Get Mystery Box with random crypto!

Көздөрүңдөн ыргытылган соккулар, Көздөрүмө келип тийген ок сың | Сезим тамчылары❤️

Көздөрүңдөн ыргытылган соккулар,
Көздөрүмө келип тийген ок сыңар.
Жанарыңда жанып турган көп жылдыз,
Жан барбаган космосто да жок чыгар.

Жакшы мүнөз,мээримиңе таш ээрип,
Жан дүйнөмө кылып алдың бат ээлик.
Жаным сенин ааламыңдан куралып,
Жаралгандай жетинчи бир материк.

Сендик оюм жамгыр болуп себилди,
Сезип аны сезим даны эгилди.
Алуу үчүн ал сезимдин түшүмүн,
Арбап алам сендей мырза, бегимди.

Жүрөгүңө баргым келет акырын,
Жүрчүү жолум айтчы канча чакырым?
Мээнеттимди актап анан ардактап,
Мени сүйүп калсаң экен баатырым!

Жазгүл Мырзабекова

Көздөрүбүз кайра кайра чагылып,
Жүрөк кетет сен тарапка агылып.
Жети миллиард адамдардын ичинен,
Махабатым келдиң окшойт табылып.

Көрүп алып ичи күйсө жат өңдөр,
Баш кошсун деп кеңеш берет а чоңдор.
Химиянын элементи сыяктуу,
Бир болууну самайт биздин атомдор.

Көпкө созбой кыялдардын төгүнүн,
Мен өзүңдү кылып алып ээлигим.
Сенин гана сезимиңе чөмүлүп,
Эксем экен аппак сүйүү эгинин.

Тогуз айча өнүп өсөт ал ичте
Берекеси болот биздин ар иште
Сен да мени сүйүп турсаң ардактап
Ортобуздан жаралат бир наристе

Бакай Акматкулов.