан ары эмне деп сүйлөп жатканы тигинин кулагынын сыртынан кетти. Ал жинди болгон сыяктуу маале башчысынын колунан өпкүлөп, жалынып жиберди. Таңданган маале башчы "Бул жөн эле акмак эмес, биротоло жинди болуп калган эме го" деп, акырын колун тартып алды да, үйүнө кирип кетти. Тиги болсо, "Оо, Аллахым, мен Сенин жардамыңдан үмүт үзгөн эмес элем. Казынанын үстүнө жашатып койгонуң үчүн Сага чексиз шүгүрлөр
болсун" – деп чекесин жерге коюп сеждеге жыгылды. Көрсө, маале башчы "түбүнө казына катылган" деп, дал ушул кишинин үйүн айткан экен. ..

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
679 views07:20
Ашу / Түсініктеме
2023-05-18 06:47:24 * Чымчыкка алданган аңчы..*

(Кайра - кайра окуп, бир күлүп, бир ойлонуп, чымчыктын чыркырата, чызылдата айткан сөздөрү акылы бар адамдын башына жетпегенин карап, Жараткандын жаратылган кайсы эле макулугу болбосун сабак алып жашаса болот туура. Анда окуяга өзүңүз күбө болуңуз ... )

Аңчынын тузагына бир чымчык түшүп калыптыр. Аңчы аны эми кармайын дегенде, чымчыкка тил бүтүп адамча сүйлөп жиберет. Ал аңчыга карап:

- Эй, адам баласы! Сен ушул жашка жеткиче канча кой, канча уйдун этин жедиң. Ага тойбодуң. Эми муштумдай болгон менин этиме тоймок ак белең? Андан көрө мени коё берип жибер, мен сага пайдасы тие турган үч ишти айтамын, - дейт.

- Макул, - дейт аңчы бир аз ойлонгондон кийин.

- Бирок, сен мага убада бер, биринчи ишти айткандан кийин мени коё бересиң. Экинчи ишти сага даракка конгонумдан кийин гана айтам, - дейт чымчык.

- Макул, - деп аңчы ага да кайыл болот.

- Болбой турган ишти ким айтса да, ага ишенбегин, - дейт чымчык биринчи сөзүн айтып. Аңчы сөзүнө туруп чымчыкты коё берет. Чымчык дарактын өйдөңкү бутагына барып конуп:

- Өткөн ишке эч качан өкүнбө. Колуңда турган мүмкүнчүлүктү чыгарып жибергениң үчүн да капаланба. Убактыңдын баасын билип, аны текке коротпо, - дейт. Анан:

- Эй аңчы! Менин ашказанымда салмагы он дирхемге тең келген маржан таш бар эле. Сен аны алганыңда сага эле эмес, урук-тукумуңа бүт жетмек. Мен аны деңиздин түбүнөн алып чыкканмын. Ага окшош байлыкты сен жер бетинен көрбөйсүң, - деп кошумчалайт. Аңчы колунда турган олжону чыгарып жибергенине өкүнүп санын чапкылап:

– Аттиң, – дейт, - кайдагы бир чымчыкка алданып байлыктан куру калдымбы?! Аңчынын кайгырганына таңданган чымчык:

- Эй, эмне мынча өкүнөсүң? Мен сага өткөн ишке өкүнбө, кетирген мүмкүнчүлүгүңө капаланба дебедим беле? Жана да, болбогон ишти ким айтса да ишенбе деп айттым. Деги сен кандай адамсың, менин салмагым эки дирхемге да тең келбесе, анан менин ичиме он дирхемге тең келчү маржан кайдан батмак эле? Чымчыктын тамаша кылып жатканына эми көзү жеткен аңчынын жаны жай ала түштү да, чымчыкка кайрылды:

- Мейли, эми үчүнчү ишти айт. Чымчык дагы бир бутакка көтөрүлүп конду да:

- Эй, береке тапкыр! Менин эки сөзүмө амал кылбадың, үчүнчүсүн угуп эмне кыласың, менин убактым аз - деп, чырылдаган бойдон учуп кетти. Аңчы эмне дээрин билбей, тузагын кармаган абалында катып, ордунда калды.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
19 views03:47
Ашу / Түсініктеме
2023-05-01 17:14:29 Күйөөм жоолугума каршы..

