Get Mystery Box with random crypto!

ААЛАМДАГЫ ҮЧ МЫКТЫ ТАБЫП Шейх Саид бин Мусфир менен Түрки | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

ААЛАМДАГЫ ҮЧ МЫКТЫ ТАБЫП

Шейх Саид бин Мусфир менен Түркияда, Шри-Лан-када жана бир катар арап өлкөлөрүндө бирге болууну Жараткан насип кылды. Акыркы жолукканымда шейх жетимиш төрт жашта болчу. Бирок баскан-турганы отуздагы жигиттей чыйрак, кыймыл-эткени тың. Уятты жыйыш-тырып, сырын сурадым. Анчалык деле купуясы жок экен. Тамакты ылгап ичерин, куурулган, майлуу тамактардан, анан шириндиктерден баш тартарын, отура бербей көп кыймылдаарын, анан да эң негизгиси, эртели-кеч Жараткан Алланы эстеп, Куран окуп, таңкы-кечки зикирлерди толтурарын айтты.

Сапарда эки жакка чогуу чыга калып аттык. Шейхтин туруш-турпатына баам сала жүрүп, денени тарбиялоо жашоого көп таасир тийгизерин аңдадым.

Бешиктен бели чыкпай жатып, эби-сыны жок семирип кеткен жигит, эртең эле жаштыгына жана ден соолугуна өкүнөрү, сексендин сересине келсе да басыгы тың, кыймылы ыкчам, жүзү муңсуз карыяны көргөндө башы жерге кире уялары турган иш.

Мына ушул үч иш:

Алланы дайыма, кайсы жерде болсо да эстеп, зикир кылуу – жанды сергитет, көңүлдү эргитет, күчкө күч кошот;

Ар дайым кыймылга убакыт табуу, жакын арадагы ишти жөө барып бүтүрүү – ыкшоолуктан, семирип кетүүдөн сактайт, өзүңдү жеңил алып жүрөсүң;

Тамакты туура тандоо, зыяндуу тамактан тыюу, оору сыркоонун алдын алат;

Мына ушул иштерди дайыма, таштабай аткарсаң, дениң таза, иш жөндөмүң мыкты, көңүлүң ачык болуп, жүктөлгөн милдетиңди да так аткара аласың. Андыктан төмөнкү үч табып менен акылдашып турууну унутпа, алар: ЗИКИР, ДИЕТА, КЫЙМЫЛАРАКЕТ .

Автор: Аид ал Карни

"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg