Get Mystery Box with random crypto!

​ Курман айт маарек болсун! Урматтуу окурманым, Курман айт | Турат Алыбаев

Курман айт маарек болсун!

Урматтуу окурманым, Курман айт майрамыңыз маарек болсун! Колунда бар, бардар адамдар, бир кой союуга, балким 7 киши биригип 1 бодо мал чалууга алы жеткендер сөзсүз курмандык чалыңыздар. Чалган курмандыгыңыздар сиздерди дагы да Кудайга жакындатсын, бардык сиздерге келе турган жамандыктардын алдын тоссун.

Бирок, кой союуга алы келбеген, малынын саны 40 ка жетпеген окурманым, сиз менен биз эмне кылабыз. Өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен, жылмайган жүзүбүз менен, жакшы сөзүбүз менен башкаларга бакыт тартуулайлы.

Курмандык кылуунун көптөгөн жолу бар, жок дегенде убактыбызды курмандык кылалы. Билген жакшы нерсебизди башкаларга бөлүшөлү, башкаларга үйрөтөлү. Материалдык, моралдык кайтарым күтпөй, Кудай Тааламдын ыраазычылыгы үчүн курмандык кылалы. Бардык нерсенин кайтарымын Кудай өзү берет, башкалар жөн гана себеп делет.

Урматтуу окурманым, окууга убакыт бөлүп курмандык кылыңыз, балким ошондо бир күн келет сиз дагы билим менен ийгиликке жетесиз, башкалардай болуп, кой союп, мал союп, төө союп Кудайга жагайын деп курмандык кыласыз, жылдап эт жебеген бирөөлөргө эт берип бакыт тартуулайсыз.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! Ыйманыңыз бек болсун, ырысыңыз кең болсун, билимиңиз терең болсун!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 9-июль, 2022-жыл. Курман айт!