Кийинки күндөрү мага аял кишилерден, күйөөсү алардын жоолук салынганына, намаз окуганына каршы болуп жатканын айтып, эмне кылалы деген суроолор көп келчү болду. Мен келген суроолорго жооп берчү эмесмин. Бирок ушул суроого жооп бергим келди, тагыраагы, жооп берүүгө аргасыз болдум. Буга акыркы жолу үн жаздырып жиберген эжебиздин ый аралаш айткан суроосу, же арманы себеп болду. Жообум узунураак болот, чыдап окуп койгула:

Намаз, жоолук Жаратуучунун буйругу. Ага эч ким каршы чыгууга болбойт. Ошол эле учурда күйөөнүн тилин угуу, аны ыраазы кылуу да Аллахтын буйругу. Эмне үчүн эркек киши аялынын жоолук салынуусуна же намаз окуусуна каршы чыгат. Мунун биринчи себеби аялдардын өзүнө тиешелүү. Жоолукту, намазды, орозону шылтоо кылып көп аялдар күйөөлөрүн иренжитип коюда. Жоолук салынып, намаз окуй баштаган аял күйөөсүнө мурдагыдан жакшыраак мамиле кылуусу керек. Мурадыгдан көбүрөөк жардам берип, мурдагыдан көбүрөөк ага жакканга аракет кылуусу керек. Ибадаттын түпкү мааниси да ушунда. Ошол учурда күйөөсү ага ыраазы болот, ага каршы чыга албайт, өзү да намазга кызыга баштайт. Тилеке каршы, аялдардын көбү намаз окуп, жоолук салына баштагандан кийин күйөөсүнө жакпаган иштерди көбөйтөт. Күйөөсү дайындаган  ишти аткарбайт. Күйөөсү чарчап келсе, үйү чачык, тамагы бышкан эмес. Себебин сураса, намазын, же орозосун шылтоо кылат. Күйөөсүнөн уруксатсыз басып кетет. Себебин сураса, таалимге бардым, аялдардын сабагына катыштым, намаз үйрөндүм ж.б. шылтоолорду айтат. Кээ бирлери түнү менен Куран окуп, зикир чалып, намаз окуп, анан эртеси түшкө чейин уктап калат. Ушунун баары эркекке жакпайт жана ал анын жоолук салынуусуна да, намаз окуусуна да каршы болот. Ошондуктан аял киши дин маселесинде өтө этият болуусу керек. Кайсы бир ибадатка берилип күйөөсүн нааразы кылбашы керек. Аял Аллахтын да, күйөөнүн да ыраазылыгын бирдей табууга аракет кылуусу керек. Бул айтылгандар менин эже-карындаштарыма насаат. ..

Ал эми эркектерге айтарым, Аллахтан коркула! Аялыңардын дин менен жашоосуна тоскоол болбогула! Аялы таштап кеткендер бар. Аялы башка эркектер менен жүрүп кеткендер бар. Аялы ичимдикке берилип кеткендер бар. Аялы ууру, алдамчы, сүткор болуп кеткендер бар. Аллахтын дини менен түз жашаймын деген аялыңарга каршы болуп, силер да бир күн жогоруда айтылган аялдардын күйөөлөрүнүн кейпин кийип калбагыла! Аялыңарга жакшы мамиле кылгыла. Алар динге жаңы кирип жатканда аларга жардам берип, анча-мынча кемчиликтерин көтөрө билгиле. Силердин балдарыңар силерге караганда аялыңардан көбүрөөк тарбия алат. Ушуну эсиңерден чыгарбагыла!

