2023-02-15 17:39:35
ВАСВАСА
Адамды эки анжы кылып, күмөн санатып, ар бир ишине шек жарата берген азгырыкты “васваса” дешет. Васваса дүйнө иштеринде да, дин иштеринде да болот. Жаманы дин иштериндегиси. Дүйнө иштериндеги васваса дүйнөлүк гана зыян алып келсе, дин иштериндеги васваса адамды күнөөкө кылып, кээде динден чыгарып коюусу да мүмкүн. Дүйнө ишинде, мисалы, кайсы бир ишти баштоого ниеттенип, даярданып, эми ишке киришерде анын натыйжасы жакшы болбой калат го деген күмөн жаралат да, иш токтоп калат. Мындай адамдар эч бир ишти баштай албайт, баштаса да иши ийгиликтүү болбойт. Анткени, ою эки анжы, өзүнө ишенбейт, ишинин ийгилигине ишенбейт.
Ал эми динде ибадатта шектенгендер көп. Эми эле даарат алып келип, кайра дааратка жөнөйт. Намаз окуп бүтүп эле, кайра окуй баштайт. Кийиминин тазалыгына шектенип улам алмаштырып жууп тазалай беришет. Акыйда, ишенимде, кабырдагы суракка, кабырдын азабына, өлгөндөн кийин тирилүүгө, ж.б. шектене бергендер бар. Аялы менен үй-бүлөлүк жашоодо экөөнүн никесине шектенип, ортодо талак түшүп калдыбы деп күмөнсүрөй бергендер бар, айтор, васвасанын түрү өтө көп. Васвасага кабылган адам кабатыр болуп, кайгырып, маанайы чөгүп, чүнчүп кетет. Васвасанын айынан өз жанын кыйгандар бар. Жашоодо ордун таба албагандардын көбүнүн себеби ушундан улам. Бирок, көпчүлүк муну өзү да байкабайт. Кыскасы, васвасанын көбү шайтандын иши, шайтандын азгырыгы. Шайтан адамга эч качан жакшылык каалабайт. Демек, васваса аркылуу адамды жок кылуу анын негизги иштеринен.
Мындан өзүбүздү кантип сактайбыз? Кандай чечимдерге барышыбыз керек?
Чечим:
Шек-күмөн жараткан ойдун баары шайтандын айла-амалы экенин бил. Шайтандын максаты сен кайгыртуу, тынчсыздандыруу, чүнчүтүү. Сен буга жол бербе, ишенимиңде бекем тур, алдыга жыл, аркта чегинбе, Аллахка тобокел кыл, эки анжы ойлорду айда. “Чынында ыймандууларды кайгыга батыруу шайтандын айласы. Аллахтын уруксатысыз аларга эч зыян болбойт. Аллахка ыймандуулар гана тобокел кылат”.
Кылган ишиңе күмөн санап, шектене баштасаң, дароо шайтандын васвасасынан коргоо сурап Аллахка кайрыл. “Аьузу биллахи минаш-шайтонир-рожиим” дегин. “Шайтандан сага азгырык болсо, Аллахтан жардам сура. Ал Угуучу, Билүүчү”.
Шайтандын васвасасына баш ийип, анын айтканын аткарганың сага чоң күнөө экенин бил. Анткени, муну менен шайтандын буйругун аткарып, анын ишине жардам берип жатасың. А васвасага жооп бербесең, күнөөкөр да болбойсуң, анын сенин даарат- намазыңа зыяны да тийбейт. Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жаман нерсени ойлоп, бирок аны айтпаса жана аткарбаса, ал үчүн Аллах Таала менин үммөтүмдү жазалабайт” – деген.
Диний илим алууга, шарит илимдери тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого аракет кылуу керек. Илим – нур. Илимиң аткан сайын, азгырык, васвасага моюн бербей каласың.
Убактыңды пайдалуу иш менен өткөр. Бекер отурба. Бекерчилик адамга ар кандай ой салат. Бекерчиликтен пикир бузулат, жүрөк караят, күнөө көбөйөт.
Эч качан көңүлүңдү чөктүрбө, кайгыга алдырба, кайгы адамды ичинен жеп түгөтөт. Каалабасаң да жылмай, күл, маанайыңды көтөр. Өзүңдү шайтанга жем кылба. “Чынында, такыбаларды шайтан азгырыгы кармаганда, дароо Аллахты эстеп (туура жолду) көрүшөт”.
Шайтандын васваса-азгыры күчтүү болсо, демек сен ыймандуусуң, шайтан ыймандууларга гана тийишет, ыймансыздар менен жумушу жок. Илгеркилерден бирөө айткандай: “Кулаган үйгө ууру кирмек беле”.
Намзыңды оку, зикир чал, ибадаттан зерикпе, түз жолуңдан тайба, такыба бол..., шайтан сени азгыра албайт. “Чынында шайтандын куулугу өтө алсыз”.
Чечкиндүү, тажрыйбалуу, жашоодо иши ийгиликтүү адамдар менен болууга аракет кыл. Алар сага да шык берет. Алсыз, чечкинсиз, өзүнө ишенбегендерге кошулба.
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"ЧЕЧИМ" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
13 views14:39