2022-08-01 03:44:25
КЕЧИРЕМ
Кандай учур болду бүгүн жашыткан?
Азыр муңум... Таалай болгон баштараак.
Мен айрылгам кайталангыс бакыттан.
Башкасынан сенде ошондой бак калат.
Өкчөп турат бир жаңылыш, бир кетүү.
Мени өзүңдүн жок убагың башкарып,
Сенин жогуң бакыт болсо бир чети,
Сенсиздигим ичке күйүт, башка жүк.
Суранганым Жараткандан үчүн мен.
Сур булутсуз күндөр сенден садага.
Муназага келбей койгон үчүн сен.
Муң-зар үйдү бул махабат а мага.
Сүйүүбүздүн таразасы болгону,
Сага Күндү, мага Түндү тапшырган.
Таалайым бул, энчиленген ойдогу:
Табыласың жаман аттуу жакшы ырдан.
Өзгө жандан издеп, мээрим көрбөгөн.
Өзөгүмө так калтырдым кечип от.
Өзүмдү өзүм түшүнбөгөн өң менен,
Сени бир күн сезимдерим кечирет.
Мен өзүмдү кечирбеген өң менен,
Сени ырым болгонуңа, кечирем...
Баатырбек кызы Айнара
¹⁰·⁰¹·²²
(0:32)
11 views00:44