Get Mystery Box with random crypto!

"МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Telegram арнасының логотипі muslim1429 — "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ" М
Telegram арнасының логотипі muslim1429 — "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"
Арна мекенжайы: @muslim1429
Санаттар: Дін
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 1.23K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

0


Соңғы хабарлар 34

2022-08-20 10:00:30 * 6-сабак. Шарият талабындай жин чыгарган адам менен көзү ачык, бүбү-бакшылардын айырмасын билесизби?*

Көпчүлүк адамдар болор-болбос оорусуна шыпаа издеп ар кимге бара берет да оорусун күчөтүп алат. Мисалы, билимсиз дарыгерлер, эптеп акча табуу үчүн элди алдаган табыптар, ж.б.у.с. жөпжөнөкөй ооруга туура эмес диагноз коюп, туура эмес дары берип, башка органдарын да талкалап, акыры рак сыяктуу ооруларга дуушар кылып өлтүрүп тынган учурлар жүздөп, миңдеп саналат. Өлүмдүн алтымыш пайызына дарыгердин катасы себеп болорун медиктер өздөрү айтып жүрүшөт. Ушул сыяктуу эле жин ооруларынын көбөйүүсүнө да адамдардын жин окуган “молдолорду” туура эмес тандаганы себеп болот. Баланча жин чыгарат экен, түкөнчө жакшы дем салат экен деген имиш-имишке ишенип ар кимге шыпаа издеп бара берүү бизде адат болуп калган. Чынында карапайым калк чыныгы шарият талабы менен жин чыгарган молдо менен жинди жиндердин жардамы менен чыгараган көзү ачыкты, же жөн эле “күфф-сүфф” деп, элди алдап акча алган жалганчыны айырмалай албайт. Кимге эл көбүрөөк барса ошого бара берет. Ушуну эске алып бул сабакта булардын ортосундагы кээ бир айырмачылыктарга токтолууну эп көрдүм.

* Шарият талабындай дем салып жин чыгарган адам:*

1. Келген адамдын атын, атасынын атын сурабайт;

2. Дем салганда жалаң Куран аяттарын жана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйрөткөн дубаларды гана окуйт;

3. Аял киши менен бир бөлмөдө жалгыз калбайт. Аялдын күйөөсүн же туугандарын жанына отургузат;

4. Аял кишинин денесине колун тийгизбейт. Эгер башын кармап дем салыш керек болсо, жоолугунун үстүнөн, же материалды жаап анан колун башына тийгизип окуйт;

5. Дем салдырган адамга эчкачан так диагноз койбойт. Мисалы, сени баланча деген бирөө сыйкырлаган, сага түкүнчө деген бирөө ысытмаже суутма кылган, сага көз тийген ж.б.у.с. айтпайт. Айтса да, ушундай болушу мүмкүн деп болжолдуу айтат;

6. Жин кирген адамдын ичиндеги жин менен сүйлөшкөндө сөзсүз аны динге чакырат, динге киргизүүгө аракет кылат;

7. Эгер жин мусулман болсо, аны аят, хадистерди айтып, жакшы сөздөр менен чыгарат;

8. Жин чыгарылган адамды мынча убактан кийин кайра келиңиз дебейт;

9. Окуп дем салган учурда адамды камчы, бычак ж.б. менен урбайт. Кээ бирлери ручка, сызгыч сыяктуу нерселер менен акырын чаап, же сайгылап окушу мүмкүн;

10. Эч качан тумар чийип бербейт, же дагы ушул сыяктуу, эзип ичесиң, күйгүзүп жыттайсың, дарактын түбүнө көмөсүң деп бир нерселерди жазып бербейт;

11. Өзүңө дем сал, эртең менен жана кечинде окулчу зикир-дубаларды такай айтып жүр деп насаат айтат;

12. Окуп дем салганы үчүн белгилүү бир өлчөмдө акча же кой, эчки сурабайт. Канча берсе ошого ыраазы болуп ала берет. Кээ бирлери гана белгилүү өлчөмдө (ставка) акча сурашы мүмкүн.

* Шариятка каршы жин чыгаргандар, же көзү ачыктар:*

1. Дароо эле атыңды, атаңдын, апаңдын атын жана жашыңды сурайт;

2. Так диагноз койот; сага көз тийген, кирине кирген, баланча сыйкырлаган, түкөнчө суутма кылган, бирөө баш айландырма кылган, дагы бирөө бактыңды байлаткан ж.б.у.с. сөздөрдү айтат;

3. Бир кара кой, эки ак эчки, үч сары тоок, же дагы бир ушул сыяктуу өң-түскө, санга байланыштуу нерселерди алып кел деп айтышат;

4. Куран аяттарын, айрыкча жинге окулчу аяттарды окубайт. Түшүнүксүз, кыскартылган сөздөрдү айтат. Жинди жиндин жардамы менен чыгарат;

5. Окуй турган күндү белгилүү бир убакка байлайт. Мисалы, бейшемби күнү кечинде, жума күнү түндө кел деп, ж.б.

6. Аял киши менен жалгыз кала берет жана аялдын денесин кармай берет;

7. Камчы менен чапкылап, бычак менен сайгылап, кыйкырып, жерди чапкылап окуйт;

8. Кечинде шам жандырып жат, башыңа суу, туз, кум шекер коюп жат деген сыяктуу сөздөрдү айтат, жаздыгыңдын астына коюп жат деп бир нерсени жазып берет;

9. Кимдир бирөөнүн сүрөтүн алып кел, баскан изинен топурагын алып кел, эски кийиминен кесип кел деген сыяктуу сөздөрдү айтат;
177 views07:00
Ашу / Түсініктеме
2022-08-19 17:11:12
Ыйманда канча парз бар?
Anonymous Quiz
29%
6
4%
8
30%
7
37%
5
134 voters250 views14:11
Ашу / Түсініктеме
2022-08-19 07:47:02
279 views04:47
Ашу / Түсініктеме
2022-08-19 07:45:59 Аллах Таала сизге ырайым кылуусун каалайсызбы?

