Get Mystery Box with random crypto!

Жалганчынын ким сүйөт? Жалганчы менен ким мамиле кылат? Жалган | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Жалганчынын ким сүйөт? Жалганчы менен ким мамиле кылат? Жалганчыны ким колдойт? Ойлонуп көр... жалганчыга жакшы сөз багышталганын уктуң беле? Өлүгүнү көрөйүн, мени алдап кетиптир... жакшылык көбөй калгыр, жалган айткан экен... каргышка калыгыр кепинин жептир..., деп каргыштан башкага татыктуу болбогон жалганчынын бир болгонду каалайсыңбы. Адамдын каргышы го мейли, а Аллахтын каргышына эмне дейсиң...? “... келгиле: “Жалганчыларга Аллахтын налаты болсун!” деп каргыш айтышалы”.

“Ал күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Алар түбөлүк кала турган, астынан дарыялары агып турган бейиштер бар. Аллах аларга, алар Аллахка ыраазы болушат. Бул – эң чоң жеңиш”. Кыяматта ушундай сыйдан куру калган жалганчылардын арасында турганыңды элестет!

Айтышкан экен: “Чынчылдыктын үрөөнүн эксең – бейпилдиктин түшүмүн жыйнайсың”.

“Жалганчылар дайыма өкүнүп басып жүрөт. Айрыкча, чыркыраган чындыкты айтканда эч ким ишенбесе, мындан өткөн өкүнүч болобу?”

“Чынчылдыгы үчүн Абу Бакрга Аллах Таала чындыктын чапанын кийгизди. Жалганчылыгы үчүн Мусайламага жалгандын чапанын кийгизди. Тарыхта өчпөй сакталган бул экөөнүн ысымын кара: бири “Сыддык”, экинчиси “Каззаб”. Эл ичинде жакшы атың калсын”.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"ЧЕЧИМ" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg