Get Mystery Box with random crypto!

Турат Алыбаев

Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев Т
Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев
Арна мекенжайы: @turatalybaev
Санаттар: Психология
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.34K
Арнадан сипаттама

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар

2022-09-01 18:09:40
5-сентябрда онлайн жана офлайн курстарыбыз башталып жатат, офисибизге келип, сабактарга катышып, Андроид жана iOS тиркемелер кантип жасалат, өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз!
382 views15:09
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 07:06:11 Чыныгы ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК

Салам урматтуу окурманым, Кудайга шүгүр, бүгүн өлкөбүздүн эгемендүүлүк алган күнү. Бизден жаман жашап жаткан, эгемендүүлүгү жок, эне-тили жок, дили жок, тили жок көптөгөн өлкөлөр бар. Аларды карап туруп шүгүр дебей коё албайм. Андыктан эгемендүүлүк күнүбүз куттуу болсун!

Бирок, мен бүгүн сиздер үчүн ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК күнүн каалайм!

Биздин өлкөбүз качан чынында эгемендүү болот?

Жүз миңдеген жараным, мигрант болуп Орусияда жүрбөсө, айлар бою Америкага билет элем деп күтпөсө, Европанын эшигин кагып, эптеп кирип кетейин деп эзилип шай кетпесе, кырчындай өмүрлөр жолдо кыйылып кетпесе, Кудай берген ырыскыны, миграциядан издеп азап чекпесе мына ушул чыныгы эгемендик дейт элем.

Мунун баарын жазып коюш мага оңой, айтып коюш ар адамга оңой, кантип деген суроо келдиби?

Анда, өлкөмдүн ар бир жараны окуса дейм.

Ушундай бир илимдин-билимдин ээси болуңуз, ушунчалык жакшы окуңуз, ушунчалык майын чыгара окуңуз, Американын бир компаниясынан сиз үчүн өзгөчө бир кат келсинчи, урматтуу Кыргызстандык БАЛАНЧА (жакшы элестетиңиз, бул жерде сиздин атыңыз), биздин компанияга келип иштеп бербесеңиз болбой калды, биз алдыга жол таппай калдык, банкрот болуп жок болуп кетип куурабайлы, эмне десеңиз берели, эмне айтсаңыз көнөлү, сиз келип бизди бул баткактан сууруп чыгыңыз – деген кат менен жалдырап калганда, мына чыныгы эгемендик.

Азыр импортко келип жаткан ар бир товар, өлкөбүздөн экспортко чыкса дейм. Мисалы Жапониядан унаа алып келе албай кыйналбай, андай унаанын эң мыктысын сиздин уулуңуз чыгарсын. Биздин мамлекеттен деле Корейлер унаа чыгарса жакшы болмок деп тилебей, уулуңуздун билимдүү болушуна кам көрүңүз, кызыңызды окутуңуз, мына ошолор чыгарат. Ошондо уулуңуз – кызыңыз Орусияга кантип мигрант болуп барам деп жашабай, ушул УНААМДЫ Орусияга кантип сатам деп ойлонуп жашайт, мына ушул чыныгы эгемендик.

Айтсам, жазсам сөз бүтпөс. Казак, Өзбек, Тажик коңшулар, мындай өлкөдөн жер талашмак тургай, чек арасын ачып алып, бир Кыргыз кирип, биздин өлкөбүздө ишкерлик кылса экен деп күтмөк. 7 млн Кыргызым, дүйнөнү кантип багат деп коркпогула, дагы 70 млн башкалар, ушул жерде темселеп, эптеп оокат кылайын деп, сенин отуң менен кирип, күлүң менен чыгып жүрмөк. Ошондо да Айкөл, алабарман Кайран Кыргызым булар да болсо адам деп, өз оокатын өзү эле кыла бермек, аларга жөн эле тамак жеп бергени үчүн айлык бермек – мына ушул ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДИК.
Оо Урматтуу элим, ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДИК КҮНҮБҮЗ куттуу болсун!!!

Эгер чын эле ушундай эгемендик кааласаңыз, эч кимдин колун карабаңыз, качан бизде ушундай болот дебей, азыр дароо окууну баштасаңыз. Окууга эч качан кеч эмес, кеч болсо балаңызды окутуңуз, балаңызды окута албасаңыз, башкалардын окуусуна салым кошуңуз. Кыскасы окуу боло берсин, чыныгы эгемендик акырын бизге келе берсин.

