Get Mystery Box with random crypto!

КУПУЯ СЫРДЫН АЧКЫЧЫ - КУРАН.. Күнүңдү жашоодогу эң зарыл, | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

КУПУЯ СЫРДЫН АЧКЫЧЫ - КУРАН..

Күнүңдү жашоодогу эң зарыл, милдеттүү амал Куран окуу менен баштоону насаат кылам. Бирок, буга чейин окуп жүргөнүңдөн такыр башкача окууну сунуштайт элем. Жөн эле шатыратып кете бербей, ар бир сөздү, ар бир сүйлөмдү, ар бир аятты түшүнүп, түшүнбөсөң кайра кайталап, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын баамдап, эгер буйрук болсо, аны аткарып жатасыңбы; эгер тыюу болсо, андан четтегенсиңби; өткөн пайгамбарлардын өмүрү айалардан үлгү ала алдыңбы; мына ушул сыяктуу эрежелер менен аз болсо да, пайдасы тие тургандай оку. Минтип бир жолу окуганың, маанисине көңүл бурбай он жолу окуганыңдан алда канча пайдалуу.

Бул бир канча адам жасап көргөн тажрыйба. Куранды мына ушинтип окуган адам гана Алланын түбү жок кенине кол салат, терең ишеним, бекем ыйман, кызыгуу, бакыт, кубаныч, бейпилдик, эсепсиз сооп- сый жан дүйнөнүн тынчтыгы ошондо сезилет.

Сен ыйык, жалган аралашпаган, эки дүйнөнүн бактысын ачып бере турган пайдалуу китепти – Жаратуучунун сөзүн окуп жатасың, бул китеп ааламда бирөө эле, ал эми биз окуп жаткан миңдеген башка китептер жаратылган, алсыз пенделердин жазганы.

Алладан жардам тилеп, алгач “Фатиха” сүрөсүнөн башта. Жүрөгүң тазаланып, жан дүйнөң жайланып, анан жашоо менен жаратылыштын , дүйнө менен акыреттин сыры ачыла берет. Андайын колуңдан жетелеп, ийгиликтин жана жеңиштин жолуна салат. Кийин аны менен баарлашкан сайын, бакыттын даамын татасың.

Негизи, ар бир ийгилигиң, ар бир жеңишиң, ар бир кубанычың ушул китеп менен байланыштуу экенине ишен. Алла Таала бул китепти нур, туура жол жана шыпаа кылып түшүргөнүнө ишен. Фирдус бейишинин төрүнөн орун алганыңча, Куран сени жалгыз таштабайт.

Азыр башта, баракты ач, сага жакшылык, береке жана бактылуулук эшигинин ачылуусу менен куттуктайм! Мына ушул ирмемден баштап сен көйгөй, санаа, түйшүк башка да толгон - токой жан кейитчү көрүнүштөрдүн баарынан арыларыңа кепилдик берем.

Алланын берекесин үмүт кылып башта, бисмиллах!..

Автор: Аид ал Карнию

"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg