Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛИҢДИ ТЫЙ “Күн сайын эртеӊ менен адамдын дене - м | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

ТИЛИҢДИ ТЫЙ

“Күн сайын эртеӊ менен адамдын дене - мүчөлөрү тилге кайрылып: “Сен өзүӊдү тыйып, этиет болчу, сен айыӊдан биз зыян тартып калбайлы” деп өтүнөт экен”.

Чынында, кээде көздүн көгөргөнүнө да, мурундун кыйшайганына да тил себеп болот.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эки бутуӊардын жана эки жаагыӊардын ортосундагы мүчөлөрдү сактаганга убада берсеӊер, мен силерге бейишти убада берем” деген.

Аялзатынын күнөөсүнүн көбү тилинен болот. Эки аялдын башы бириксе үчүнчүсүн ушак кыла башташат. Өкүнүчтүүсү ,
ушак кылып жатышканын, бул аларга зыян экенин билишпейт, ушундай деп айтсаӊ моюнуна да алышпайт.

Мындан башка эч кандай күнөө кылбасаӊ да, тилиӊди тыя албасаӊ, ушул сага жетиштүү күнөө болот. Тилиӊди ушактан сакта! “Ойийй, тигини карасаӊ, өзүнө жарашпаган эле көйнөктү кийип алыптыр” деп жаныӊдагыга шыбырап койгонуӊ сага кандай оор күнөө болорун билгениӊде кана...

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Аял сен асылсың" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg