2022-08-12 11:53:58
4-сабак. Балээнин баары көз тийүүдөн башталат.
⠀
Бисмиллахир-Рохманир-Рохим.
⠀
Наристелерге да жиндер тийишеби деген суроого аалымдардын ортосунда кайчы пикирлер бар. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Бардык балдар төрөлгөндө шайтан тийишет...” – деген хадисин далил кылган аалымдар наристе балдарга да жин-шайтан тийишет деген пикирин айтышкан. Кээ бир аалымдар наристе балдар балакат жаш курагына жетмейинче жин-шайтан тийишпейт, анткени аларды коргогон периштелер бар деп айтканы менен ачык далилдери жок. Жаш балдарга жин-шайтандын тийишери чындык, бирок алардын таасири чоң кишилер сыяктуу болбойт. Ошентсе да, жиндер баланын ден-соолугуна олуттуу зыянын тийгизет. Элибизде жаш балдарга карата көз тийди, сук болду, кирине кирди, жүрөгү түштү, ж.б. “диагноздор” бар. Ушулардын көбү жиндерге байланыштуу.
⠀
Булар жаш балдардан кантип байкалат?
⠀
1. Бала түшүнөн чочуп ыйлап ойгонот;
⠀
2. Эч себепсиз эле ыйлай берет;
⠀
3. Кусат, ичи өтөт;
⠀
4. Тамак жебейт;
⠀
5. Көздөрү китирейет;
⠀
6. Эттенбейт;
⠀
7. Башындагы эмгеги чукурайып калат ж.б.
⠀
Булардан баланы сактоо үчүн эмне кылуу керек?
⠀
1. Жаш баланы өтө кооз кийинтүүнүн кереги жок;
⠀
2. Жаш баланы мүмкүн болушунча элдин көзүнөн оолак кармоо керек;
⠀
3. Баланын сүрөтүн, видеосун соц тармактарга чыгара бербөө керек;
⠀
4. Бала жаткан бөлмөдө Куран окуп, же бирөө окуган Куранды угузуп туруу керек;
⠀
5. Бала жаткан бөлмөдө адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөтү жана сувенир айкелдери болбош керек;
⠀
6. Бала ойгоо кезинде да, уктап жатканда да жалгыз калтырбоо керек;
⠀
7. Жаш балага суктанып карабоо керек, көзгө жакшы көрүнсө “Маа шаа Аллах” деп коюу жетиштүү;
⠀
8. Жогоруда айтылган белгилер билинсе, балага Куран аяттарын окуп дем салуу керек.
⠀
Баланы көз тийүүдөн сактоо үчүн жасалган туура эмес иштер:
⠀
1. Баланы көз тийүүдөн сактайт деп көз мончок тагууга болбойт;
⠀
2. Ар түрдүү түшүнүксүз нерселер жазылган тумарларды тагууга болбойт. “Фатиха” сүрөсүн жазып такса болот деген кээ бир аалымдардын пикири бар;
⠀
3. Баланы бычак, камчы ж.б.у.с. нерселер менен кирнелегенге болбойт. Куран аяттарын окуп дем салып кирнелесе болот;
⠀
4. Бешигине жан-жаныбарлардын сөөк-саагын тагууга болбойт.
⠀
5. Баланын бетине же маңдайына көө сүрткөндө, ушул көз тийүүдөн сактайт деген ишеним болбош керек. Караган адамдын көңүлү балага эмес, көөгө бурулсун үчүн сүртүп койсо эч нерсе эмес.
⠀
6. Көзү тийди деп күмөн санаган адамдын баскан изинен топурак алуу, кийиминин этегинен кесип калуу ж.б. ырымдарды кылуунун кереги жок.
⠀
7. Чочуп кеткен баланы апаптап, муздак суу уурттатып же бетине чачып койсо болот.
⠀
Автор: Алайчы Сеитбеков.
⠀
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
⠀
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
⠀
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
⠀
Айымдар учун
⠀
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
⠀
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
⠀
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
960 views08:53