Урматым менен Алайчы Сеитбеков.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
42 views14:14
Ашу / Түсініктеме
2023-04-28 10:53:12 Кайрымжы ..

Карылыктын айынан көздөрү жакшы көрбөй, кулактары укпай, муундары бошогон абышка тамактанып отурду. Кашык кармаган колдору калтырап, сузган тамактын жарымы дасторконго төгүлөт. Ал эмес, кээде оозундагы тамагы да кайра куюлуп кетчү болду. Атанын мындай абалы уул-келинине эбак эле жакпай калган. Эми алар аны мештин жанына өзүнчө отургузуп, алдына эски дасмалды салып тамак бере башташты. Абышка мештин жанында отуруп, тамактанчу столду кайгылуу карап, көздөрүнө жаш алат. Бир күнү тамактанып жатып колундагы кесесин колунан түшүрүп сындырып алды. Келин ачууланып абышканы сөз менен каарып өттү. Абышка жаш баладай бүрүшүп, күнөөсүн моюнуна алып отуруп калды. Ошол күндөн баштап абал дагы өзгөрдү. Эми абышка эски жыгач мискейден тамактана баштады.

Бир күнү келин жумуштан келсе, баласы эски жыгач идиштерди чогултуп, жууп жатыптыр. Баласынын бул кылыгына таңданган эне:

- Буларды эмне кыласың? – деп сурады. Бала мурдун шор тартып:

- Чоң атамдай болуп картайганыңарда силерге тамак берем, - деди эч нерседен капары жок. Уулунун сөзү жүрөгүнө ийне менен сайгандай болду. Эмне дээрин билбей бир азга дендароо боло түштү. Анан абышканын жанына барып, колтугунан жөлөп тамактануучу столго жетелеп келди. Шкафтан сыйлуу коноктор келгенде гана стол бетине түшчү баалуу кесени алып атанын алдына койду...

