Get Mystery Box with random crypto!

Атасыны көндүрө албастыгына көзү жеткен бала, эмне дээр экен д | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Атасыны көндүрө албастыгына көзү жеткен бала, эмне дээр экен дегенсип:
- Ата, жок дегенде сенин өзүңө жаназаны мен окусам жакшы эмеспи? – деп тийише сүйлөгөн. Ошондо баласынын сөзүнө чындап жини келип:
- Ой, атаңдын оозу… мага жаназа-маназа окубай-этбей эле кой. Тим эле тиги дүйнөгө барып келгенсип, жаназаңдын да, бейишиңдин да кереги жок. Тур ишиңди кыл, экинчи мечитти көздөй басканыңды көрсөм элеби, атаңды гана таанытып койбосом – деп үйдөн чыгарып жиберген. Кийин баары өз ниетиндегидей болду. Баласы Москвадан окуп, ошоякта иштеп калды. Кастюм-шым кийди, галстук байланды. Орус аялга үйлөндү. Атанын бар, же жок экени менен иши да болбой калды. Ырас бир жолу аялы, баласы менен келип кетти. Кеткенде да жөн кетпей, үйүнү сатып, атасын бирөөнүн үйүнө киргизе салды да, мен акча жөнөтүп турам ошону менен жашай бересиң деп кетти. Ошол бойдон кабарсыз. Өзү эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн. Анан какаганга муштаган болуп талма оруусуна кабылды. Эч ким жок жалгыз жүрүп бир күн өлүп каласың, андан көрө борборго барып карыялар үйүнө кирип ал, тынч жашайсың дешкенинен бул жакка келе берген. Эми минтип ордунан да жыла албай калып отурат.

- Уфф! Абышка оор үшкүрүп алды. Анын чылпактаган, жүлжүгүй, бирок али нуру өчө элек көздөрүнөн не баласына, не өзүнө, не тагдырына болгон тарыныч билинбеди. Болгону батыраак бирөө кире калып ордуна жаткызып койсо экен деген гана жалбаруу сезилип турду. Аңгыча тилегени кабыл болуп эшиктен тамагын көтөрүп багуучу аял кирип келди. Аны менен башында топусу бар, сакалчан бир адам кошо кирди. Аял эми тааныштырайын деп калды эле тиги андан озунуп:

- Ассаламу алайкум ата. Биз сиздерди зыярат кылганы келдик эле, эгер сизге зыян кылбасак бир аз сүйлөшүп отуралы – деп, анын жообун күтпөй эле бош турган керебетке көчүк басты. Абышка аялга кол жаңсап, жаткызып кой дегенсиди. Тиги сакалчан, аялдан мурда озунуп абышканы жайгаштырып жаткырды. Абышка эмне кааласаң айта бер дегенсип тигини карап калды. Ал кол баштыгынан ала келген жер-жемиштерди алып столчонун үстүнө койду да, бир кутуча сокту ачып, столдун үстүндөгү стаканга куюп абышканын колуна карматып өзү аны өйдө кылып сүйөп турду. Абышка бир эки уурттаган болду да кайра өзүнө берди да:
- Ырахмат, балам – деди, кирилдеп араң чыккан добушу менен.
- Ата, ооруган адамдарды, картайган адамдарды барып кабар алуу мусулмандардын милдети. Пайгамбарыбыз карыяларды сыйлабагандар менин үммөтүм эмес деген. Ошол үчүн сиздерге келдик. Бир аз жардамыбыз бар эле тыяакка тапшырдык. Сизди ордунан жыла албайт дегенинен атайын кирдим эле. Туугандарыңыз, балдарыңыз барбы? – деп сурады. Балам бар деп айтууга аталык намысы жол бербедиби же таштап кеткен баласын балам деп атагысы келбедиби, айтор:
- Ээ, балам, тууганым да, балам да жок. Балам болсо ушунда жатмак белем – деп койду акырын.
- Ата, мен сизге келген максатымды ачык айтайын. Мен атадан эрте калганмын. Атанын камкордугун, атанын тарбиясын көрбөдүм. Карысы бардын ырысы бар дейт ата, жүрүңүз сизди үйгө алып кетейин, мага ата болуп бериңиз, акыл –насаатыңызды айтып, үйгө башчы болуп бериңиз - деди абышканын колунан кармап. Абышкага буга чейин такыр жакпаган узун сакал менен узун чапан азыр эмнегедир көзүнө жакшы көрүндү. Абышканын жүрөгү элжиреп кетти. Жүлжүйгөн көздөрүнүн кычыгынан чыккан жаштары кулагын көздөй сызылды. Бул сакалчан адамдын оозунан чыккан ар бир жылуу сөз көөдөнүн жибитип, көңүлүн эргитип жатты. Тээ жүрөк түпкүрүндө, качандыр бир кезде катуу жаңылганын даана сезди. Калтыраган колу менен тигини өзүнө тартып маңдайынан өптү да:

- Атанын тарбиясын албаганың менен Алланын тарбиясын алыпсың балам. Менин берген тарбиям тарбия болбой жолдо калсын. Менин, берген акыл-насаатымдын кайрымжысы ушу. Ырахмат сага уулум, бирок, мен бул жерден эч жакка кетпейм. Менин кыйналганым жакшы. Колуң менен кылганыңды моюнуң менен тарт деген. Мен бу нерселерди көрүшүм керек эле, көрүп жатам – деди. Анын сөздөрүнүн маанисине жакшы түшүнбөй калган тиги: