Get Mystery Box with random crypto!

Турат Алыбаев

Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев Т
Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев
Арна мекенжайы: @turatalybaev
Санаттар: Психология
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.34K
Арнадан сипаттама

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 6

2022-07-08 20:30:37

83 views17:30
Ашу / Түсініктеме
2022-07-04 19:08:09 https://invite.duolingo.com/BDHTZTB5CWWKS7F25DLL3266VU
328 views16:08
Ашу / Түсініктеме
2022-07-03 20:12:10
"Агым" Платформасына катталып
Заманбап 5 кесипке ээ болуңуз.

Агым платформасынын инстаграмына катталыңыз

Курс тууралуу толук маалыматты 0706230200 ушул номерден алсаңыз болот!
882 views17:12
Ашу / Түсініктеме
2022-07-02 07:46:52

1.4K views04:46
Ашу / Түсініктеме
2022-07-01 21:40:22
АйТи дүйнөсүндө чек жок, бүгүнкү жолугушууга ЖАЙЛООДОН катышкан досторубуз да болду
987 views18:40
Ашу / Түсініктеме
2022-07-01 21:37:10
Өтө сонун жолугушуу болду
852 views18:37
Ашу / Түсініктеме
2022-07-01 21:36:39
Ушул жолугушуунун видеосун толугу менен чыгаралыбы?
873 views18:36
Ашу / Түсініктеме
2022-07-01 19:00:11 Курс эмнеге кымбаттады?

Урматтуу окурманым, эми жазайын бул суроонун жообун.
Ооба, чынында сиздер туура эле жооп бериптирсиздер. Баанын өсүшүнө бир канча себептер бар.

Биринчиден, чынында окутуунун сапаты артты. Биз жаңы баштаганыбызда 2 эле адам жөн гана билгенибизди үйрөтөт элек. Азыр болсо, 1 мугалим ошол эле сабакты өтөт. 1 мугалим группаны көзөмөлдөйт, суроолоруна жооп берет, кыйналса жардам берет. 1 мугалим өтүлгөн ар бир тема боюнча макала жаздырат, аларды окуп чыгып, жакшыларын китеп кылып топтойт. Демек, окуунун аягында Кыргызча бир китепке авторлош болуп каласыз. 1 мугалим жалпы уюштуруп, мотивация берип, алдыга жетелеп, “ДОЛИНА СМЕРТИден” куткарып чыгууга далалат жасап турат. Андан тышкары дагы мурунку группаларда жакшы окуган катышуучулар да жардам кылып турушат. Булардын баары биринчи гана себеп. Кыскасын айтканда сапатына көңүл буруу максатында көбүрөөк адам кызмат кылат.

Экинчиден, мурун жөн гана окутсак, азыр иште эмнелер керек экенин аныктап, иште аксап жаткан программисттердин темаларын аныктап, ошого басым жасап окутуп калдык.
Курстун кымбатташына дагы бир себеп, мурда окуй бергилечи, жумуш табылып калар десек, азыр өзүбүз да ушул тармакта иштеп, заказдарды алып жасап жатканыбыз үчүн, эч жерден иш таба албаса, өзүбүздө иштетип турабыз деген ишеним пайда болду. Кыскасын айтканда жакшы окуса иш даяр.

Андан кийинки себептер болсо, бардык нерсе кымбаттап жатат. Азыр эч нерсе арзандаган жок. Аренда кымбат, айлыктар кымбаттап жатат, продукты кымбат, жашоонун өзү кымбат. Түнгө чейин офисте отуруп иштеп калсаң, үйгө кетишиң да кымбат
Бирок, акыркы саналган нерселер, курстун кымбатташына негизги себеп эмес, башында айтылгандар негизги себеп. Курстун сапатынын арткандыгы. Эч качан сапаттуу нерсе арзан болбойт. Бул курстун баасын билгендер билет, кымбат деп ойлоп жатсаңыз ал сиз үчүн кымбат, баркын жана баасын билгендер үчүн, өсөйүн, жакшы натыйжа чыгарайын дегендер үчүн кымбат деле эмес.

Айлык акыңыз, тапкан тыйыныңыз биздин курска жетпеши толук ыктымал, ага мен эч нерсе дей албайм, эгер акчаңыз жетпесе, анда эмнеге бекер ресуртарды колдонуп окубайсыз. Сөзсүз эле төлөмдү акча менен кылуу шарт эмес, убактыңыз менен, энергияңыз менен, акылыңыз менен да кылсаңыз болот.

Мисалы, биз окутуп жаткан нерсени өз алдынча окуп үйрөнүп алган адамдар жок эмес, өз алдынча үйрөнүп, жүргөн бир кызды биз ишке алып жатабыз, бизде окуган эмес, бизге акча берген эмес, бирок акысыз ресуртарды, арзан ресуртарды колдонгон. Ал кыз ошол кетирген убактысында башка иш кылса балким акча табат эле, анан биздин курска жазылат эле, ал антип күтүп отурган жок, окуду, жакшы натыйжа чыгарды, азыр болсо иш менен камсыз болуу алдында турат.

Окуу, билим алуу, өнүгүү бир гана 15 миң сом менен өлчөнбөйт. Сиз өзүңүздү өнүктүрүү үчүн кантип төлөп жатасыз, ошону билишиңиз кажет. Сиз Йутубдан акысыз карап отурганыңыз деле кандайдыр бир деңгээлде акы төлөө болуп эсептелет, ошону анык билишиңиз кажет.

Комментарийге жаза кетиңиз, сиз кантип төлөп жатасыз?

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 30-июнь, 2022-жыл.
1.3K views16:00
Ашу / Түсініктеме
2022-06-30 07:57:40
1.1K views04:57
Ашу / Түсініктеме
2022-06-29 19:17:16 Флаттер курсунун кымбатташына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Мурунку баасы 10 миң сом болчу, азыр 15 миң сом болуп калыптыр!

Пикир калтырыңыз, бул өтө маанилүү, балким чыныгы себебин сиз билесиз, эгер туура жооп чыкпаса, анда өзүм жообун жазам
625 viewsedited  16:17
Ашу / Түсініктеме