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
209 views07:53
Ашу / Түсініктеме
2023-04-24 06:22:42 - Жок ата, сизди алып кетпесем болбойт. Мында кыйналып каласыз – деп сөзүн кайра баштады эле, абышка акырын колун көтөрүп аны токтотту да:
- Убара болбо уулум. Мен бул дүйнөдөн баласыз өтүп кетем го деп ойлодум эле, эми мына балалуу да болдум. Менде эч кандай арман жок эми, болгону менин сенден бир гана суранычым бар, ошол суранычымды аткарууга убада бер – деди калтаарыган үнү менен.
- Кандай өтүнүчүңүз болсо да аткарам ата, тартынбай айта бериңиз.
- Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес. Бүгүн эртең мен да көз жумам, сенден суранарым ушул, мен жаназасыз көмүлүп калбайын. Жаназа окуп, ак кепиндеп өзүң жашыр – деп андан аркы сөзүн айта албай бышактап жиберди.
- Коюңузчу ата өлүмдүн кечи жакшы, ага шашылбаңыз – деп сооротмокчу болду эле, абышка кайра анын колун кармап:
- Жок, уулум, мага убада бер, жаназсыз кетип калбайын – деди жалооруп.
- Макул ата, убада берем – деп күлүмсүрөгөн болду да – ата, Лаа илаха илла-Лооху Мухаммадар-расуулул-Лох деп көбүрөөк айтыңыз, бул келменин пайдасы көп – деп ордунан турду да: - балким мени менен кетерсиз – деди акыркы үмүтү менен. Абышка алсыз калтыраган колдору менен көз жашын сүрткөн болду:
- Ырахмат уулум, убара болбо. Убадаңды унутпа, – деп дагы бир нерсени айтууга аракеттенгенсиди, бирок анын эки эрини гана бир аз кыймылдап оозунан чыккан үн эч кимге угулган жок. Абышканын жүлжүгүй көздөрү же ачык экени же жабык экени билинбей тынчып жатып калды. Бир аз убыкытка жымжырттыкка бөлөнө түшкөн бөлмө ичинде, атага зар болгон бала менен, балага зар болгон атанын биринчи жана акыркы сүйлөшүүсү андан ары уланбады. Жакын жердеги акыр-чикирдин сасык жытынын киргенине да кайыл болуп аңырайта ачып коюшкан терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп турду.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
176 views03:22
Ашу / Түсініктеме
2023-04-24 06:22:42 Атасыны көндүрө албастыгына көзү жеткен бала, эмне дээр экен дегенсип:
- Ата, жок дегенде сенин өзүңө жаназаны мен окусам жакшы эмеспи? – деп тийише сүйлөгөн. Ошондо баласынын сөзүнө чындап жини келип:
- Ой, атаңдын оозу… мага жаназа-маназа окубай-этбей эле кой. Тим эле тиги дүйнөгө барып келгенсип, жаназаңдын да, бейишиңдин да кереги жок. Тур ишиңди кыл, экинчи мечитти көздөй басканыңды көрсөм элеби, атаңды гана таанытып койбосом – деп үйдөн чыгарып жиберген. Кийин баары өз ниетиндегидей болду. Баласы Москвадан окуп, ошоякта иштеп калды. Кастюм-шым кийди, галстук байланды. Орус аялга үйлөндү. Атанын бар, же жок экени менен иши да болбой калды. Ырас бир жолу аялы, баласы менен келип кетти. Кеткенде да жөн кетпей, үйүнү сатып, атасын бирөөнүн үйүнө киргизе салды да, мен акча жөнөтүп турам ошону менен жашай бересиң деп кетти. Ошол бойдон кабарсыз. Өзү эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн. Анан какаганга муштаган болуп талма оруусуна кабылды. Эч ким жок жалгыз жүрүп бир күн өлүп каласың, андан көрө борборго барып карыялар үйүнө кирип ал, тынч жашайсың дешкенинен бул жакка келе берген. Эми минтип ордунан да жыла албай калып отурат.

- Уфф! Абышка оор үшкүрүп алды. Анын чылпактаган, жүлжүгүй, бирок али нуру өчө элек көздөрүнөн не баласына, не өзүнө, не тагдырына болгон тарыныч билинбеди. Болгону батыраак бирөө кире калып ордуна жаткызып койсо экен деген гана жалбаруу сезилип турду. Аңгыча тилегени кабыл болуп эшиктен тамагын көтөрүп багуучу аял кирип келди. Аны менен башында топусу бар, сакалчан бир адам кошо кирди. Аял эми тааныштырайын деп калды эле тиги андан озунуп:

