Get Mystery Box with random crypto!

- Жок ата, сизди алып кетпесем болбойт. Мында кыйналып каласыз | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

- Жок ата, сизди алып кетпесем болбойт. Мында кыйналып каласыз – деп сөзүн кайра баштады эле, абышка акырын колун көтөрүп аны токтотту да:
- Убара болбо уулум. Мен бул дүйнөдөн баласыз өтүп кетем го деп ойлодум эле, эми мына балалуу да болдум. Менде эч кандай арман жок эми, болгону менин сенден бир гана суранычым бар, ошол суранычымды аткарууга убада бер – деди калтаарыган үнү менен.
- Кандай өтүнүчүңүз болсо да аткарам ата, тартынбай айта бериңиз.
- Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес. Бүгүн эртең мен да көз жумам, сенден суранарым ушул, мен жаназасыз көмүлүп калбайын. Жаназа окуп, ак кепиндеп өзүң жашыр – деп андан аркы сөзүн айта албай бышактап жиберди.
- Коюңузчу ата өлүмдүн кечи жакшы, ага шашылбаңыз – деп сооротмокчу болду эле, абышка кайра анын колун кармап:
- Жок, уулум, мага убада бер, жаназсыз кетип калбайын – деди жалооруп.
- Макул ата, убада берем – деп күлүмсүрөгөн болду да – ата, Лаа илаха илла-Лооху Мухаммадар-расуулул-Лох деп көбүрөөк айтыңыз, бул келменин пайдасы көп – деп ордунан турду да: - балким мени менен кетерсиз – деди акыркы үмүтү менен. Абышка алсыз калтыраган колдору менен көз жашын сүрткөн болду:
- Ырахмат уулум, убара болбо. Убадаңды унутпа, – деп дагы бир нерсени айтууга аракеттенгенсиди, бирок анын эки эрини гана бир аз кыймылдап оозунан чыккан үн эч кимге угулган жок. Абышканын жүлжүгүй көздөрү же ачык экени же жабык экени билинбей тынчып жатып калды. Бир аз убыкытка жымжырттыкка бөлөнө түшкөн бөлмө ичинде, атага зар болгон бала менен, балага зар болгон атанын биринчи жана акыркы сүйлөшүүсү андан ары уланбады. Жакын жердеги акыр-чикирдин сасык жытынын киргенине да кайыл болуп аңырайта ачып коюшкан терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп турду.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg