2022-07-24 06:07:10
Сени эмнеге жактырам?
Билесиңби сени эмнеге жактырам?
Көңүл куунайт сени көрсөм жакшынам.
Жаз гүлүндөй суктандырган бактыма,
Бүт ааламды сени деген жүрөгүмө батырам.
Билесиңби сени эмнеге жактырам?
Сен аруу затсың бирөөсүң башкалардан.
Назиктигиң, кыялың, сезимдериң арбап мени,
Көңүл куунак сени деген махабатымдан.
Сен бийик аска зоомсуң заңкыйган,
Мен бүркүтүң сенде учуп шаңшыган.
Сен гүлүмсүң гүл бакчамда ачылган,
Мен бал аарың бал татымың татыган.
Сен деңизим учу кыйырсыз чалкыган,
Мен балыгың сенде жашап наар алган.
Тартпасын көңүлүң убайым санаа эч качан,
Күлүп турсун бактың ар аткан аруу таңдан.
Мен сүйгөн көздөрдөн ачуу жаш акпасын,
Бирок акса аксын мейли кубаныч бактыңан.
Келчи жаным кол кармаша бир басалы,
Макул дечи сезимиңди мен жаманыңа арначы.
Күйүп барам алоолонуп ышкыңда от жагыла,
Сенде барбы ашыктык деген ооруунун дабаасы?
Автору: Соорбаев Омурзак
46 views03:07