Өзүңдү өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош дегенимди эми билген чыгарсыз, эми кантип өнүкпөй карап турарсыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 31-август 2022-жыл. Эгемендүүлүк күнү!
234 views04:06
Ашу / Түсініктеме
2022-08-26 03:23:07 Давай учить иностранный язык вместе бесплатно! Duolingo — это весело и эффективно. Вот ссылка с приглашением: https://invite.duolingo.com/BDHTZTB5CWWKTRUT2KUVDV7L2E
1.2K views00:23
Ашу / Түсініктеме
2022-08-25 12:20:58
Курска жазылам дегендер, курсту окуп калсын деп башкаларга тараткандар, керке болуп калат деп сактап алгандар, ырас эле ушул курс башталыптыр деп лайк басскандар, баарыңыздарга ийгилик каалайм
1.0K views09:20
Ашу / Түсініктеме
2022-08-24 19:32:22
Мальдив аралдарындагы табышмактуу күн батымы
1.0K views16:32
Ашу / Түсініктеме
2022-08-24 18:46:02 Flutter – мобилдик тиркеме иштеп чыгуу курсу

Биз буга чейин онлайн гана окутуп, онлайн гана иштеп келгенбиз.
Жаңы офисибиз ачылгандан бери, онлайн дагы, офлайн дагы иштеп, өзүбүз жасап жаткан иштерди АйТи тармагына кызыккан, ушул жактан өзүн издеген мекендештерибизге үйрөтүп да келебиз.

Бул жолу имаратыбыз чоң, орундар кенен, 5-сентябрь күнү, 2 группа офлайн, 1-группа онлайн курс баштап жатабыз.

Бул курс 6 ай убакыт созулат. 6 айдан кийин курстун катышуучулары жумуш издеп башташат, жумуш тапканы иштей берет, таба албаганы биздин компанияда 3 ай акысыз стажировкага катыша алышат.

Мобилдик тиркеме жасоо башынан, 0 дөн башталат.

Каалоочулардын бардыгына эшигибиз ачык.

Бул постту АйТи окуйм деген досторуңузга жибериңиз, АйТи тармагына кызыккандар + калтыра бериңиздер, биз өзүбүз байланышып алабыз.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 24-август, 2022-жыл.
1.5K views15:46
Ашу / Түсініктеме
2022-08-24 10:11:20АйТинин эң чоң артыкчылыгы

Тимур Моне агай айтмакчы, "каалаган жериңде жаша, каалаган жериңде иште"!

АйТи нин эң чоң артыкчылыгы ушул экен, биздин команданын лидери Азамат агай, негизи өзү башка жакта иштейт, бирок азыркы учурда Бишкекте жашап жатат. Орусияда туугандары бар экен, аларга зыярат кылганы кетти, учурда Казанда жүрөт, бирок иши уланып жатат, токтоп калган жок.
Командабызда башка да программисттер бар, бири Ошто жашайт, бири Казакстанда, бири Орусияда, бири Бишкекте дегендей, каалаганы офиске келет, каалаганы келбейт. Бирок бул ишке эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Биз сизге АйТини окутпайбыз, өзүбүз кантип иштеп жатабыз, ошону үйрөтөбүз!

