Get Mystery Box with random crypto!

Чыпчыргасын коротпостон өмүрдүн, Чындык издеп, издегендей сүйү | Сезим тамчылары❤️

Чыпчыргасын коротпостон өмүрдүн,
Чындык издеп, издегендей сүйүүнү.
Аманатын артып алып көп ырдын,
тартып жүрөм тартчуларын тирүүнүн.

Жарашпаган, талашпаган бирөө да,
Чыдамы мол чырайындай бактысы.
Жоготконуң көрүнсө да күнөөдөй,
Таппаганың, мүмкүн, андан жакшысы.

Сыйбай турам сыныгы көп шаң, ырга,
Сынагынан, кыларынан шек санап.
Жашаш үчүн жаңылттырбай, жаңылбай,
Нечен өмүр жашалбастан кеч калат.

Жашыл көктөм, майда бүчүр мендеги,
Жалоорутуп, күтүп ошол жакты улам.
Жаман көрбө, жакшы көрбө сен мени,
Жашоо мага тааныштырган жакшы адам...

БЕГАЙЫМ НУРИДИНОВА