Кайрымжы .. Карылыктын айынан көздөрү жакшы көрбөй, кул | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"
Кайрымжы ..
Карылыктын айынан көздөрү жакшы көрбөй, кулактары укпай, муундары бошогон абышка тамактанып отурду. Кашык кармаган колдору калтырап, сузган тамактын жарымы дасторконго төгүлөт. Ал эмес, кээде оозундагы тамагы да кайра куюлуп кетчү болду. Атанын мындай абалы уул-келинине эбак эле жакпай калган. Эми алар аны мештин жанына өзүнчө отургузуп, алдына эски дасмалды салып тамак бере башташты. Абышка мештин жанында отуруп, тамактанчу столду кайгылуу карап, көздөрүнө жаш алат. Бир күнү тамактанып жатып колундагы кесесин колунан түшүрүп сындырып алды. Келин ачууланып абышканы сөз менен каарып өттү. Абышка жаш баладай бүрүшүп, күнөөсүн моюнуна алып отуруп калды. Ошол күндөн баштап абал дагы өзгөрдү. Эми абышка эски жыгач мискейден тамактана баштады.
Бир күнү келин жумуштан келсе, баласы эски жыгач идиштерди чогултуп, жууп жатыптыр. Баласынын бул кылыгына таңданган эне:
- Буларды эмне кыласың? – деп сурады. Бала мурдун шор тартып:
- Чоң атамдай болуп картайганыңарда силерге тамак берем, - деди эч нерседен капары жок. Уулунун сөзү жүрөгүнө ийне менен сайгандай болду. Эмне дээрин билбей бир азга дендароо боло түштү. Анан абышканын жанына барып, колтугунан жөлөп тамактануучу столго жетелеп келди. Шкафтан сыйлуу коноктор келгенде гана стол бетине түшчү баалуу кесени алып атанын алдына койду...
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg