Get Mystery Box with random crypto!

Сезим тамчылары❤️

Telegram арнасының логотипі sezimderim_sen — Сезим тамчылары❤️ С
Telegram арнасының логотипі sezimderim_sen — Сезим тамчылары❤️
Арна мекенжайы: @sezimderim_sen
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 1.23K
Арнадан сипаттама

❤️❤️Эң башкысы - өзүмдү өзүмдөн да жакшыраак түшүнө турган адамды табуу.
Билесизби?! Жашоодогу эң жагымсыз нерселердин бири эмне?
-Сизди түшүнбөгөн адамдардын арасында көп убакытка калып кетүү.

Ratings & Reviews

3.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 12

2022-06-29 12:54:39
934 views09:54
Ашу / Түсініктеме
2022-06-28 17:02:02 Жаркытып түнү жаңы Айды,
Жактырдым жаш бир агайды.
Жараткан, жолдон чыгарбай,
Жакшылык берчи, жарайбы?...

Жылдыздар жанып, "Сүй!",- дешти...
Жүрөктү арзуу сүйлөттү.
Байырлап агай дил төрүн,
Бакытты кайра үйрөттү.

Сен келген мүнөт, сүртүмдөн,
Сезимге жаным түртүлгөн.
Санааны кууган мендеги,
Садага кетем күлкүңдөн!

Атыңды атап калемим,
Ашыгың болдум, адемим.
Байлады мени жиби жок,
Бакыраң көзүң, карегиң.

Кызыктай адат тапкамын,
Көз кыры түшсө башканын.
Өзөктү өрттөп кызганыч,
Өрөпкүп кетет жаш жаным.

Армандан азыр айрылгам,
Аруу бир күнгө кайрылгам.
Сабагың бүтсө, сабалап,
"Агайлап" чыгам алдыңдан.

Түшүнбөй жүргөн кез десең:
Түштө да сага кездешем.
Тоссом го бир күн утурлап,
Жумуштан келген кезде сен...

Жашырып жаман катамды,
Жашытып апам, атамды.
Келини кылып алып кет,
Кубантып асыл апаңды.

Ыр жазып анан күндө эле,
Угулат шаңдуу үн деле.
Махабат берген агай деп,
Мактанып өтөм дүйнөгө!

Агайын сүйгөн аруу деп,
Айтылып өтөм дүйнөгө!!!

МЭЭРИМ ЭРКИНБЕК КЫЗЫ.
15.06.2022.
1.0K views14:02
Ашу / Түсініктеме
2022-06-26 22:47:39
Сүйүүмдүн болгон күбөсү,
Бишкек сенин кечтериң...
973 views19:47
Ашу / Түсініктеме
2022-06-26 22:43:24
924 views19:43
Ашу / Түсініктеме
2022-06-26 20:24:55 Жансекет

Жүткүнүп жетпес жүзүмбү – секет
Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн – секет...
Жүрөктү эзген үнүңдөн – секет...
Капталда бышкан карагат – секет,
Карагат сенин көзүңдөн – секет...
Каймана айткан сөзүңдөн – секет...
Өрөпкүп жаштык өтөбү аттиң..,
Өзүңдү көрбөй өмүрдөн – секет?

Жаштыгың – бул бир жаздагы көчөт,
Соолгону – соолуйт, өскөнү – өсөт.
Жаш сүйүү деген чагылган учкун,
Өрт болсо өрттөйт – өчкөнү – өчөт.
Жомоктой өмүр – жолдогу бекет,
Келгендер – келет, кеткендер – кетет.
Кабылбайт кимге калтардай сулуу
Калгандар – калат, жеткендер – жетет.

Булактай үнүң эшилип – секет,
Буралган боюң элестеп – секет,
Буулуккан жүрөк эзилип – секет,
Буркурап ийем сени эстеп – секет.
Жолоочу болдум – жоголгон жолдо
Жоготкон жазым... келет деп – секет...
Жашынгым келет жалгандан кээде
Жашоомду сага белек деп – секет!

Жалын да жалын жаш күнүм – секет,
Жайлообуз жашыл чак бүгүн – секет.
Күтүүгө – түтүү күйүттүү билсең
Күүгөн чак келет бак гүлүн секет.
Өмүрдө эң зор байлыгым менин
Өзүңө болгон ак сүйүүм секет.

Көрүшпөй жашап себебин, себеп
Көп анча билбей келемин – секет.
Чексизден өткөн кененим ¬ – секет.
Деңизден өткөн тереңим – секет.
Жүткүнүп жетпей тереңге – секет,
Жүдөдүм мынча мен эмне – секет?!
Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип
Жүрөбү сенин денеңде – секет?!

Жүзүң бир сүйкүм ынаксың – секет.
Жүрөккө жаккан чыраксың – секет.
Чаалыксам жыпар саябан сенсиң
Чаңкасам мөлтүр булаксың секет.
Көрүнбөй жүрүп көзүмө – секет.
Көңүлгө бекем кубатсың – секет.

Чаңкасаң суунун таттуусу кандай…
Чайкасаң уунун ачуусу кандай.
Көл деген куунун арманы кандай.
Көрбөгөн иштин жалганы кандай
Чөптөргө жаздын жамгыры кандай
Чөккөнгө жандын жалгызы кандай…

Түндөсү – түштө, күндүзү – ойдо,
Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо.
Жаным эле, жаным, Жаным дейм сени
Жалбарткан бойдон жашырып койбо.
Күлүк бир атта күмүштөн така
Күлгүн жаш чакта – күйүт бир башка.
Айсекет.., секет, секетим дейин
Ак булбул болуп сен турган бакта.

Ачылган каалга жабылат – билсең,
Адамды адам сагынат – билсең,
Көөхарың бир тең көк ташың бир тең
Көз барда дүйнө көрк берет билсең.
Кагышкан таштын учкуну түшсө
Калдайган токой өрттөнөт – билсең...

Аманат дүйнө деп айтат баары
Аңдабай бирок неге айтат аны.
Бакытты издеп келатат баары
Баалабай туруп неге айтат аны.
Ааламды каптап баратат АНЫН
Агарган эмес карайган жагы.

Ырдаган ырдайт жүрөгү канап
Ырдан да эч ким алалбайт канаат.
Бирөөлөр бизге табылбай калды
Бирөөлөр бизди табалбай калат.
Бир гана менин сырдашым бүгүн
Бир тамчы жашым тып эткен барак...

Элмирбек Иманалиев.
1.8K views17:24
Ашу / Түсініктеме
2022-06-26 20:16:47
825 views17:16
Ашу / Түсініктеме