2023-04-03 15:09:35
Ата-эне үйдө кайгырып отурган. Кызынын көрүүсүнөн алардын эң акыркы үмүтү бүгүн үзүлгөн болчу. Германияга жиберилген суроо катка, айыктырууга болбойт деген жооп келген эле. Ушунча байлыктын ээси болуп туруп колунан эч нерсе келбегенине жаны кашайып, бул оор кабарды кызына кантип айтуунун айласын таппай отурган ата-эне, кызы кирип келгенде эмне кылышаарын билбей бири-бирин карап катып калды. Кыз адаттагыдан башкача күлүмсүрөп:
- Папа жооп келиптирби? – деп сурады. Кыздын көптөн берки көтөрүлбөгөн көңүлүнүн куунак экенин көрүп ата-эне сүйүнүп кетти. Бирок, бир аздан кийин анын кубанычы кайрадан суу сепкендей өчүп калаарын ойлоп, замана тарыды.
- Эмне унчукпайсыңар, кандай жооп келди? – кыз такып сурады. Ата-эне жарга камалды. Үн чыгарбай, көз жашын көлдүп эне ыйлады. Же аялын соорото албай, же кызына жооп бере албай ата мүңкүрөдү. Акыры, кантсе да эркектик кайраты бар эмеспи атасы сөз баштады:
- Кызым, кудайдын буюругуна көнбөскө арга жок, азырынча коё тургула деп жооп келиптир.
- Азырынча коё тургула деппи же такыр болбойт бекен? – кыз кайра сурады. Кызын алдаганга атанын оозу барбады, акыры чынын айтууга аргасыз болду:
- Алар такыр болбойт дешиптир, бирок врачтар да ар нерсени айта беришет, Кудай буюруса, бир айласы табылып калаар. Атанын сөзүн энеси да коштоп:
- Кудай деп туралычы кызым, бир нерсеси болуп калаар, – деди үшкүрүп. Бул жооптор кыздын көңүлүн чөгөргөн жок, тескерисинче бетиндеги жылмайуусу көбөйүп, жүзү нурланып чыкты. Өмүрүндө Кудайды оозуна албаган ата-энесинин оозунан чыккан бул сөздөргө ичинен кымылдап сүйүндү. Байлык-бийлигине манчыркап Жараткан менен иши болбогон ата-энесинин алсыз гана бир пенде экендигин дагы бир жолу моюндарына алдыргысы келип:
- Папа, эмне сиздин ушунча байлыгыңыз да эч нерсеге жарабайт бекен? – деп сурап койду. Кызынын ички сырыны түшүнбөгөнү менен:
- Ээ, кызым, Кудайдын бекер бергенин пенде сатып да ала албайт турбайбы. Бүт дүйнөнү берсең да, табылбай турган нерселер болот тура. Кудай алганын Өзү эле кайра бербесе, мал-дүйнө дегениң эч нерсеге жарабайт экен - деп кыздын күткөн сөздү айтты атасы. Кыз ата-энесинин жанына келип, аларга эркелей:
Мен үчүн эми эч нерсеге убара болбой эле койгула, өзүмдүн да, силердин да Кудайды таанып, анын жолуна түшүп калуубузга себеп болгон көзүмдүн көр болуусуна чексиз ыраазымын. Болгону бүгүндөн баштап Кудайдын буйругун аткарып, ак, таза жашайбыз деп келишим кылалы. Бүгүндөн баштап мен сокур эмесмин, мен баарын көрүп турам – деди.
- Кудайдын кулубуз да, Кудайдын буюругун сөзсүз аткарабыз, – кызынын оор кайгыга алдырбастан, тагдырга моюн сунуп, көңүлүнүн көтөрүлүп калганына кубанган ата-эне жарыша сүйлөдү. Ата-энесине да, тагдырына да ыраазы болгон кыз сыртка чыгып таза абдан кере-кере дем алып алды, көптөн бери жытын искебей сагынып калган ак розасынын жыпар жыты мурдуна келип, көңүлү дагы көтөрүлө түштү. Жайнаган кызыл-тазыл гүлдөрдүн арсында өзгөчө нур чачыратып, «мага батыраак кел, мен да сени сагындым» деп чакырып жаткансыган бажырайган ак розаны көздөй ишенимдүү кадам таштап баратты кыз.
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
26 views12:09