Get Mystery Box with random crypto!

Турат Алыбаев

Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев Т
Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев
Арна мекенжайы: @turatalybaev
Санаттар: Психология
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.34K
Арнадан сипаттама

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 5

2022-07-18 17:02:58 https://karaan.org/kg/turat-alybaev-it-oku/?fbclid=IwAR0ryiZjh3C2CdfsPEHoBU481oiX0xaOBnoZ6WAqRuQD2AxJL4ld536jYkk
117 views14:02
Ашу / Түсініктеме
2022-07-17 11:50:44 Уйку жана программалоо

Жумушта отургам. Тапшырмада көңүлүмдү топтой албай, маселени такыр чече албай жаткам, кечке эле алаксып, күндөгүдөй башым иштебей жатты. Уйку менин программалоо жөндөмүмө түздөн-түз таасир этет экенин түшүндүм. Бүгүн таңкы саат 3тө жатып, кайра 7де турган элем. Мына ушул менин бүгүнкү ишиме жана менин натыйжасыздыгыма таасир этти. Кандай болсо да, аракеттерди эсептөө, алгоритмдерди түзүү, логикалык маселелерди чечүү – булардын баары таза акылдын иши. Ошондуктан мээге жакшы эс алуу абдан зарыл.

Негизи эле мен мектеп курагымдан бери эле 7 саат уктап көнүп алгам, ал тургай 8 саат уйкуну идеалдуу деп эсептейм. Менин оюмча, дал ушул адат мага программалоодо тилдерди-фреймворкторду тез үйрөнүүгө жардам берди. Анткени программалоодо көңүлдү бир жерге топтоп, чоң татаал түзүлүштөрдү сааттар бою эсте сактап жана алар менен алгоритмдерди түзүшүң керек болот.

Программалоодо көбүнчө аналитикалык ой жүгүртүүгө, дедуктивдүү ойлонууга туура келет: системаны майда бөлүктөргө бөлүп жана алардын ар бирин өз-өзүнчө ойлонуп, ошол эле учурда программа менен колдонуучунун белгилүү бир убакта болгон өз ара аракеттерин алдын ала эсептөөгө тура келет (мисалы: авторизация процесси, төлөм процесси: ийгиликтүү, баланс жок, карта бөгөттөлгөн, интернет жоголуп кетти ж.б.). Мунун баары үчүн сиз бай фантазияга ээ болушуңуз керек жана мээге эч нерсе тоскоол болбошу керек: жаман уйку, жумуш ордунда болгон ызы-чуу, смарфтоного келген билдирүүлөр жана SMSтер, бир учурда бир канча тапшырманын үстүндө иштөө, ачка болуу ж.б. ушу сыяктуулар болбошу керек.

Андыктан башталгыч программисттерге кеңешим, эгер сиз мыкты программист болууну кыялдансаңыз, сизге же тубаса мыкты иштеген мээ же жөн гана жакшы эс алган мээ керек болот)

Которууда көмөктөшкөн @turat_alybaev’ге рахмат
102 views08:50
Ашу / Түсініктеме
2022-07-14 19:30:48
Ушундай жигиттер бул өлкөнүн келечеги.

Азыр жаш, кичинекей бала деп көп адам маани бербеши мүмкүн, бирок мен мындай жигиттерди дайыма колдоого алам, анткени эртеңки күн ушундай жигиттердики экенин билип турам.

Ийгилик каалайм иним! Азаматсың, өсө бер, өнө бер!
538 views16:30
Ашу / Түсініктеме
2022-07-14 18:58:42



АйТи жолугушуу, сонун маектешүү
229 views15:58
Ашу / Түсініктеме
2022-07-13 19:58:25 АйТи окусам жумуш таап кете аламбы?

Салам урматтуу окурманым, ушуга эле окшош макаланы буга чейин да жазгам, дагы бир ирет жаза кетүүнү туура көрүп турам, анткени дагы деле бул суроо абдан көп келип жаткан учуру.

Мурда да айтканымдай, азыр да кайталап айтайын азыр жумуш издесеңиз табылбайт, же тагыраак айтканда азыр жумушка кире албайсыз, сизди алышпайт, эмнеге анткени бул суроону берип жаткан болсоңуз, сизде билим жок дегендик, АйТи тармагына эмес, деги эле бардык эле тармакка билимиң же жөндөмүң жок болсо ишке албагандай эле, АйТи тармагына да ишке албайт, көп ойлонбой дароо окуп баштаңыз.

Окудуңуз, университет, коллеж же курс, айырмасы жок кыскасы окупсуз, эми жумуш табылбай жатабы, анда өзүңүздү жакшы өнүктүрүңүз, себеби жумуш абдан көп.
Эгерде сиз окуп, конкреттүү бир кесиптин же конкреттүү бир жөндөмдүн ээси болсоңуз, жумуш издөө ошончолук оңой болот.