Келиңиз, үйрөнүңүз, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 23-август, 2022-жыл
1.6K views07:11
Ашу / Түсініктеме
2022-08-21 09:51:12 Ийгиликтин жекшембиси, дем алышы, каникулу жок!
Урматтуу окурманым эгер конкреттүү бир максатыбыз болсо, кандайдыр бир нерсени ийгилик деп эсептеп, аны көздөй жүрүп жаткан болсок, анда эртең менен уктап кала албайт экенсиң, дем алыш, жекшемби, каникул деген ойго да келбей калат экен.
Жаңы офисибизде Кудай деп иштерибизди баштап алдык, алгачкы жолу 19-августта чоң масштабда акысыз АйТи жолугушуу өткөрдүк. Бул жолугушууга АйТи дүйнөсүндө эмгектенип жүргөн абдан мыкты инсандар келип сүйлөп беришти.
Тимур Моне – Жылдыз Академисинин жана Йурта стартабынын негиздөөчүсү, биздин да АйТи тармагына кирүүбүзгө эң чоң себепчи болгон мыкты жигит. Тимур мырза да өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн ар бир адам өзүн өнүктүрүү керек экендигине басым жасап, ар бир адам өзүнчө бир чоң дүйнө экенин айтып өттү.
Акак Сыргак – Германияда чоң АйТи компанияда Full Stack програмчы. Акак айым дагы өз сөзүндө билимдин маанилүү экенине басым жасап, жаштарга жана АйТиге кызыккандарга өтө баалуу сөздөрүн айтып өттү.
Динара Бакирова – Пиксофт Хаус АйТи компаниясынын АйТи курстарынын жетекчиси. Динара айым өз АйТи жолу тууралуу сүйлөп, ар бир адам эле АйТиден өз ордун тапса болот экенин жана айрыкча айымдардын орду АйТиде экенин айтып өттү.
Кылымбек Талгартбеков – Swift програмчы. Кылымбек мырза дагы өз АйТи жолу тууралуу айтып, АйТи көчмөн эл үчүн ыңгайлуу кесип экенин, жана ийгиликтүү болуу үчүн күндүз Кыргызстанда иштеп, кечкисин Канада өлкөсү менен иштешип жатканын айтып өттү.
Элдияр Алмазбек – Flutter програмчы. Элдияр мырза дагы АйТи аркылуу чоң ийгиликтерге жетсе болот экенине басым жасап, бир жыл мурда жүк ташуучу (грузчик) болуп эмгектенип жүрүп, азыркы учурда талбаган эмгеги менен Швейцариялык компанияда програмчы болуп эмгектенип, бели менен эмес, мээси менен эмгектенип жакшы каражат таап жатканын айтып өттү.
Данияр Алимбаев – Flutter програмчы, Донсофт компаниясынын ээси. Данияр мырза дагы АйТи тармагынын мыкты агитатору, бул жерде да коомчулукту АйТи окугула деп, АйТинин артыкчылыктары менен тааныштырып өттү.
Нуржама Ырысбекова – Украиналык компанияды HR адиси. Нуржамал айым дагы өз сөзүндө айымдардын орду АйТиде өтө ыңгайлуу экенин айтып өттү.
Сөз сүйлөгөн програмчылардан тышкары, залды толтуруп келип берген конокторубузга ыраазычылык айтам. Ким бул жолугушууга келсе, баары мени сыйлаган мен аларды сыйлаган мыкты инсандар. Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.
Бул жолку иш чарабыз кандай өттү билбейм, балким кемчиликтер болгон чыгар, балким айрымдарга жакпаган да болушу мүмкүн, бирок биринчи жолу болуп жатканы үчүн өзүмө абдан жакшы, өтө толкундандым, ушунчалык көп адамдын келгени бизди укмуштуудай сонун сезимдерди тартуулады. Калган сөздү сүрөттөр айтсын, сүрөттөрдүн шилтемесин, макаланын аягына жайгаштырдым.
Бирок, жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска болбойлу. Ушундай сонун иштерди уюштурууда жана дайыма моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп турган Азамат Акматов агайымды айта кетпесем болбойт. Азамат агай менен бирге Таалай агай, Элдияр мырза, Мустафа, Элеонора, Назира, Айдайым, Адилбек, Нурзат деген өтө мыкты адамдар биздин командада кызмат көрсөтүп жатышат. Бул адамдардын ар бири өзүнчө бир дүйнө, ар биринин өзүнчө чоң бир кызматы, чоң бир орду бар, буларсыз биздин команда толук болбойт. Ар бирине терең ыраазычылык билдирем.
Урматтуу окурманым, эгер сиз бул жолугушууга келген болсоңуз өз пикириңизди тартынбай жаза кетиңиз, жакпаса жакпаган жерин айтыңыз, кемчиликтерди оңдойлу, жакса жаккан жерин айтыңыз, жакшыбызды дагы да жакшырталы. Токтобойлу, алдыга жыла берели.
Биздин да бир максатыбыз бар, биздин максатыбыз өлкөбүздүн өнүктүрө турган инсандарды чыгаруу. Анткени бул өлкөнү өнүктүрүү ар бирибиздин колубузда экенин эң жакшы билебиз. Андыктан сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! Биз менен ар дайым бирге болуңуз!

Жолугушуудагы сүрөттөрдү бул шилтемеден алыңыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 21-август, 2022-жыл, жекшемби.
2.4K views06:51
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 20:37:17
Кумурскадай тырышып жашагыла, бирок аркада эч кимди таштабагыла
1.6K views17:37
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 10:12:00 https://docs.google.com/forms/d/1dflLuDZLtk_TqlMcd0qrzIAtcz3FrL7PhxmnFxogQtg/edit#responses

Акысыз АйТи жолугушуунун формасы
974 views07:12
Ашу / Түсініктеме