2023-02-05 18:10:55
Кайненесин өлтүрүүнү көздөгөн келин
Чечен элинде: “Эненин жаман кызы болбойт, кайнененин жакшы келини болбойт” деген макалы бар. Ошол сыӊары бир келин менен кайнене такыр тил табыша албай койду. Кайненеге келиндин жасаганы жакпайт. Келинге кайненин мамилеси төп келбейт. Жек көрүү улам күчөп отуруп, акыры келинди шайтан азгыра баштады : "Кайненеңдин көзүн тазаласаң, анын каарынан кутуласың. Ансыз да анын ичер суусу, көрөр күнү аз калды". Келиндин чындап эле ниети бузулду . Бир күнү ал аксакал табыпка келип, андан адам өлтүрүүчү дары сатып алууну каалагандыгын айтат. Аксакал:
- Аны эмне кыласың, кызым, - деп сурайт. Келин, кайненеси менен болуп жаткан окуяны төкпөй-чачпай айтып, - Андан кутулуунун мындан башка айласы жок, - дейт. Аксакал ага макул болуп, кичинекей баштыкка салынган чөп дарыны алып чыгат да:
- Кызым, бул дарыны күн сайын кайненеңдин тамагына аз- аздан кошуп бергин. Бир канча убакыт өткөн соң бул дары таасирин тийгизип, кайненең каза болот жана сенден эч ким күмөн санабайт. Анан да ал сени байкап калбасын үчүн тамакты абдан даамдуу жаса жана кайненеңе жакшы мамиле жаса, - дейт. Келин сүйүнүп дарыны алат да үйүнө кетет. Ошол күндөн баштап кайненесине тамак жасаганда дарыдан бир аз кошуп коёт. Кайненеси күмөн санап калбасын - деп тамакты абдан даамдуу жасайт. Кайнене эмне десе, ошого макул болуп жакшы мамиле кылууга өтөт. Күн өткөн сайын келининин мүнөзү өзгөрүп, тамакты да даамдуу жасап калганына ичи жылыган кайнене ага жакшы сөздөрүн айтып, каарын төкпөй калат. Дагы бир аз убакыт өткөн соң кайнене келинин өз кызындай жакшы көрүп, эркелетип бапестей баштайт. Кайнененин мындай мамилесине ичи жылыган келин кылган кылыгына өкүнүп түнү менен ыйлап чыгат. Кайненесин өлүмдөн кантип алып калуунун жолун издейт. Акыры баягы табыпка кайра келет.
- Эмне болду кызым, сага дагы кандай дары керек? – дейт абышка.
- Ата, мен туура эмес иш кылыпмын, кайненем мага өтө жакшы мамиле кылып жатат, анын жанын сактап кала турган дары бериңиз, - дейт келин шашкалактап. Көптү көргөн дарыгер мыйыгынан жылмаят:
- Кызым, кайненеңдин өмүрүн эле эмес, экөөңөрдүн мамилеңерди да сактап кала турган дарыны өткөндө эле бербедимби...
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"Аял сен асылсың" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
244 views15:10