- Ассаламу алайкум ата. Биз сиздерди зыярат кылганы келдик эле, эгер сизге зыян кылбасак бир аз сүйлөшүп отуралы – деп, анын жообун күтпөй эле бош турган керебетке көчүк басты. Абышка аялга кол жаңсап, жаткызып кой дегенсиди. Тиги сакалчан, аялдан мурда озунуп абышканы жайгаштырып жаткырды. Абышка эмне кааласаң айта бер дегенсип тигини карап калды. Ал кол баштыгынан ала келген жер-жемиштерди алып столчонун үстүнө койду да, бир кутуча сокту ачып, столдун үстүндөгү стаканга куюп абышканын колуна карматып өзү аны өйдө кылып сүйөп турду. Абышка бир эки уурттаган болду да кайра өзүнө берди да:
- Ырахмат, балам – деди, кирилдеп араң чыккан добушу менен.
- Ата, ооруган адамдарды, картайган адамдарды барып кабар алуу мусулмандардын милдети. Пайгамбарыбыз карыяларды сыйлабагандар менин үммөтүм эмес деген. Ошол үчүн сиздерге келдик. Бир аз жардамыбыз бар эле тыяакка тапшырдык. Сизди ордунан жыла албайт дегенинен атайын кирдим эле. Туугандарыңыз, балдарыңыз барбы? – деп сурады. Балам бар деп айтууга аталык намысы жол бербедиби же таштап кеткен баласын балам деп атагысы келбедиби, айтор:
- Ээ, балам, тууганым да, балам да жок. Балам болсо ушунда жатмак белем – деп койду акырын.
- Ата, мен сизге келген максатымды ачык айтайын. Мен атадан эрте калганмын. Атанын камкордугун, атанын тарбиясын көрбөдүм. Карысы бардын ырысы бар дейт ата, жүрүңүз сизди үйгө алып кетейин, мага ата болуп бериңиз, акыл –насаатыңызды айтып, үйгө башчы болуп бериңиз - деди абышканын колунан кармап. Абышкага буга чейин такыр жакпаган узун сакал менен узун чапан азыр эмнегедир көзүнө жакшы көрүндү. Абышканын жүрөгү элжиреп кетти. Жүлжүйгөн көздөрүнүн кычыгынан чыккан жаштары кулагын көздөй сызылды. Бул сакалчан адамдын оозунан чыккан ар бир жылуу сөз көөдөнүн жибитип, көңүлүн эргитип жатты. Тээ жүрөк түпкүрүндө, качандыр бир кезде катуу жаңылганын даана сезди. Калтыраган колу менен тигини өзүнө тартып маңдайынан өптү да:

- Атанын тарбиясын албаганың менен Алланын тарбиясын алыпсың балам. Менин берген тарбиям тарбия болбой жолдо калсын. Менин, берген акыл-насаатымдын кайрымжысы ушу. Ырахмат сага уулум, бирок, мен бул жерден эч жакка кетпейм. Менин кыйналганым жакшы. Колуң менен кылганыңды моюнуң менен тарт деген. Мен бу нерселерди көрүшүм керек эле, көрүп жатам – деди. Анын сөздөрүнүн маанисине жакшы түшүнбөй калган тиги:
173 views03:22
Ашу / Түсініктеме
2023-04-24 06:22:42 Жаңылган ата.

(Өтө таасирлүү ойлонтуп, ойгото турган окуя)

Жакын жердеги акыр-чикирден көтөрүлгөн жагымсыз жыттын киргенине да кайыл болуп, аңырайта ачып койгон терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп ысып кетти. Бөлмөдө эки кроват, экөөнүн ортосунда бир майда-чүйдө койгонго жараган столчо, бурчта кийим илгич, андан башка көзгө урунаарлык эч нерсе жок. Кроваттын биринде эки жамбашын жаздык менен сөйөтүп койгон абышка отурат. Ээгинде бир тал сакалы болбогон менен, кара-көк тартып бошошуп калган беттери, кабат-кабат бырыш баскан маңдайы, кеберсип жарылган эриндеринин арасынан көрүнүп турган тишсиз бүйлөсү, анын бир топ жашты жашап койгонун айтып турат.

Абышка ысып кетти окшойт, маңдайынан сызылып чыккан терин жеңи менен сүртүп койду. Көптөн бери отурганга жамбаштары талып, жаткысы келди. Бирок, өз алдынча жата албастыгын эстеп эшик тарапты үмүт кыла бир карап койду. Жанындагынын чыгып кеткенине бир топ болсо да али кире элек, телевизор көрүп атса керек кыязы. А тиги тамак ташыган эмеси саат бир болмоюнча кире койбойт. Бир жамбашындагы жаздыкты акырын жылдырып, ошол тарапка бир аз кыйшайып катуу онтоп алды да кайра тынчып калды. Баары бир жата алчуудай эмес. Кыймылсыз болуп калган буттары жерге көздөй тартып, жамбашы үзүлчүүдөй сыздап ооруп кетти. Айла жок, бирөө киргенге чейин баары бир күтүү керек.

