Get Mystery Box with random crypto!

Турат Алыбаев

Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев Т
Telegram арнасының логотипі turatalybaev — Турат Алыбаев
Арна мекенжайы: @turatalybaev
Санаттар: Психология
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.34K
Арнадан сипаттама

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 9

2022-06-13 19:23:33
Макаланы окуу үчүн бул шилтемени басыңыз!
3.2K views16:23
Ашу / Түсініктеме
2022-06-11 11:38:51 Азыр инстаграмга кирсең эле ТЕЗ ОКУУ курстарынын рекламасы чыгат, менин айтарым, тез окуудан мурда, жай окуганды калыптандырып алсак сонун болчудай
151 views08:38
Ашу / Түсініктеме
2022-06-11 08:49:28 Технология билим алууга тоскоолбу?

"Телевизор, телефон, компьютер деген немелер балээ болду, балдарыбыз окубай калды" - деп жатышат, сиз кандай карайсыз?
202 views05:49
Ашу / Түсініктеме
2022-06-10 17:25:42
379 views14:25
Ашу / Түсініктеме
2022-06-09 18:57:18 Макаланы окугандар ой-пикир калтыра бериңиздер!
184 views15:57
Ашу / Түсініктеме
2022-06-09 18:44:34
Макаланы окуңуз, мына чыкты
478 views15:44
Ашу / Түсініктеме
2022-06-09 13:56:23 Бүгүн бир макала жаздым, чыгарайынбы? Күтүп окуйсузбу же жөн гана карап коёсузбу?
291 views10:56
Ашу / Түсініктеме
2022-06-07 16:58:35 Ийгиликтүү компания түзүү айнекти качырата чайнап, жутуп анан түбү жок чуңкурду карап тургандай нерсе! Илон акеңер айтат :)
653 views13:58
Ашу / Түсініктеме
2022-06-07 15:33:52Бул жигитти жакшылап таанып алыңыз

Туратбек менин айылдаш иним. Мен бул инимди дайыма колдойм. Бул жигит сизге жакпашы мүмкүн, же сиз бул жигиттин кандайдыр бир кемчилигин билет чыгарсыз, ал жагы мени көп деле кызыктырбайт. Буга 2 себеп бар, биринчиден мен адамдын кемчилигин көрбөгөнгө аракет кылам. Экинчиден, ар бир адам кемчиликтүү, сизде да бар кемчилик, менде да бар, бул жигитте бар, бирок адам башка бир адамды адам катары сыйласа, кемчиликсиз адам жок экенин билсе, анда болбогон бир кемчилиги үчүн башка бирөөнү жаман көрбөйт эле деп ойлойм.

Бул жигитти мен кичине кезинен тааныйм, жаны тынбаган, абдан кыймылдуу бала эле. Карасам азыр деле ошондой экен, бир күнү карасам бир эксперт менен иштешип, аны эл алдына алып чыгып, анын иштерин уюштуруп берип жүргөн болот, бир күнү карасам башка бир эксперт, бир күнү карасам бизнес, бир күнү карасам дагы башка бизнес.
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет демекчи, Туратбек абдан көп нерсени көрүп, көп нерсени башынан өткөрүп койду.

Эң эле алгач “Бир адамдан бир китеп” долбоору менен иш алып барып, айылыбызга китепкана ачып, жаштарды, айылдын элин ынтымакка чакырууда, айыл жаштарын окууга кызыктырууда абдан жакшы салым кошту. Андан кийин эле, өзү 1-курс эле экенине карабай, “Мираж” китеп дүкөнүн ачып, жөн эле китеп дүкөн кылбастан, ал жерде жаштардын башын бириктирип ар түркүн иш-чараларды өткөрүп, китеп окуй турган шартты түзүп жаштар үчүн, билимге умтулган келечек үчүн сонун иш кылды. Байкашымча ал иши КАРАНТИНдин айынан үзгүлтүккө учурады көрүнөт.

Анан карантинде онлайн иштөө, онлайн окутуу деген маселелер абдан жайылып жатканда, интернет тармагында ансыз да элге билим берип, элге пайдалуу нерселерди жасап жүргөн эксперттердин аудиториясын кеңейтип аларды дагы да өнүгүүгө, өстүрүүгө далай салымдарды кошту, анын ичинде бир канча ирет мага да жакшы шарттарды түзүп берди, дагы да чоңураак аудтория менен таанышып алышыма салым кошту.

Туратбектин ушундай жаны тынбаган, улам жаңы бир идеяны ойлоп таба калган дымактуулугунан жана да кичине кезинен бери тааныган айылдашым болгондугунан сыйлайм, эми азыр да бир жакшы жаңылык менен чыгып жатыптыр, ушунча убакыттан бери топтогон тажрыйбасын пайдаланып, практикада көргөн, өзү башынан өткөргөн иштерин эми эксперт катары башкаларга үйрөтүүгө бел байлап жатыптыр, иниме эмне дейм, бир гана ийгиликтерди каалайм, эгер сиздер даа кызыксаңыздар Туратбек менен бир таанышып, бир байланышып көрүңүздөр!

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүү сиздин да акыңыз, сиздин да милдетиңиз, сиздин да укугуңуз, кыскасы сиз да өзүңүздү өнүктүрүшүңүз керек. Эркек да, аял да, бала да, кары да өзүн өнүктүрсө, өнүгүүгө ачык болсо, бул өлкө өнүгөт, андыктан өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 4-июнь, 2022-жыл.
779 views12:33
Ашу / Түсініктеме
2022-06-06 11:10:27
Соң-Көл дейин десем Монголия экен, бирок карачы кандай гана керемет жапайы жылкылар экен!
628 views08:10
Ашу / Түсініктеме