Анда пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтыңыз!

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун): «Мага жума күнү көбүрөөк салават айткыла, жума күн берекелүү күн, силердин айткан салаватыңарды периштелер мага жеткирет” – деди.
Мен: “О, Аллахтын элчиси, Сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин да салам-салаватыбыз жетеби?” – деп сурадым. “Ооба, Аллах Таала пайгамбарлардын сөөгүн жегенди топуракка арам кылган» - деди ал.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким мага бир салават айтса, Аллах Таала ага он салават айтат". Б.а. ырайым кылат ( Муслим).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салават айткан адамдын он күнөөсү кечирилет, даражасы он барабар көтөрүлөт. Кыямат күнү ал мага баарынан жакын болот" ( Тирмизи).

Салават айткандар пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) зыярат кылган болуп эсептелет. Өлүм алдында жандын чыгуусу жеңил болот.

Салават айткандарды пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) шапаат кылып колдойт.

Салават айткандар пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына дубалары кабыл болуп, муктаждыгы чечилип, бактысыздыктан алыс болот.

Жума маарек болсун! Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына улуу күндө Жараткандан эмне сурап, эмне тилек кылган болсок, бардык дубаларыбызды кабыл кылсын!

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
278 views04:45
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 17:47:50
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/muslim1429
300 viewsedited  14:47
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 08:12:29
Жиндердин жамандыгынан коргонуу үчүн окулуучу эки сүрө?
Anonymous Quiz
30%
Фатиха жана Бакара
55%
Наас жана Фалак
9%
Ыклас жана Наас
6%
Фалак жана Бакара
174 voters318 views05:12
Ашу / Түсініктеме
2022-08-17 11:23:23 Аллахым, Өзүңө гана муктажмын!

«Оо, Аллахым! Абу Бакрдын (ага Аллах ыраазы болсун) ыйманындай ыйман бергин, шек-күмөнсүз, Сага ишеним менен, үзүлбөгөн үмүт байлап, Сага гана таянып, Сенден гана жардам сурап, Сенден гана жакшылыктарды күтүп, түбөлүк бактылуулуктун жолуна сапар алайын!»

«Оо, Аллахым! Умардын (ага Аллах ыраазы болсун) Сенден корккондой коркуу сезимин бер, ар бир кадамымда, ар бир ойлогон иш максаттарымда, Сени ойлоп, жүрөгүмдү Сага болгон махабатка бөлөйүн!
«Акты ак, караны кара, арамды арам, адалды адал » - деп адилеттүү чечим чыгарган, акыйкат менен чындыктын артынан чуркагандардан болойун».

«Оо, Аллахым! Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) адеп -ахалагындай адеп, периштелер уялгандай уяттуулук, жумшак мүнөзүнөн, жөнөкөйлүгүнөн бергин, башкаларды жакшылыкка чакырып, сүйлөгөн сөзүмө амалым, парз деп кийген кийимиме адебим дал келсин. Мусулман деген атым, затым менен сыймыктана турган болойун, Аллах алдында жүзүм жарык, жүрөгүм таза болойун! »

«Оо, Аллахым! Алинин (ага Аллах ыраазы болсун) тайманбастыгынан, даанышмандыгынан, Пайгамбарыма болгон таптаза сүйүүсүнөн бергин, кандай кырдаал болбосун жашоомдо диним менен жашап, кандай бут тоосуулар, сыноолор болбосун Сага гана таянып, тообекел кылып жашайын! Мени жашоо-турмушум, жүрүш-турушум жана сөздөрүм аркылуу Сени жана Исламды эң жакшы түшүндүргөн адамдардан кылгын! »

«Оо, Аллахым! Ибин Масуддун ( ага Аллах ыраазы болсун) илиминдей илим бергин, алган илимиме амал кылып, окуган, үйрөнгөн кураным жүрөгүмдө түбөлүк жат болуп тозок отунан алыс болуума себеп болсун. Сага жана Пайгамбарыма үй-бүлөм менен толук моюн сунуучулардын катарына кошкун! Алган илимимди жөнөкөйлүк менен көгөртүп, Пайгамбарыбыздын көрсөткөн жолун жолдоп, улуу аалым, устаздарыбыздын артында жүрүп өтүүнү насип кылгын!»

“Оо, улуу Раббым, бизди сүйүктүү кулдарыңдан кыл. Иштерибизди жеңилдет. Турмушубузду жакшырт. Бизди аркасынан жакшылыктары жана жакшы сапаттары эскерилгендерден кыл. Өзүңө жакпаган бардык нерсени бизден оолак кыл. Биз Сага гана муктажбыз, Аллахым! Омиийн!

Насиба Абдуллаева.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
383 views08:23
Ашу / Түсініктеме
2022-08-17 11:22:15
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/muslim1429
346 viewsedited  08:22
Ашу / Түсініктеме
2022-08-17 06:27:15
УСТАЗДЫН АКЫСЫЗ КУРАН САБАКТАРЫ
368 views03:27
Ашу / Түсініктеме
2022-08-16 15:04:04
Кайсы сүрө Курандын жарымына тете деп айтылган?
Anonymous Quiz
42%
"Ясин" сүрөсү
6%
"Зилзала" сүрөсү
3%
"Нур" сүрөсү
49%
"Ихлас" сүрөсү
207 voters387 views12:04
Ашу / Түсініктеме