2022-07-03 21:15:27
Бүгүн да жамгыр, мен күткөн жаздын жамгыры,
Бүлүнүп-түшүп, бүктөлүп сынып буюгам.
Жагымдуу күлкүң сезимди кайра жандырып,
Жалынга күйүп кетчүдөй болуп туюлам.
Айнектен карайт аялуу дүйнөң көз ирмем,
Айныбайм эч бир ашыктык мейли жанчысын.
Адаштым, сүйдүм, алдыңа барып өзүм мен,
Арнагым келди алгачкы жаздын тамчысын.
Ааламга сыйбай, жалгыздык жанга төшөлгөн,
Ажайып көктөм а балким сага коштубу.
Жүзүңдү көрдүм жүгүрүп жааган нөшөрдөн,
Жүгөнүн үзүп жүрөктүн салган боштугу.
Кабатыр болуп биле албай чындык-төгүнүн,
Каарылат дүйнөм каректин өрттүү чогунан.
Мелтирей бербей төгүлүп кетчи, төгүлүп,
Мен тайып барам, мээ тайып барат огунан.
Балчыкты кечип, куурайды минип ат кылып,
Бактылуу мезгил балалык кезге суктанам.
Баарына тойдум, ала кет мени ак булут,
Бар болсо жашоо көз көрбөс, кулак укпаган...
Арылбай санаам кайра эле келем кайрылып,
Арманым болдуң айыкпас дарттай жабышкан.
Өксүүгө батып каламбы сенден айрылып,
Өзүң да сырдуу, сөзүң да сырдуу табышмак.
Сыздап бир ырдаар обонум болуп келесиң,
Сызууда күндөр, өмүрлөр барат кыскарып.
Уурудай кирип түндөсү сенин элесиң,
Ушактан турам, кучактан турам кызганып.
Унутам деймин өзүмдү салып кыйноого,
Унутпай дале, белгисиз күчкө байланам.
Буркурап-боздоп чамам бир келбей ыйлоого,
Буулугуп барам булуттай шамал айдаган.
Өзгөчө бачым согууда бүгүн бул жүрөк,
Өйдөрөөк жашым, өзүңө кантип батынам.
Жолуктун капыс, жолукпай койсоң ким билет,
Жолубуз биздин кездешет беле татынам.
Таңда да кечте тажатып ойлор, баш кычып,
Тамаша кылса тагдырга деле көнөсүң.
Тапканы келип табышмак сырдын ачкычын,
Тартканы келип тартылып калдым мен өзүм.
Жанымды коёр жер таппай турган кезимде,
Жакыным сенин карааның турат дем берип.
Жамгырым болдуң себелеп жааган сезимге,
Жаңы ырым болдуң жазылып бүткүс сен менин.
Автор: Шабдан Сулайманов
23.03.2022ж
679 views18:15