Get Mystery Box with random crypto!

ЖИН ААЛАМЫ Жин ааламы – инсан жана периштелер ааламынан ө | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

ЖИН ААЛАМЫ

Жин ааламы – инсан жана периштелер ааламынан өзгөчө аалам. Акыл-эс, түшүнүк, жакшылык менен жамандыкты айырмалай билүү жагынан жин менен инсандар бирдей эле. Бирок, чоң айырмачылыктар да бар. Мисалы: Жиндин жаратылышы инсандын жаратылышына такыр окшобойт.

Эмне үчүн жин – деп аталат?

Алар элдин көзүнө көрүнбөгөндүктөн жин деп аталат. Ибн Акил: “Жин адамдын көзүнө көрүнбөгөндүктөн, жин деп аталат. Эненин курсагындагы баланы да “жинин” деп айтат, ал эми согушта кийиле турган соотту “мижан” деп атап коюшат. Куранда: “Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат”, – деп айтылган. (А'раф сүрөсү, 27-аят)

Жиндердин жаратылышы

Алла Таала бизге жиндер оттон жаратылган деп кабар берген: “Андан мурда жиндерди жалындуу оттон жаратканбыз” (Хижр сүрөсү: 27) "Жин-Иблисти болсо оттун жалынынан жаратты”, – деп айткан (Рахман сүрөсү: 15.

Айша (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Периштелер нурдан, жиндер алоолонгон оттон жаралган, ал эми Адам ата силерге айтылган топурактан жаралган” - деп айткан.

Жиндер жаралган убак*

Алла Тааланын: “Биз инсанды (Адам-атаны) чалчык ылайдан жана кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык. Андан мурда жиндерди жалындуу оттон жаратканбыз”, (Хижр сүрөсү, 26-27) деген аятына ынасак, жиндер инсандардан мурда жаралганында шек жок. Кээ бир адамдар жиндер инсандардан эки миң жыл мурун жаралган деп айтышат. Бирок, бул сөзгө Курандан жана хадистен эч кандай далил жок.

Жиндердин сыпаты

Алла Таала айтпаса, биз алардын келбетин, өңү-түсүн билмек эмеспиз. Алла Таала: “Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. Анткени, алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок көздөрү менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок угушпайт. Алар айбандар сыяктуу. Балким андан да төмөн! Алар – эч нерсени туйбаган адамдар!” ( А'раф сүрөсү:179)– деп айткандыктан, биз жиндердин жүрөгү бар экенин билебиз. Алла Таала аятта жиндердин жүрөгү, көзү жана кулагы бар экенин так ачык айтып жатат. “Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен эле азгырып ал!”( Исра сүрөсү: 64) – деген аяттын негизинде, шайтандын үнү бар экенин билдик. Башка хадистерде шайтандын тили бар экендиги, тамактанышары, күлүшөрү жана башка иштерди жасаары айтылган.

"Жин - шайтандар ааламы" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg