Неге унчукпайт? Жообу жок телефонуң, Өчүрүлгөн оператор бере | Сезим тамчылары❤️
Неге унчукпайт?
Жообу жок телефонуң,
Өчүрүлгөн оператор берет жообун.
А бирок, билбейм сага кусалануу,
Таарынуу, күтүү дагы неге сонун?..
А балким мүмкүнчүлүк таппай калып,
Монитор мага, жазчу актай калып,
Көңүлүң чөктү бекен сенин дагы,
Издесең интернетин ачпай калып.
Бирөөнүн: " Ушул адам өзгөчө экен"
- деп сөзү көзү тийип кетпесе экен,
Телефон өчсө мейли, кайтып келчү,
Жолуңда жашыл жарык өчпөсө экен...
Жыпара Исабаева