Get Mystery Box with random crypto!

БУЛ ДҮЙНӨНҮН БЕЙИШИ ТАЗА ЖҮРӨКТӨ ⠀ Эр-Риядда бир аксакал (Алла | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

БУЛ ДҮЙНӨНҮН БЕЙИШИ ТАЗА ЖҮРӨКТӨ

Эр-Риядда бир аксакал (Алла аны ырайымына бөлөсүн) менен он жыл коңшу турдум. Акырети үчүн жан - үрөгөн, ибадаткөй киши болчу, жарыктык. Жашы токсон таяп калганда да, баскан-турганы тың, анан да эң негизгиси жүрөгү таза болчу, көралбастык, ичи тардык кылганын көрбөдүм. Алланы тынбай зикир кылчу, Куранды үч күндө бирден аягына чейин окуп чыгар эле. Отурган жеринде теспе тартып, Алланын кечиримин (истихфар) тилеп, жүзү Курандын барагындай нурданып турчу. Аны менен отуруп калсаң, ыйманың көтөрүлүп, жүрөгүң тазарчу.

Кыйбат, ушакка убактысын коротчу эмес.  Бирөөгө ачууланбай, бирөөнү жек көрбөй жүрөгүн кантип таза сактаганына таң калам, бирөөнү кеп кылса, жакшы жагын гана айтат. Кокус, бирөөнүн жамандап калышса, дароо ага кечирим тилеп, истигфар айтат.

Жашоо ырахатына, акырет сообуна жык толгон жүрөктүн тазалыгы кандай сонун. Биз дагы жүрөгүбүздү жек көрүүдөн, көралбастыктан, ичи тардыктан тазалай алабызбы? Буларды жүрөктөн жууп салууга мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Албетте, ар ким өзү аракет кылса болот. Бул жашоо кыска, аны башка бирөөнү жек көрүү менен өткөрбө. Жүрөктүн тазалыгы – Алланын бул дүйнөдөгү бейиши, Аллахым аны баарыбызга насип этсин. “Биз алардын көкүрөктөрүнөн (кек, көралбастыкты) сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет маңдай, дос, боордош болуп сөөрүлөрдө (отурушат)” (“Хижр” сүрөсү, 47-аят).

Автор: Аид ал Карни

"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg