Get Mystery Box with random crypto!

Жаңылган ата. (Өтө таасирлүү ойлонтуп, ойгото турган окуя) | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Жаңылган ата.

(Өтө таасирлүү ойлонтуп, ойгото турган окуя)

Жакын жердеги акыр-чикирден көтөрүлгөн жагымсыз жыттын киргенине да кайыл болуп, аңырайта ачып койгон терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп ысып кетти. Бөлмөдө эки кроват, экөөнүн ортосунда бир майда-чүйдө койгонго жараган столчо, бурчта кийим илгич, андан башка көзгө урунаарлык эч нерсе жок. Кроваттын биринде эки жамбашын жаздык менен сөйөтүп койгон абышка отурат. Ээгинде бир тал сакалы болбогон менен, кара-көк тартып бошошуп калган беттери, кабат-кабат бырыш баскан маңдайы, кеберсип жарылган эриндеринин арасынан көрүнүп турган тишсиз бүйлөсү, анын бир топ жашты жашап койгонун айтып турат.

Абышка ысып кетти окшойт, маңдайынан сызылып чыккан терин жеңи менен сүртүп койду. Көптөн бери отурганга жамбаштары талып, жаткысы келди. Бирок, өз алдынча жата албастыгын эстеп эшик тарапты үмүт кыла бир карап койду. Жанындагынын чыгып кеткенине бир топ болсо да али кире элек, телевизор көрүп атса керек кыязы. А тиги тамак ташыган эмеси саат бир болмоюнча кире койбойт. Бир жамбашындагы жаздыкты акырын жылдырып, ошол тарапка бир аз кыйшайып катуу онтоп алды да кайра тынчып калды. Баары бир жата алчуудай эмес. Кыймылсыз болуп калган буттары жерге көздөй тартып, жамбашы үзүлчүүдөй сыздап ооруп кетти. Айла жок, бирөө киргенге чейин баары бир күтүү керек.

Абышканын мындай абалга калганына эки айча болду. Ага чейин өз аягы менен басып, эшикке кирип чыгат эле. Анча-мынча кармап калчу талма оорусун эске албаганда карыялар үйүндөгү тыңдардын бири болчу. Анан кокус эле эки буту иштебей калды да, минтип жатса тура албай, турса жата албай, бирөөнүн колун карап калды.

Бул дүйнө учкан куш сыяктуу деп туура айтышат. Алыстан шуулдап учуп келе жаткан канаттуулар бир заматта үстүңдөн учуп өтөт да, бир аздан соң алардын караанын да таппай каласың. Кечээ эле жолдон өткөн машиналар менен жарышып чуркап жүргөн жаш балдар, бүгүн кер мурут жигит, эртең болсо бели бөкчөйгөн абышка. Өмүр дегениң бул эртең менен чыгып кечинде батып кеткен күн сыяктуу эле экен го чиркин. Кечээ бар элең, бүгүн жоксуң, бүгүн болсоң эртең жоксуң. Чындыгында бизге узундай сезилген өмүр өтө эле кыска тура. Балким, өмүр ошол кыскалыгы менен баалуудур. Өмүрдүн баасы баалангыс кымбат экенин баарыбыз билебиз. Бирок, ошол эч нерсеге баалангыс өмүрдү пайдасыз коротуп, кантип өткөрүп жибергенибизди билбейбиз. Аттиң, адамдардын баары өмүр жашоосун туура пайдаланса кана? Адамдардын баары жашоодогу максатын билсе кана? Кайдан келдик, кайда жүрөбүз, кайда барабыз? Эгер адамдардын баарынын башына ушул суроолор келип, ага жооп издешсе, балким жашоо жолу азыркыдан башкача болоор беле? Адамдын бактысыз болуусуна ким күнөөлүү? Адам өзүбү, же башкаларбы? Азыр эле жатууга алы келбей, эшиктен көзү өтүп бирөөнү күтүп жаткан абышка да, өзүнүн ушундай оор абалга туш болуусуна ким күнөөлү экенин билбей ойго батып отурду. Өзүбү, же багып чоңойтуп койгондон кийин карабай, аялын ээрчип кеткен жалгыз баласыбы? Чындыгында баласын аябай жакшы көрчү. Жалгыз бала деп өзү жебегенди жедирип, өзү кийбегенди кийдирип чоңойткон болчу. Апасы кайтыш болуп калгандан соң, өгөй эне балага катуу тийип коёт деп үйлөнбөй да койгон. Баласы да ар нерсеге шыктуу чыкты. Мектепти жакшы аяктады. Мектепти бүтөөр жылы өзүнчө намаз үйрөнөм деп мечитке бара калчу. Баса, ошонун айынан бир жолу баласына катуу тийгенин эстеди абышка. Мечиттен келген бала, атасына :

- Мектепти бүтүп, медресеге окууга кирсем кантет, ия ата – деп калбаспы. Ошондо үстүнө кайнак суу куюп жибергендей чочуган ата:
- Ия, эмне дейт мобу акылсыз! Сен эмне тиги Кашкабаштай молдо болоюн дейсиңби?
- Ой, бир айылга бир эле молдо жетет – деп кыйкырган.
- Мен эмне, Кашкабаштын молдочулугун талашайын деп атамбы – баласы да өз оюн бергиси келген эмес.
- Ой, жетишет көп сүйлөбө! Башыңа топу кийип, аялдардай болуп этегиңди тепкилеп, качан ким өлө калат экен, бара койсом деп ар кимдин өлүмүн тилеп жүрөсүңбү? Жоок балам, сен зыңкыйып кастюм-шым кийген, галстук байланган интелегентный адам болосуң – деген ошондо ата.