2023-03-02 19:34:48
* Намазга жалкоолонуу..*
Намаз диндин түркүгү. Намаз окубаган адамдын динде үлүшү болбойт. Мусулманды башкадан айырмалап турган эң маанилүү ибадат бул, намаз. Мусулман киши бул дүйнөдөн намазы менен өтсө,Аллах кааласа, анын акырети жакшы. А намазсыз өтөндөрдү Аллах Өзү сактасын. “Кыяматтагы биринчи суроо намаздан болот. Ушул сурактан жакшы өткөн киши ийгиликке жетет. Өтпөй калган киши өкүнүчтө калат”.
Балакат жаш курагына жеткен мусулмандын намаз окубай жүргөнү чоң күнөө. Намаз адамды жаман, күнөө иштерден тыйып, жакши иштерди аткарта турган тарбиячы.Тилекке каршы, өзүн мусулманмын дегендердин көбү намаз окуудан зээригет. Бардык нерсени эртерээк болуусун каалайт, намазды гана кийинкиге жылдырат. Жазда кышка жылдырат, кышта жазга жылдырат. Жумушка шылтайт, убакытка шылтайт... кыскасы, окугусу келбейт... а, өмүрдүн сааты бүгүн токтойбу, эртең токтойбу эч ким билбейт. Жалкоолук кылып жүрүп бешенеси саждага тийбей өтүп кеткенден Аллахым сактасын...
Жалкоолуктан кантип арылабыз да, намазга кантип киришебиз? Намаздын даамын кан тип татабыз? Чечим чыгаралы...
Чечим:
Намаздын ушул дүйнөдөгү миңдеген пайдаларына көңүл бур. Эгер намаздын акыйкатын билип, даамын татсаң, жүрөктүн тынчтыгы, жашоонун бейпилдиги, көңүлдүн ачыктыгы, маанайдын жарыктыгы, ырыскынын кенендиги, айтор эмне жакшылык кааласаң баарын намаздан табасың.
Намазсыз өткөн өмүрдүн акыбети жаман болорун жадыңдан чыгарба. Жашоодогу кыйынчылыкты айтпай коё туралы, өлүмдүн оордугу, кабырда соболдун кыйындыгы, сирот көпүрөсү, тараза, акыр а азабы, акыреттеги сурак аягында тозок оту... булар сенин түн уйкуңду бузуп, жылуу төшөктөн туругузуп, намазга жыгыта турган нерселер.
Өзүңдүн эркиңе ишенбей, Аллахтын хидаят - туура жолго салуусуна ишен. Намазды өзүм окуйм дебей, Аллахка таян. Күнү- түнү “О, Раббим, мени жана урпагымды намаз окуучулардан кыл!” - деп дуба кыл.
Азанчынын үнүн укканда бардык ишиңди таштап туруп кеткенге үйрөн. Азан сени Аллах Таала менен жолугууга чакырган чакырык. Жетекчиң “мага кирип чыксын” - дегенде кандай чуркайсың... Аллах Таала жолугууга чакырса барбайсыңбы? Салыштыр... ойлон... чурка... намаздан алагды кыла турган иш жер бетинде жок...
Намаздан кызганган убактыңда эч кандай иш бүтүрүп жарытпайсың. “Намазга барып, кайра келгенче жарым саат өтөт экен, анын ордунда мынча иш бүтүрөсүң” деп шайтан азгырары бышык. Ага ишенесиң, жарым саатта далай иш бүтүргөндөй болосуң. Бирок, аныңдын берекесин Аллах Таала башка жагынан алып коюп жатканын билбейсиң. Ишенбесең, ишиңди таштап намазга барып көр. Намазга барбаган ишиң менен намазга барган ишиңди салыштыр .
Чындыкка ошондо көзүң жетет. Алган карызыңды кайтара турган күн жакындап, бирок бергенге акчаң жок, карыз берген киши доолап келе жатканын элестеткен сайын түн уйкуң качып, жегениң аш болбошу бышык. Аллахка канча убак намаз карз экениңди эсептеген да эмессиң, ага күн сайын бештен кошулуп жатканы менен да ишиң жок... Карызды кайтара турган күн качан келерин да билбейсиң... ал күн, балким бүгүндүр, балким эртеңдир... бирок, уйкуң тынч..
Намаз кабырыңда нур, эсепкысап бергениңде күбөлүк, таразада салмак, сирот көпүрөсүнөн өткөнүңдө жандооч, бейишке киргениңде жолдош болот. Ушуларга намазсыз баргандагы абалыңды элестет.
Күнөөдөн сактан, күнөөгө жакындаба, күнөө жүрөктү катырып, ибадаттан алыстат, шайтанга дос кылат.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын көрүп жатсаң да намаз убактысы болгондо телевизорду өчүрүп дааратка жөнө. Телефон чукулап отуруп намазын өткөрүп жибергендер бечааралардан болбо.
Аллахка сажда кылбасаң, шайтанга, душмандарыңа, өзүң сыяктуу бир пендеге сажда кыласың.
130 views16:34