Get Mystery Box with random crypto!

Турат Алыбаев

Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев Т
Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев
Арна мекенжайы: @turatalybaev
Санаттар: Психология
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.34K
Арнадан сипаттама

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 8

2022-06-24 18:15:08 Эртең АйТи боюнча укмуш сонун конференция болот, мен дагы көп нерсе айтып берем, башкалар да сонун нерселерди айтышат
153 views15:15
Ашу / Түсініктеме
2022-06-24 18:14:01
274 views15:14
Ашу / Түсініктеме
2022-06-24 07:25:25

281 views04:25
Ашу / Түсініктеме
2022-06-22 12:55:45
Балыктар эле учат го десе, уйлар деле уча алат экен :)
252 views09:55
Ашу / Түсініктеме
2022-06-21 18:57:23
100 views15:57
Ашу / Түсініктеме
2022-06-21 17:52:27
164 views14:52
Ашу / Түсініктеме
2022-06-20 19:17:36
Кайрадан жумуш, кайрадан код, кайрадан кара экран, башкалар таң калат эмне эле компьютер карап отурасың деп, а биз үчүн бул болсо кадимкидей ырахат тартуулайт!
327 views16:17
Ашу / Түсініктеме
2022-06-16 18:05:45 ​ Урматтуу окурманым, бизде жаңылык чынында абдан көп.
Кайсы биринен баштаарымды билбей турам.

1. Азыркы учурда стажировкага алган досторубуз менен 3 приложение жасап жатабыз, бул биздин негизги жаңылыктарыбыздын бири.

2. Ошто жана Бишкекте 2 офисибиз тең күндүр-түндүр тынымсыз иштеп жатат. Офистерибиз укмуш “куртой” эмес, бирок дайыма балдарга айтам, “жок дегенде офисибиз бар, гараж эмес” деп, бирок биз гараждан да жаман жерден баштаганыбызды көп адам биле бербейт, муздак балкондогу тамандан өткөн муздакты мен билем, башкалардын билиши зарыл эмес.

3. Бизде окуган группалардын окуусу почти аяктап калды, бул экинчи жаңылык.

4. АйТи компания чынында кандай иштейт экенин тажрыйба менен башыбыздан өткөрүп, көптөгөн каталарга жол бердик, бирок бул каталар бизди дагы да чыңалтып, командабызды чоңойтууга алып келүүдө. Учурда СММ адис, дизайнерлер жана Проект Менежерлерди ишке алып жатабыз. Аларга ваканция жарыялаганбыз, көптөгөн досторубуз резюме жиберишти, алардын ичинен тандап бизге туура келгендери менен интервью кылдык, буюрса алар дагы кийинки аптадан баштап биздин командада иштеп башташат.

5. Эми негизги жаңылык катары, команда чоңоюуда, ала турган заказдар да көбөйүп жатат, демек мындай учурда бизге дагы да программисттер керек экенин сезип жатабыз. Даяр Флаттер билген програмчыны ишке алууга азырынча биздин компаниянын алы жетпейт экенин көрдүк, андыктан кайрадан эле, мурунку тактика, биздин команда менен иштешүүнү, Флаттер үйрөнүп програмчы болууну каалаган достор үчүн дагы бир группа ачып, өзүбүз окутуп, үйрөтүүнү туура көрүп жатабыз.

6. Ошол эле учурда, башка Флаттер курстарды окуткандар менен да келишимдерди кылып жатабыз, алар жакшы окутуп, ишке жарамдуу кылып жиберсе, аларды да стажировкага алууга даярбыз.

7. Акыркысы, эмнеси болсо да өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз, биз сиздин өнүгүүңүздү жана өлкөбүздүн өнүүгүсүн баарынан жогору коёбуз!

Урматтуу окурманым, биздеги жаңылыктар сизге жаккан болсо, өз ой-пикириңизди жана каалоо-тилектериңизди жаза кетиңиз.

Биз менен байланышуу үчүн бул шилтемени басыңыз же ушул жерге + калтырыңыз, биз сизге өзүбүз байланышабыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 16-июнь, 2022-жыл
841 views15:05
Ашу / Түсініктеме
2022-06-15 20:24:23
Иштер уланып жатат, стажировка уланып жатат, окуу да уланып жатат, кыскасы жашоо уланып жатат .

Жакшы эс алыңыздар туугандар, а бизде болсо уйку жок, эртең болсо жаңылыкты айтам!
210 views17:24
Ашу / Түсініктеме
2022-06-15 12:10:34 Достор, жакын арада өтө сонун жаңылык болгону жатат, эмне жаңылык деп ойлойсуздар?

Комментарийге жаза кетиңизчи, ким эмне күтүп жатат болду экен.
154 views09:10
Ашу / Түсініктеме