Get Mystery Box with random crypto!

* Чымчыкка алданган аңчы..* (Кайра - кайра окуп, бир күлүп, б | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

* Чымчыкка алданган аңчы..*

(Кайра - кайра окуп, бир күлүп, бир ойлонуп, чымчыктын чыркырата, чызылдата айткан сөздөрү акылы бар адамдын башына жетпегенин карап, Жараткандын жаратылган кайсы эле макулугу болбосун сабак алып жашаса болот туура. Анда окуяга өзүңүз күбө болуңуз ... )

Аңчынын тузагына бир чымчык түшүп калыптыр. Аңчы аны эми кармайын дегенде, чымчыкка тил бүтүп адамча сүйлөп жиберет. Ал аңчыга карап:

- Эй, адам баласы! Сен ушул жашка жеткиче канча кой, канча уйдун этин жедиң. Ага тойбодуң. Эми муштумдай болгон менин этиме тоймок ак белең? Андан көрө мени коё берип жибер, мен сага пайдасы тие турган үч ишти айтамын, - дейт.

- Макул, - дейт аңчы бир аз ойлонгондон кийин.

- Бирок, сен мага убада бер, биринчи ишти айткандан кийин мени коё бересиң. Экинчи ишти сага даракка конгонумдан кийин гана айтам, - дейт чымчык.

- Макул, - деп аңчы ага да кайыл болот.

- Болбой турган ишти ким айтса да, ага ишенбегин, - дейт чымчык биринчи сөзүн айтып. Аңчы сөзүнө туруп чымчыкты коё берет. Чымчык дарактын өйдөңкү бутагына барып конуп:

- Өткөн ишке эч качан өкүнбө. Колуңда турган мүмкүнчүлүктү чыгарып жибергениң үчүн да капаланба. Убактыңдын баасын билип, аны текке коротпо, - дейт. Анан:

- Эй аңчы! Менин ашказанымда салмагы он дирхемге тең келген маржан таш бар эле. Сен аны алганыңда сага эле эмес, урук-тукумуңа бүт жетмек. Мен аны деңиздин түбүнөн алып чыкканмын. Ага окшош байлыкты сен жер бетинен көрбөйсүң, - деп кошумчалайт. Аңчы колунда турган олжону чыгарып жибергенине өкүнүп санын чапкылап:

– Аттиң, – дейт, - кайдагы бир чымчыкка алданып байлыктан куру калдымбы?! Аңчынын кайгырганына таңданган чымчык:

- Эй, эмне мынча өкүнөсүң? Мен сага өткөн ишке өкүнбө, кетирген мүмкүнчүлүгүңө капаланба дебедим беле? Жана да, болбогон ишти ким айтса да ишенбе деп айттым. Деги сен кандай адамсың, менин салмагым эки дирхемге да тең келбесе, анан менин ичиме он дирхемге тең келчү маржан кайдан батмак эле? Чымчыктын тамаша кылып жатканына эми көзү жеткен аңчынын жаны жай ала түштү да, чымчыкка кайрылды:

- Мейли, эми үчүнчү ишти айт. Чымчык дагы бир бутакка көтөрүлүп конду да:

- Эй, береке тапкыр! Менин эки сөзүмө амал кылбадың, үчүнчүсүн угуп эмне кыласың, менин убактым аз - деп, чырылдаган бойдон учуп кетти. Аңчы эмне дээрин билбей, тузагын кармаган абалында катып, ордунда калды.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg