Аллах Таала сизге ырайым кылуусун каалайсызбы? ⠀ Анда пайгамб | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"
Аллах Таала сизге ырайым кылуусун каалайсызбы?
⠀
Анда пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтыңыз!
⠀
Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун): «Мага жума күнү көбүрөөк салават айткыла, жума күн берекелүү күн, силердин айткан салаватыңарды периштелер мага жеткирет” – деди.
Мен: “О, Аллахтын элчиси, Сиз дүйнөдөн өткөндөн кийин да салам-салаватыбыз жетеби?” – деп сурадым. “Ооба, Аллах Таала пайгамбарлардын сөөгүн жегенди топуракка арам кылган» - деди ал.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким мага бир салават айтса, Аллах Таала ага он салават айтат". Б.а. ырайым кылат ( Муслим).
⠀
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салават айткан адамдын он күнөөсү кечирилет, даражасы он барабар көтөрүлөт. Кыямат күнү ал мага баарынан жакын болот" ( Тирмизи).
⠀
Салават айткандар пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) зыярат кылган болуп эсептелет. Өлүм алдында жандын чыгуусу жеңил болот.
⠀
Салават айткандарды пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) шапаат кылып колдойт.
⠀
Салават айткандар пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына дубалары кабыл болуп, муктаждыгы чечилип, бактысыздыктан алыс болот.
⠀
Жума маарек болсун! Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы ана мактоосу болсун) урматына улуу күндө Жараткандан эмне сурап, эмне тилек кылган болсок, бардык дубаларыбызды кабыл кылсын!
⠀
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
⠀
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
⠀
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg