2022-07-20 20:00:46
*АКЫНГА*
Не жоготтуң?.. Нени ичиңе батырдың?
Не түйшүгүн көрдүң чыккан жат ырдын?..
Жомок сындуу жашай албай жазганын,
Жолун улай албаган көп акындын.
Сенин жолуң куралат да, уланат.
Сезгенинен бир ыйлайт, бир кубанат.
Ойлобостур эч бир караан абалың,
Ошол күйүт өлгөндөн соң суралат...
Жалган дүйнө, жалган чыккан түбүнөн.
"Жазам чындык",- деп сендейлер күбүлөр...
Тапканыңдын бир аз бакты болсо да,
Тартарыңдын эки эселеп жүгү оор...
Бороон күнү канаттарың кыркылар...
Боздоп шондо дагы сенден ыр чыгат.
Бу турмуштун жамаймын деп жыртыгын,
Чындыкты таап, өз өзөгүң жыртылат.
А чындык не?.. Сендейлерге табылат.
Сезе билген сезимталга багы оор.
Туйбайт аны жөн адамдар сөзү жок.
Көрсөтсөң да, көрбөгөнү дагы оор!!!
Шул жолдордо өзүңдү өзүң жеп келдиң,
"Жакшы эле!"- деп дагы өзүңдү жектерсиң...
...сап чыгарчу сыя калем ордуна,
Сабын кармап кеткендигиң кетмендин.
Айтып алып, өз оюңдан чочулап,
Күйүү бакыт ушул жолдун отунан,
...деп, жан досуң – чылым салчу кутуча,
Желе үйлүү жөргөмүштүр кошунаң.(...)
Кайсыл багыт?.. Кандай менин жолдорум?
Кагаз угат, ыйлаганда көл болуп.
Калем менен, шул кагазга жөлөнүп,
Камыр жайган таяк турат өөн болуп...
Кайсыл багыт?... Кандай менин жолдорум?..
АЙНАРА БААТЫРБЕК КЫЗЫ
²⁷·⁰²·²²
363 views17:00