2023-04-02 10:45:28
30 КҮНГӨ 30 БАЯН.
Дүнүйө кепичиме сажда кылды
Бахадир шахтын заманында, Касым Нанутви деген белгилүү Ислам аалымы жашаган экен. Бул адам өмүрүн илим алуу жана илим үйрөтүү менен өткөрчү. Бир күнү Мераб шаарынын акими аалымга тартуу берип, аны ыраазы кылуу максатында, бир баштык алтын, күмүштү көтөртүп алып, мечитке жөнөйт. Жолдо бара жатып, жан-жөкөрлөрүнө карап: "Хазратка мен бергендей белекти эч ким бербесе керек, азыр анын кандай кубанганын чогуу көрөбүз" - деп мактанат.
- Сиздин берешендигиңизди эч ким кайталай албайт, - деп, жан-жөкөрлөрү да аны кубаттайт. Ошентип алар мечитке жетет. Бул учурда Нанутви мечиттин алдында чачын алдырып отурган экен. Аким келип, салам берет. Аалым саламга жооп берет, бирок башын көтөрүп карабайт. Аалымдын көңүл бурбай койгонуна ыңгайсызданган аким:
- Хазрат, мен сизге бир аз белек алып келдим эле, - дейт.
- Сенин белегиңди алууга мен муктаж эмесмин, - дейт аалым.
- Сиздин алууга муктаждыгыңыз жок болсо, мен берүүгө муктажмын, сооп алгым келет.
- Мен Дехбанд медресесинен 7,5 рупий айлык аламын. Бул менин бир айлык жашоомо жетет. Эгер 8 рупий алып калсам, жарым рупийин эмне кылсам экен деп түнү бою уктабай чыгам. Сенин бир баштык алтыныңды алып эмне кыламын?
Аким, "өзүнө керек болбосо, шакирттерине бөлүп берсе болбойт бекен" деп ойлонуп калат.
- Эгер сен муну шакирттерге берүүнү кааласаң, аларга өзүң бөлүп бер, бирок мен ала албаймын - дейт, Нанутви анын оюн бузуп. Ошондо ызаланган аким акырын мечиттен чыгып, короодо турган аалымдын кепичинин үстүнө алтын-күмүштү төгүп салып, кете берет. Нанутви мечиттен чыкса кепичи жок. Үйүлүп жаткан акчага карап да койбой кепичин издей баштайт. Шакирттери акчанын арасынан кепичин таап чыгып, алдына койгондо, аны кийип жөнөп калат. Ошондо Мийонжи деген жардамчысы "Ушунча акчаны бир карабады а" деп таңданып калганда, хазрат айткан экен: "Адамдар дүнүйө табам деп башы менен сайылып алышкандыктан, кепичтери айрылып кеткиче чуркашат.
А мен дүнүйө дебей, Аллах дегеним үчүн, дүнүйө менин кепичиме сажда кылды".
Автор: Алайчы Сеитбеков.
"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.
«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
Айымдар учун
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg
38 viewsedited 07:45