Азыр сизге жумуштардын тизмесин жана айлыктарын көрсөтө кетейин.
Мисалы, сиз Python разработчик – деген кесиптин ээси болсоңуз, өлкөбүздөгү АйТи жумуштары жарыялып жүргөн www.dev.kg сайтында эле 627 жумуш орду жарыяланганын көрсөңүз болот. Жана бул тармактын жумуштарынын айлыктары да, оңой-олтоң эмес. Орточо эле айлыктар 1000 АКШ долларынан 2000 АКШ долларына чейин экенин көрсөңүз болот.

Оюңузга келген кайсы бир багыты болсо, ошону издеп сиз да тапсаңыз болот. А мен болсо, биздин Флаттер тармагынын жумуштарын дайыма карап, биздин студенттерге, кесиптештерге ыңгайлуу болгонун сунуштап, кээде өзүм байланышып жумуш сурап турам. Айрымдары мага чалып, жазып програмчы сурап калышат, достор, тааныштар кайрылат.
Ошол эле сайттагы Флаттер жумуштарынын саны да 100 дөн жогору экенин байкадым, көпчүлүгүнүн да айлыгы 1000 АКШ долларынан жогору, 4500 АКШ долларына чейинки айлык акы менен жумуштарды көрдүм.

Эми урматтуу окурманым, бул жерде эскерте кете турган маселе бар, сиз окуй калып эле, университетти же курсту бүтүп эле 4500 АКШ долларын колго кармайм десеңиз жаңыласыз, башында акысыз болсо да иштеңиз, тажрыйбага, билимге каныгыңыз, күчтүү адис болуңуз, анан 500-600 доллар болсо да айлык менен иштеп баштайсыз, дагы өсүңүз, дагы үйрөнүңүз, анткени билимдин чеги жок, илимдин түбү жок, сиз канчалык окуган сайын, үйрөнгөн сайын тапканыңыз да артат, үйрөнүүнү, изденүүнү адатка айлантыңыз. Жеңил ойлуу болбоңуз, тез акча табууга умтулбаңыз.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 13-июль, 2022-жыл.
506 views16:58
Ашу / Түсініктеме
2022-07-13 13:08:48
534 views10:08
Ашу / Түсініктеме
2022-07-10 13:22:16
"Адамды айылдан алып чыга аласың, бирок адамдан айылды алып чыга албайсың, демек жөн эле айылдык болбой, АйТи айылдык болгула" - деген сөз абдан жакты эле.

Биз дагы колубуздан келишинче АйТи аркылуу айылдыктарыбызга пайдалуу нерселерди жасап жатабыз.
145 views10:22
Ашу / Түсініктеме
2022-07-10 11:19:17
Жакында тиркемелерибиз чыгып баштайт.

Биздин иштерди күтүп жаткандар барбы?
242 views08:19
Ашу / Түсініктеме
2022-07-09 07:15:00 Курман айт маарек болсун!

Урматтуу окурманым, Курман айт майрамыңыз маарек болсун! Колунда бар, бардар адамдар, бир кой союуга, балким 7 киши биригип 1 бодо мал чалууга алы жеткендер сөзсүз курмандык чалыңыздар. Чалган курмандыгыңыздар сиздерди дагы да Кудайга жакындатсын, бардык сиздерге келе турган жамандыктардын алдын тоссун.

Бирок, кой союуга алы келбеген, малынын саны 40 ка жетпеген окурманым, сиз менен биз эмне кылабыз. Өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен, жылмайган жүзүбүз менен, жакшы сөзүбүз менен башкаларга бакыт тартуулайлы.

Курмандык кылуунун көптөгөн жолу бар, жок дегенде убактыбызды курмандык кылалы. Билген жакшы нерсебизди башкаларга бөлүшөлү, башкаларга үйрөтөлү. Материалдык, моралдык кайтарым күтпөй, Кудай Тааламдын ыраазычылыгы үчүн курмандык кылалы. Бардык нерсенин кайтарымын Кудай өзү берет, башкалар жөн гана себеп делет.

Урматтуу окурманым, окууга убакыт бөлүп курмандык кылыңыз, балким ошондо бир күн келет сиз дагы билим менен ийгиликке жетесиз, башкалардай болуп, кой союп, мал союп, төө союп Кудайга жагайын деп курмандык кыласыз, жылдап эт жебеген бирөөлөргө эт берип бакыт тартуулайсыз.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! Ыйманыңыз бек болсун, ырысыңыз кең болсун, билимиңиз терең болсун!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 9-июль, 2022-жыл. Курман айт!
293 viewsedited  04:15
Ашу / Түсініктеме
2022-07-09 05:50:10
Айт маарек болсун!
69 views02:50
Ашу / Түсініктеме