Абышканын мындай абалга калганына эки айча болду. Ага чейин өз аягы менен басып, эшикке кирип чыгат эле. Анча-мынча кармап калчу талма оорусун эске албаганда карыялар үйүндөгү тыңдардын бири болчу. Анан кокус эле эки буту иштебей калды да, минтип жатса тура албай, турса жата албай, бирөөнүн колун карап калды.

Бул дүйнө учкан куш сыяктуу деп туура айтышат. Алыстан шуулдап учуп келе жаткан канаттуулар бир заматта үстүңдөн учуп өтөт да, бир аздан соң алардын караанын да таппай каласың. Кечээ эле жолдон өткөн машиналар менен жарышып чуркап жүргөн жаш балдар, бүгүн кер мурут жигит, эртең болсо бели бөкчөйгөн абышка. Өмүр дегениң бул эртең менен чыгып кечинде батып кеткен күн сыяктуу эле экен го чиркин. Кечээ бар элең, бүгүн жоксуң, бүгүн болсоң эртең жоксуң. Чындыгында бизге узундай сезилген өмүр өтө эле кыска тура. Балким, өмүр ошол кыскалыгы менен баалуудур. Өмүрдүн баасы баалангыс кымбат экенин баарыбыз билебиз. Бирок, ошол эч нерсеге баалангыс өмүрдү пайдасыз коротуп, кантип өткөрүп жибергенибизди билбейбиз. Аттиң, адамдардын баары өмүр жашоосун туура пайдаланса кана? Адамдардын баары жашоодогу максатын билсе кана? Кайдан келдик, кайда жүрөбүз, кайда барабыз? Эгер адамдардын баарынын башына ушул суроолор келип, ага жооп издешсе, балким жашоо жолу азыркыдан башкача болоор беле? Адамдын бактысыз болуусуна ким күнөөлүү? Адам өзүбү, же башкаларбы? Азыр эле жатууга алы келбей, эшиктен көзү өтүп бирөөнү күтүп жаткан абышка да, өзүнүн ушундай оор абалга туш болуусуна ким күнөөлү экенин билбей ойго батып отурду. Өзүбү, же багып чоңойтуп койгондон кийин карабай, аялын ээрчип кеткен жалгыз баласыбы? Чындыгында баласын аябай жакшы көрчү. Жалгыз бала деп өзү жебегенди жедирип, өзү кийбегенди кийдирип чоңойткон болчу. Апасы кайтыш болуп калгандан соң, өгөй эне балага катуу тийип коёт деп үйлөнбөй да койгон. Баласы да ар нерсеге шыктуу чыкты. Мектепти жакшы аяктады. Мектепти бүтөөр жылы өзүнчө намаз үйрөнөм деп мечитке бара калчу. Баса, ошонун айынан бир жолу баласына катуу тийгенин эстеди абышка. Мечиттен келген бала, атасына :

- Мектепти бүтүп, медресеге окууга кирсем кантет, ия ата – деп калбаспы. Ошондо үстүнө кайнак суу куюп жибергендей чочуган ата:
- Ия, эмне дейт мобу акылсыз! Сен эмне тиги Кашкабаштай молдо болоюн дейсиңби?
- Ой, бир айылга бир эле молдо жетет – деп кыйкырган.
- Мен эмне, Кашкабаштын молдочулугун талашайын деп атамбы – баласы да өз оюн бергиси келген эмес.
- Ой, жетишет көп сүйлөбө! Башыңа топу кийип, аялдардай болуп этегиңди тепкилеп, качан ким өлө калат экен, бара койсом деп ар кимдин өлүмүн тилеп жүрөсүңбү? Жоок балам, сен зыңкыйып кастюм-шым кийген, галстук байланган интелегентный адам болосуң – деген ошондо ата.
178 views03:22
Ашу / Түсініктеме