2022-07-28 14:19:22
Куу турмуштун амалына миң кайышып кабыргам,
Куураганда кубат болдуң, кубанычым, "табылгам."
Биротоло келээр болсоң бир аз бакыт ала кел,
Башкалардай жылмаюуну мен да аябай сагынгам.
Жаным жарды, өтмүш анча жакшылыгын үйбөгөн,
Жазык балким, жашап жүргөм жабыркаган күн менен.
Келечекти жарык кылаар кенчим болуп бере алсаң,
Керек болсо, сүйүүнү да кайра баштан үйрөнөм.
Билбейт дебе, мен сүйүүнүн дарегинен жаңылдым,
Бир өмүрдү көмүп келдим, жан жагына жанымдын.
Билик болуп билинбестен калаарымда түгөнүп,
Билип келип, Жараткандын сыйы болуп табылдың.
Таптым ооба, издеп жүрүп, белес, түздүк, аскадан,
Таалайыма ыраазымын, сени берген, жакшы адам.
Табышмагын катып коюп табалаган бир кезде,
Тагдырыма азыр өзүм сени менен мактанам!
Жазыгым жок болсо дагы жаш агызган кечээки,
Жазмышыма жылмаям да, сени менен мактанам!!!
ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ.
01.10.2021
206 views11:19