Get Mystery Box with random crypto!

* ДУБАМ КАБЫЛ БОЛБОСО* Дуба кабыл болуусу үчүн кандай | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

* ДУБАМ КАБЫЛ БОЛБОСО*

Дуба кабыл болуусу үчүн кандай шарттар аткарылышы керек, кантип , кандай, кайсы учурда дуба кылышыбыз керек деген суроолорго кийин черээк жооп беребиз. Азыр болсо, мусулман пенденин ар бир дубасы кабыл болуусу шартпы, бүгүн сураганың эртең эле болуп калыш керекпи, анын кабыл болгон -.болбогонун кантип билебиз, сураганың берилсе гана дуба кабыл болду деп эсептелеби деген суроолорго жооп издейли.

Биринчиси, көпчүлүк адамдар дубасынын тез кабыл болуусун каалайт. Негизи адамдын табияты ушундай. “ Инсан өзү ушундай шашма” - деген Аллах Таала. Азыр сураганыбыз азыр эле болуп калуусун каалайбыз. Бирок Аллах Таала биз сураган нерсе бизге качан берилсе пайдалуу болорун билет. Бизге сураган нерсебиз азыр зарыл болуп жаткандай туюлат. Бирок биз ага мындан беш жылдан кийин азыркыдан да муктаж болуп калуубуз мүмкүн. Аллах Таала мунун баарын билип турат. Даанышмандыгы менен бүгүн сураганыбызды бүгүн бериши мүмкүн, же он жылдан кийин бериши да мүмкүн. Же такыр бербей, аны бизге андан да зарыл болгон, бирок биз сурбаган нерсеге алмаштырып коюшу да мүмкүн.

Пайгамбарлар пенделердин ичинен Аллахка эң жакындары. Алардын ичинен Пайгамбарыбыз Мухаммад Аллахтын эң сүйүктүү пендеси, Аллах Таала анын бул дүйнөдөгү эмес, кыяматтагы дубасын да кабыл кылат.Эми төмөнкү бир окуяга чогуу күбө бололу.

Абдуллах бин Масуьд кеп кылат: Аллахтын элчиси Каабанын жанында намаз окуп жаткан. Абу Жахил баш болгон бир топ каапырлар аны карап отурган. Алар өз ара: “Ким баланчанын өлгөн төөсүнүн ичеги-кардын алып келип, Мухаммад сажда кылганда анын үстүнө таштап жибере алат” – деп сүйлөшүп, арасынан бир шору куруганы барып, ичеги-карынды көтөрүп келди. Аңдып туруп Пайгамбарыбыз ﷺ сажда кылганда желкесине ичеги-карынды таштап басып кетти. Мен муну көрүп туруп эч нерсе кыла албадым, аттиң десе, тигилерди токтотконго кудуретим болсо кана... Тигилер болсо, кылганына манчыркап каткырып күлүп калышты. Аллахтын элчиси ﷺ башын өйдө көтөрө албай, кызы Фатима чуркап келип ичеги-карынды үстүнөн тартып түшүргөндө араң башын көтөрдү. Анан: “Аллахым, Курайш каапырлары менен Өзүң эсептеш” – деп үч жолу кайталады. Анын дуба кылганы тигилердин үрөйүн учурду. Анткени анын дубасы кабыл болбой калбастыгын билишчү. Андан кийин Пайгамбарыбыз ﷺ тигилердин ар биринин атын атап дуба кылды: “Аллахым, Абу Жахил менен, Уьтба бин Рабиьа менен, Шайба бин Раб иьа менен, Валид бин Уьтба менен, Умайя бин Халаф менен, Уька бин Абу Муьайт менен... Өзүң эсептеш”. Дагы жетинчи кишинин да атын атаган болчу, ал менин эсимден чыгып кетиптир. Жаным колунда турган Затка ант берип айтамын, “Бадр ” согушу болгондо алигинде Аллахтын элчиси ﷺ атын атап дуба кылгандардын баары өлүп, бир чуңкурга ыргытылганын өз көзүм менен көрдүм ” .

Имам Бухаринин ишенимдүү хадистер топтомунда келген бул хадиске жакшы назар салсак, дубанын кабыл болуусу тууралуу биз билбеген чоң сырды байкайбыз. Пайгамбарыбыз ﷺ Каабанын жанында намаз окуп жатканда болуп өткөн жогорку окуя Ислам дини жаңыдан жайыла баштаган учурда Меккеде болгон. Мусулмандар аз жана алсыз учур эле. Ошон үчүн Абдуллах бин Масуьд (ага Аллах ыраазы болсун) аны көрүп туруп жардам бере алган мес. Анткени, динди кабыл алган мусулмандар да динди кабыл кылганын жашырып, башкаларга билгизчү эмес. Пайгамбарыбыз ﷺ аябай ызаланып, чын көңүлүнөн берилип дуба кылды. Каапырлардын мындай азабы чынында ага катуу тийген эле. Болбосо, дайыма эле каапырларг минтип дуба кылган эмес. Мисалы, Таифке барганда андагылар таш бараң кылып, Пайгамбарыбыздын ﷺ денесинен аккан кан көлөчүнө толуп, аябай кыйналып турганда Жебирейил периште келип: “Мени менен тоолордун периштеси кошо келди, сен дуба кылсаң, булардын үстүнө кулатып, астын -үстүн кылсын” тоону дегенде, Пайгамбарыбыз ﷺ“Аллахым, буларды кечир, булардын урпагынан Сага эч кимди шерик кылбай ибадат кыла турган