2022-07-13 16:12:31
ТҮШ ЖОМОГУМ.
Мен мезгилдин минип алып тулпарын,
Келет сизди түштө көрүп уктагым.
Барган жерим–сыйкыр үйү сүйүүнүн,
Махабаттын үнү болсун укканым...
Айланабыз алп аскалар, көл, көктөм,
Көлдө аккуу... Учуп, конгон өрдөктөр.
Кийгениңиз кызыл костюм, колдо гүл,
А мен болсо, аппак, узун көйнөкчөн.
Эстен чыгып ооруу, азап, дүйнө суук,
Эч сөзү жок, жүрөк менен сүйлөшүп.
Бакыт карай жетелейсиз сиз мени,
"Бир, эки" деп, жеңил бийди үйрөтүп.
Анан сахна(!) Элдер түркүн улуттан,
Аруу асман, Күн да, Ай бар, булут, кар.
Биз жактырган спектакль ойнолот,
Мен чамасы анын атын унуткам...
Андан ары төрт бөлмөлүү үй ичин,
Шаңга бөлөйт шыңгыр күлкү, күмүш үн.
Мага жаккан ырлар чыгат зал жактан,
Мунун баары биз таанышкан күн үчүн.
Күүгүм кирип, Күндү булут жашырды,
Аалам болсо аңкыйт арзуу атырлуу.
Китебимди окуп кирем шыбырап,
Сиз акырын тараганда чачымды.
Түн да биздей кыялдарга тойбогон,
Түгөнбөсүн... Түк бутөрбөй койгон оң.
Түбөлүккө түшпөй ошол жомокко,
Түштөн кайра күз жашоодө ойгоном...
Түштөн кайра түнт жашоодо ойгоном...
ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ.
11.07.2022.
01:12
253 views13:12