Get Mystery Box with random crypto!

* ШИРК* Ширк – Аллахтан башкага ибадат кылуу, же ибадат к | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

* ШИРК*

Ширк – Аллахтан башкага ибадат кылуу, же ибадат кылганда Аллахка башка нерсени шерик кылуу, же ибадатты ортомчу аркылуу аткаруу. Диндеги эң чоң күнөө, эгер ширк кылган адам дүйнөдөн өткөнчө тообо кылбаса, акыретте кечирилбейт. Бардыкч пайгамбарлардын озуйпасы элин ширктен бир Кудайга сыйынуу ишенимине катаруу болгон.

Ар бир мусулман көңүл буруп, сактана турган чоң күнөө болгонуна карабастан, ширк эл арасында кенен жайылган. Муну билбестен жасагандар да бар, билип туруп жасагандар да бар. Бизде исламга чейинки дүйнө тааным, ишенимдерден калган кээ бир ширк калдыктары дагы эле бар. Буга отко, тоого, сууга, ташка сыйынгандар кирет. Булар өздөрүнүн ишенимин "теңирчилик” деп атап, теңирге сыйынабыз дешет. Бирок, теңир эмне экени жана ага кандай сыйынуу керектиги тууралуу эч кандай так, түшүнүктүү эреже, тартип жок.

Кээ бирөөлөр Аллахка ишенгени менен бактарды, тоо көрүстөн,таштарды , арбактарды, мазарларды ыйыктап, жакшылык - жамандыкты ошолордон суранышат.

Кээ бирлер Аллахка ишенип, Ага ибадат кылып, бирок, эски, пайда жырымдарга ишенип, жакшылык - жамандыкка ушул зыянсыз ырымырымдар себеп болот деп иишенет. Мисалы, алдынан кара мышык өтсө жолу болбой каларына, суу көтөргөн келин өтсө жолу болоруна ишенет.

Ширктин жогоруда айтылгандай жана андан башка да түрлөрү көп. Кээде Аллахты жалгыз деп билген, жалгыз Аллахка ибадат кылган ыймандуу мусулмандар деле ширк тууралуу кенен билбегендиктен кээ бир иш аракетинде ширк кылып алуусу мүмкүн. “Ширк эң чоң залымдык”, “Аллах Таала Ага ширк кылган адамды кечирбейт. Ширктен башка күнөөлөрдө каалаганын кечирет”.

Өзүбүз , жакындарыбыз, жоро - жолдошторубуз ширк амалын жасап албоо үчүн эмне кылышыбыз керек? Кандай чечим туура?

Чечим:

Пайгамбарлардын негизи мурасы бир мусулманга милдет. болгонун, ушул үчүн жиберилгенин, бир Кудайга сыйынуу ишенимин таратуу ар Пайгамбарлардын милдети адамдарды көп кудайлуулуктан тыюу мксулманчылыктын негизи ушул экенин, ибадат Жалгыз Аллах үчүн аткарылмайынча кабыл болбостугун элге жеткирүү зарыл. “Ар бир үмөткө аларды деп даават кылчу Аллахка сыйынгыла, шайтандан алыс болгула элчилерди жибердик”.

Адамдардын көбүнө “ширк” деген сөз анча жакпайт. Ошондуктан адамдарды ширктен тыйганда, жылуу - жумшак айтып, даректүү далилдер менен түшүндүрүп, тартышпастан даават кылуу керек. Пайгамбарлардын дин жайылтуу жолу да ушундай болгон. Билбестен бир аз туура эмес иш кылган адам дароо ширк кылдың деп тепкиге албай, даанышмандык менен түшүндүрүү абзл.

Мечитте, медреседе, диний окуу жайларда ширктин бардык түрүн окуучуларга билдирип, андан сактануунун жана сактоонун жолдорун дыкат окутуу зарыл. Теңирчил көп кудайлуу башка ишенимдер тууралуу кеңири маалымат берүү керек.

Балдарга кичинесинен ширктин зыянын билдирип, андан сактанууну үйрөтүп,таза ишенимин сактап калуу керек. “Лукман баласына насаат айтып: “Балам, Аллахка шерик кылба! Ширк чоң залымдык” деди”.

Илимдүү устаздар, дааватчылар эл арасына жайылган ширк амалдарын дароо эскертип, элге туура маалымат таратып туруусу керек. Анткени, ширктин жаңы формаларын улам чыгарып элге жайылткандар бар.

Даават иштеринин бардык түрлөрүндө адеп, ибадат тууралуу айтуудан мурда ширкти эскертүү, ширктен тыюуга көбүрөөк көңүл бурулуп, биринчи орунда болгону оң. Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жашоосунун алгачкы он үч жылын пайгамбарлык адамдарды ширктен алыстатып, бир Аллахка ибадат кылууга чакырууга кетирип “Аллахтан башка ибадатка татыктуу илах жок” келимесинин үрөөнүн сепкен.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"ЧЕЧИМ" китебинен.