2023-01-25 18:12:05
Арамга түрткөн байланыштар
⠀
Эркек өзүнүн аялынан башка аялдар менен байланышпасын. Аял да өзүнүн күйөөсүнөн башка эркек менен байланышпасын. Бул Исламдын эле мыйзамы эмес, үй-бүлө бактысын биринчи орунга койгон акыл-эстүү адамдардын мыйзамы. Бул темада биз азыр батышты жамандаганга бетибиз чыдабайт. Анткени, өзүбүз алардан ашсак аштык, асти кем эмеспиз. Соц тармактардагы бири-бирине жат эркектер менен аялдардын жайбаракат баарлашуусу, видео, сүрөттөрүн чыгаруусу өөн деле болбой калды. Коллегам деп коюн-колтук алышып, аяшым деп чопулдатып өбүшүп, классташым деп кучакташып бийлеп, досум деп тамашалашып, айтор, аралашып эле жатып калдык.
⠀
Анан жаңылыктарды окуп отурабыз: Түп районунда аялын атка сүйрөтүп өлтүргөн адам кармалды. Ал аялын өзүнүн досу менен кармап алып, кызганычтан улам ушул ишке барганын моюнуна алды. Өзгөндө күйөөсүнө бычак сайган аялдын соту болду. Ал күйөөсүн бирге иштеген келин менен жүргөнүн билип калып ушундай кылган.
⠀
“Бөтөн эркектер бөтөн аялдарды, бөтөн аялдар бөтөн эркектерди карабасын” деген Аллахтын мыйзамын тебелеп жашаган коомдо мындайдан бшка жаңылык болушу мүмкүн эмес. Бөтөн эркек менен бөтөн аялдын байланышы, мамилеси, аралашуусу, кимдир-бирөөнүн өлүмүнө, кимдир бирөөнүн жесир болуусуна, кимдир-бирөөнүн жетим калуусуна жол ачып берди. Ашмалтайы чыккан аралаш жашоо ашмалтайы чыккан бактысыз жашоого туш кылды.
⠀
Ойлонуп, чечим чыгара турган кез келе элекпи?
⠀
Чечим:
⠀
Аллах көздүн кыянатын да билет деп айтылат Куранда. Эч кимге билгизбей, өзүң башка жакты карап отурган киши болуп, көзүңдүн кыйыгы менен уурданып караганыңды, же капкара көз айнек тагынып алып билдирбей көз таштаганыңды Аллах көрүп турат, эртең ошол үчүн жооп бересиң. Ушуга да жооп берсең, анда башкасын өзүң ойлонуп көр...
⠀
“Адамдардан жашырасыңар, Аллахтан жашырбайсыңар, Аллах силер менен бирге го?!” Бирөө укса сөз болот, бирөө көрсө ушак тарайт, камера жок бекен... Адамдардан уялып, аялыңдан же күйөөңдөн коркуп титирейсиң... Жаныңда карап турган Аллахтан уялбайсың, азап-тозоктон коркпойсуң...
⠀
Акыр-аягы зынага, ойноштукка алып бара турган майда-чүйдөнүн баарынан сактануу зарыл. Оюңда эч нерсе жок бирөөнүн сүрөтүнө “лайк” басасың, эмне болмок эле деп бирөөгө пикир жазасың, бирөөгө жылмаясың, бирөөгө күлөсүң... Анан эле бир күн башыңды ташка уруп отурасың... Аллах Таала: “Зынага жакындабагыла...” деп бекер айткан эмес. “Зына кылбагыла” деген менен “Зынага жакындабагыла” дегендин айырмасы асман менен жердей. Жакындаба дегени, эртедир-кечтир зынага алып бара турган, сен аны байкабаган майда иштерден сактан деген эскертүү
⠀
Сүйүүнү, ашыктыкты, ойнош болууну даңазалаган бузуку сериал, кинолорду көрүүнүн кажети жок. Көргөнүн иш жүзүндө кылып көрүү адамдын табиятында бар. Сериалдагы жашоо көркөмдөлгөн, кооздолгон, ойдон чыгарылган жашоо. Андан көргөнүн чыныгы жашоодо кыламын деген адам адашат.
⠀
Интернет деген балээни чеги менен, жолу менен иштеткенди үйрөнүшүбүз керек. Заман талабы экен деп эле канча соц тармак болсо баарына башын тыгып, кереги болсоболбосо колдоно бергенге болбойт. Бузукулуктун башаты, зынаага, никсиз ойноштукка ачылган эшик, дал ушул интернет тармагы.
⠀
Мусулман эркектер мусулманчылыгын ойготуп, аялдарына, кыздарына көз салып, арамга алып барчу иштерден этиятташы керек. Аялын эркектердин арасында иштетип коюп, телевизор көрүп чалкалап жаткандар ойлонгула. Турмуш тиригилик өтөт, бирок акыреттин түбөлүк жашоосу бар, аны да ойлогула. “Кызганбаган эркек бейишке кирбейт”. Жада калса, аялыңарды таксиге жалгыз салбагыла. “Бөтөн эркек менен бөтөн аял жалгыз калса, үчүнчүсү шайтан болот”.
⠀
Ашыктык шайтандын оту. Күйөөсү бар туруп башка эркекке ашык болгон аялдар шайтандын оту менен ойноп жатканын билсин. Мындан кутулуунун жолун издесин. Ашык болгон адамынын жаман жактарын карасын, андан алыстасын, номерин өчүрсүн, жазышпасын, сүйлөшпөсүн, ал тууралуу укпасын. Күйөөсүнө, балдарына жакындасын, ошолор менен алек болсун.
399 views15:12