2023-01-30 14:28:34
Кыянаттык
Кыянаттыктын түрү огеле көп. Башчынын кол алдындагы иштегендерге кыянаты, достун кыянаты, шериктеш иштегендердин кыянаты, жубайлардын бири-бирине кыянаты, айтор, көп. Мунун ичинен жубайлардын кыянаттыгы, б.а. бири-биринин көзүнө чөп салып, ала жипти аттага ны, ойноштук, же зына тууралуу мурдараак азыноолак сөз болду. Дини да, адамгерчилиги да жок элдерде эрдин да, аялдын да бир канча ойношу, көңүлдөшү болуп, анысын экөө тең билип, бирок, эрди - катын зарылдыгы үчүн бири - бирин “түшүнүп” жаша деген “документтин” беришет. Кудай сактасын, мындайлар бизде да жок эмес. Бул ошол каапыр коомдордон алган биздин энчибиз. Эми мунк айтып отуруунун кажети жок, Аллах ар бир жанга ыйман, ынсап берсин.
Кыянаттыктын учурдагы эң жаманы жогорку кызматтагылардын кызматына кылган кыянаттыгы, жетекчилердин кызматчыларына кыянаттыгы, шериктештердин кыянаттыгы.
Кыянаттык адамдардын мамилесин бузат, ишенимди жоготот, достукка чек коёт, душмандык, жек көрүү, кек сактоо сезимдерин ойготот. Мусулманчылыкка да, адамгерчиликке да жатпаган бул жаман сапаттан кутулмайынча коомчулукта жакшы жагына өзгөрүү, өсүп - өнүгүү болбойт.
Чечим кандай болуш керек?
Чечим:
Аманатка кыянат кылуу адамдык сапат эмес экенин балдар - кыздардын дээрине куюп тарбия берүү керек. Ата - энелер көбү өздөрү баланы кичинесинен кыянатчы кылып тарбиялап алышат. Бала апасына сырын айтып, же бир кетирген катасын атасынан жашырып апасына аманат кылса, апасы ошол замат эле аны атасына жеткирет. Досумдун калемсабын сындырып алдым, ордуна алып берейин десе, жөн кой, эч нерсе болбойт дейбиз. Бала кыянаттыкты ушинтип өзүбүздөн үйрөнөт.
Кыянат кылуу эки жүздүү адамдардын иши экенин билип, анан сактануу зарыл. Эки жүздүүлөр кыяматта тозоктун эң чукур жеринде болорун эсибизден чыгарбайлы. Хадисте айтылат: “Ушул төрт сапат кимде болсо, ал анык эки жүздүү. Ал эми бул сапаттардын кээси гана болсо, анда эки жүздүүлүктүн белгиси болот: берилген аманатка кыянат кылат; сүйлөгөндө жалган сүйлөйт; берген убадасынын өтөөсүнө чыкпайт; талашып тартышканда чектен чыгат”.
Жуурканыңа жараша бутуңду сун. Өзүңдүн эркиңе, күчүңө, тажрыйбаңа жараша аманат ал, убада бер. Аткара албаган ишти убада кылба, аманат кылып моюнуңа да алба.
Кыянатчы адамдардан жаа бою алыс жүр. Сыныктан башканын баары жугуштуу.
Мечит, медресе, минбардын баарына акыреттеги акыбетин саймедиреп, элге кыянат кылуунун зыянын, дүйнө жана элдин жүрөгүн ойготуу керек. Болбосо, көпчүлүк кыянаттын эмне экенин да билбейт.
Өзгөгө эмнени берсең, өзүң да ошону аласың. Бүгүн сен бирөөгө кыянат кылсаң, эртең сага бирөө кыянат кылат. Ушуну эстен чыгарба.
“Аманатты ээсине тийгиз, сага кыянат кылганга сен кыянат кылба”. Пайгамбарыбыздын ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткар.
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"ЧЕЧИМ" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
279 viewsedited 11:28