Get Mystery Box with random crypto!

Күйөөм жоолугума каршы.. ⠀ Кийинки күндөрү мага аял кишилерден | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Күйөөм жоолугума каршы..

Кийинки күндөрү мага аял кишилерден, күйөөсү алардын жоолук салынганына, намаз окуганына каршы болуп жатканын айтып, эмне кылалы деген суроолор көп келчү болду. Мен келген суроолорго жооп берчү эмесмин. Бирок ушул суроого жооп бергим келди, тагыраагы, жооп берүүгө аргасыз болдум. Буга акыркы жолу үн жаздырып жиберген эжебиздин ый аралаш айткан суроосу, же арманы себеп болду. Жообум узунураак болот, чыдап окуп койгула:

Намаз, жоолук Жаратуучунун буйругу. Ага эч ким каршы чыгууга болбойт. Ошол эле учурда күйөөнүн тилин угуу, аны ыраазы кылуу да Аллахтын буйругу. Эмне үчүн эркек киши аялынын жоолук салынуусуна же намаз окуусуна каршы чыгат. Мунун биринчи себеби аялдардын өзүнө тиешелүү. Жоолукту, намазды, орозону шылтоо кылып көп аялдар күйөөлөрүн иренжитип коюда. Жоолук салынып, намаз окуй баштаган аял күйөөсүнө мурдагыдан жакшыраак мамиле кылуусу керек. Мурадыгдан көбүрөөк жардам берип, мурдагыдан көбүрөөк ага жакканга аракет кылуусу керек. Ибадаттын түпкү мааниси да ушунда. Ошол учурда күйөөсү ага ыраазы болот, ага каршы чыга албайт, өзү да намазга кызыга баштайт. Тилеке каршы, аялдардын көбү намаз окуп, жоолук салына баштагандан кийин күйөөсүнө жакпаган иштерди көбөйтөт. Күйөөсү дайындаган  ишти аткарбайт. Күйөөсү чарчап келсе, үйү чачык, тамагы бышкан эмес. Себебин сураса, намазын, же орозосун шылтоо кылат. Күйөөсүнөн уруксатсыз басып кетет. Себебин сураса, таалимге бардым, аялдардын сабагына катыштым, намаз үйрөндүм ж.б. шылтоолорду айтат. Кээ бирлери түнү менен Куран окуп, зикир чалып, намаз окуп, анан эртеси түшкө чейин уктап калат. Ушунун баары эркекке жакпайт жана ал анын жоолук салынуусуна да, намаз окуусуна да каршы болот. Ошондуктан аял киши дин маселесинде өтө этият болуусу керек. Кайсы бир ибадатка берилип күйөөсүн нааразы кылбашы керек. Аял Аллахтын да, күйөөнүн да ыраазылыгын бирдей табууга аракет кылуусу керек. Бул айтылгандар менин эже-карындаштарыма насаат. ..

Ал эми эркектерге айтарым, Аллахтан коркула! Аялыңардын дин менен жашоосуна тоскоол болбогула! Аялы таштап кеткендер бар. Аялы башка эркектер менен жүрүп кеткендер бар. Аялы ичимдикке берилип кеткендер бар. Аялы ууру, алдамчы, сүткор болуп кеткендер бар. Аллахтын дини менен түз жашаймын деген аялыңарга каршы болуп, силер да бир күн жогоруда айтылган аялдардын күйөөлөрүнүн кейпин кийип калбагыла! Аялыңарга жакшы мамиле кылгыла. Алар динге жаңы кирип жатканда аларга жардам берип, анча-мынча кемчиликтерин көтөрө билгиле. Силердин балдарыңар силерге караганда аялыңардан көбүрөөк тарбия алат. Ушуну эсиңерден чыгарбагыла!

Урматым менен Алайчы Сеитбеков.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg