Get Mystery Box with random crypto!

Сезим тамчылары❤️

Telegram арнасының логотипі sezimderim_sen — Сезим тамчылары❤️ С
Telegram арнасының логотипі sezimderim_sen — Сезим тамчылары❤️
Арна мекенжайы: @sezimderim_sen
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 1.23K
Арнадан сипаттама

❤️❤️Эң башкысы - өзүмдү өзүмдөн да жакшыраак түшүнө турган адамды табуу.
Билесизби?! Жашоодогу эң жагымсыз нерселердин бири эмне?
-Сизди түшүнбөгөн адамдардын арасында көп убакытка калып кетүү.

Ratings & Reviews

3.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар

2022-09-01 06:33:20 Көздөрүңдөн ыргытылган соккулар,
Көздөрүмө келип тийген ок сыңар.
Жанарыңда жанып турган көп жылдыз,
Жан барбаган космосто да жок чыгар.

Жакшы мүнөз,мээримиңе таш ээрип,
Жан дүйнөмө кылып алдың бат ээлик.
Жаным сенин ааламыңдан куралып,
Жаралгандай жетинчи бир материк.

Сендик оюм жамгыр болуп себилди,
Сезип аны сезим даны эгилди.
Алуу үчүн ал сезимдин түшүмүн,
Арбап алам сендей мырза, бегимди.

Жүрөгүңө баргым келет акырын,
Жүрчүү жолум айтчы канча чакырым?
Мээнеттимди актап анан ардактап,
Мени сүйүп калсаң экен баатырым!

Жазгүл Мырзабекова

Көздөрүбүз кайра кайра чагылып,
Жүрөк кетет сен тарапка агылып.
Жети миллиард адамдардын ичинен,
Махабатым келдиң окшойт табылып.

Көрүп алып ичи күйсө жат өңдөр,
Баш кошсун деп кеңеш берет а чоңдор.
Химиянын элементи сыяктуу,
Бир болууну самайт биздин атомдор.

Көпкө созбой кыялдардын төгүнүн,
Мен өзүңдү кылып алып ээлигим.
Сенин гана сезимиңе чөмүлүп,
Эксем экен аппак сүйүү эгинин.

Тогуз айча өнүп өсөт ал ичте
Берекеси болот биздин ар иште
Сен да мени сүйүп турсаң ардактап
Ортобуздан жаралат бир наристе

Бакай Акматкулов.
263 views03:33
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 07:41:13
#Визуализация
82 views04:41
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 07:40:23
КАТЫП ЖҮРГӨН СҮЙҮҮМ БАР

Ырга айлантпай таарынчымды, кайгымды,
Ырас эле айтып койчу дайныңды...
Ысык көрүп имерчиктеп жүрөйүн,
Ырга кошуп сенин туулган айлыңды...

Карегиңди көрүп жүрөк албырды,
Катып жүргөн сүйүү отум жандырды.
Качан болсо издеп сени баргым бар,
Карабастан кар-борошо,жамгырды!

@𝑷𝒆𝒓𝒊𝒌𝒐𝒄𝒉𝒌𝒐𝒏𝒐𝒗𝒂
86 views04:40
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 07:20:25
Эң жаман жалгыздык - бул ыйлагың да келбей калганда. Сени аягың келбей калганда. Түшүнгөндө – сен бар, дүйнө бар. А бул дүйнө сени менен эмес. Сен жалгызсың...

12 views04:20
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 06:50:41
31 views03:50
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 06:50:36 Сени көрсөм эс кетет...
Сени менен гана элестетем алдыдагы күндөрдү...
32 views03:50
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 10:16:21
289 views07:16
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 09:30:48
Ошол күндөн... Сен экөөбүз айрылган,
Сезимимде адат жашайт кайгырган...
310 views06:30
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 09:29:01
303 views06:29
Ашу / Түсініктеме
2022-08-29 17:45:46 Неге унчукпайт?
Жообу жок телефонуң,
Өчүрүлгөн оператор берет жообун.
А бирок, билбейм сага кусалануу,
Таарынуу, күтүү дагы неге сонун?..

А балким мүмкүнчүлүк таппай калып,
Монитор мага, жазчу актай калып,
Көңүлүң чөктү бекен сенин дагы,
Издесең интернетин ачпай калып.

Бирөөнүн: " Ушул адам өзгөчө экен"
- деп сөзү көзү тийип кетпесе экен,
Телефон өчсө мейли, кайтып келчү,
Жолуңда жашыл жарык өчпөсө экен...


Жыпара Исабаева
396 views14:45
Ашу / Түсініктеме