2023-02-28 18:10:43
Чөйрөңө көңүл бур, кимге кошулуп, ким менен сүйлөшүп, эмнени талкуу кыларыңды алдын ала аныкта. Ушакчыга кошулсаң, сен да ушакчысың, кыйбатчыга кошулсаң, сен да кыйбатчысың. Аларга кошулуп ушак кууп кетпесең да, укканың үчүн ошолордон кем эмес күнөө табасың.
“Уулуң болсо узун сүйлөбө, кызың болсо кычык сүйлөбө”. Бирөөнүн баласын, бирөөнүн кызын сындап, жамандаба, ушак кыл көрбө. Өзүңдүн балаң, өзүңдүн кызың дал ошондой, же андан да жаманыраак болуп калат. Бул дүйнөдө эч нерсе кайтарымсыз калбайт. Бирөөнү шылдыңдап күлсөң, эртең сага да күшүлөт.
Бирөөнүн айып-кемчилигин айтмакчы болгонуңда өзүңө бир кара, сенде кемчилик жокпу? “Өзүңдөгү төөнү көрбөй, бирөөнүн бетиндеги көөнү көрөсүңбү?”.
Тилиңди Аллахтын зикир менен алагды кыл. Куран оку, хадис жатта, башка китептерди оку. Балдарың менен сүйлөш, акыл-насаатыңды жобура... Ушакка, кыйбатка деги тилиң бошобосун.
Балдар-кыздарыңды ушактан алыс тарбияла. Ушакчылык жаман сапат экенин түшүндүр. Өзүң жакшы үлгү көрсөтүп, өрнөктүү бол.
“Адамдардын эң жаманы – эки жүздүүлөрү. Буларга бир жүзү менен келет, тигилерге бир жүзү менен келет”. Тозоктун эң түпкү катмарында кала турган эки жүздүү, мунафыктардын сыпаты ушундай. Буга барып бирди сүйлөп, тигиге барып бирди сүйлөп, эки жүздүүлөрдүн тизмесине катталба.
Икая:
Бир адам үй кызматчы сатып алуу үчүн базарга барды. Ар түрдүү кулдардын арасынан бир жаш бала көзүнө жылуу учурап туруп алды. Анын жанына келип, кожоюндан баасын сурады. Баланын баасы да арзан экен. Кожоюн айткан бааны берип баланы үйүнө алып келди. Эч кемчилиги жок кул мындай арзан баага сатылбайт болчу. Жаңы кожоюн күмөн санап, бир канча күн баланын эмне кемчилиги бар экенин билүү үчүн артынан аңдып жүрдү. Анын эч кандай кемчилиги байкалган жок. Качып кетчүдөй түрү да байкалбайт. Ошентип ишеничке кирген кулду акмалабай өз алдынча койду. Арадан бир канча убакыт өткөн соң, бала жаңы кожоюндун аялына келип:
- Айым, сиз мени кечирип коюңуз, бирок мен сизге бир нерсени айтууга тийишмин, - деди.
- Эмне кааласаң айта бер, мен сага жамандык кылбаймын, - деди кожойке. Бала бир аз оңтойсузданымыш болуп, анан сөзүн баштады:
- Сиздин кожоюн үстүңүзгө аял алууну ниет кылып жатканын билип калдым. Аял бир азга унчукпай калды да, анан:
- А мен эмне үчүн сага ишенишим керек? – деди, жүзүндө тынчсыздануу пайда болуп. Аялдын жүзү өзгөрө түшкөнүн байкаган бала:
- Мен анын башка аял менен турганын көрдүм жана алардын сөзүн да уктум, бирок ишенүү сиздин эркиңизде, - деп кетмекчи болду.
- Коё тур! – аял кол жаңсап токтотту. – сен муну мага эмне үчүн айтып жатасың? Айым, мен сизге жакшылык гана каалайм, эгер сиз мүмкүнчүлүк берсеңиз бул абалдан чыгуунун жолун көрсөтүүгө да даярмын. Кожойке баланын сөзүн тыңшап унчукпай калды. Бала сөзүн улады:
- Эгер кожоюн сиз менен өмүр бою бирге болуусун кааласаңыз, менин айтканымды четке какпаңыз. Бүгүндөн калбай кожоюндун сакалынан бир канчасын устара менен кесип алыңыз. Андан ары эмне кылуу керектигин мага коюуңуз. Кожойке макулдугун билдирип, баланы кетирди. Бала короодон чуркап чыгып, бакта жүргөн кожоюнга келди.
- Кожоюн – деди ал энтигип, - мен сизге жагымсыз кабар айтууга аргасызмын. Кожоюн чочуп кетип, баланы шаштырды:
- Айт, эмне болуп кетти!?
- Кожойке айым менен бир эркек сүйлөшүп турганын көрүп калдым.
- Ага анча күйүгөсүң, анан эмне болду?
- Мен алардын сөзүн да угуп калдым. Кожойке ал адамга турмушка чыгуу үчүн сизди өлтүрүүнү ниет кылып жатыптыр. Баланын сөзүнө тиги ишенбеди. Бирок, жүзү кызарып ачууланып чыкты:
- Мен эмне үчүн сага ишенишим керек, эмнеге жалган сүйлөп жатасың?
- Кожоюн, эгер мага ишенбесеңиз, бүгүн кечинде уйкуга жаткан мезгилде сак жатыңыз, кожойке сизди устара менен мууздап саларын айтып жаткан. Бала чуркап бактан чыгып кетти. Жүрөгү дүкүлдөп, деми кыстыккан кожоюн олтурган жеринде катып калды. Шайтан алгыр десе, эмне эле өзгөрүп калды десе, ою башка экен да... Аялына жини келип, азыр эле чуркап барып муунтуп салгысы келди. Жок. Балким бул бала жалган айтып жүрбөсүн.
152 views15:10