Get Mystery Box with random crypto!

Жаңы Муун Жаштары 💡

Telegram арнасының логотипі ngenkg — Жаңы Муун Жаштары 💡 Ж
Telegram арнасының логотипі ngenkg — Жаңы Муун Жаштары 💡
Арна мекенжайы: @ngenkg
Санаттар: Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.22K
Арнадан сипаттама

Ар күнү ар тараптуу маалымат алыңыз
Ар тараптуу өнүгүңүз, билим кудугун биз менен чогу казыңыз.🤩🤗
Суроолор боюнча @akmoor_zh

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 4

2022-07-31 17:09:30
Эң мыкты жана пайдалуу акысыз каналдар топтому сиздер үчүн.....
225 viewsAkmöör , 14:09
Ашу / Түсініктеме
2022-07-30 20:01:42 #денсоолук

УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН!
• Тамактанар алдында колду самындап жуунуз .
• Азык - түлүк сатып аларда сакталуу мөөнөтүн караңыз .
•Азыктарды муздаткычта сактаңыз .
• Тамак - аштын мурункудан калганын ичерде кайнатыңыз .
•Жашылча - жемиштерди , укроп , петрушка сымал татымал чөптөрдү жакшылап жууңуз .
• Чала бышкан азыктан ( мисалы , боор шишкебеги ) , пикникте ысыкта бир нече саат туруп калган бат бузулчу тамак - аштан баш тартыңыз .
• Ысыкта тойдон кийин калган тамак , салаттарды үйүңүзгө алып кетип жебениз .
• Шектуу көрүнгөн , жыттанган тамакты , бузулуп баштаган жашылча - жемишти жегенден баш тартыңыз .
• Жашылча - жемиштерди ( анын ичинде Дарбызды ) трассанын боюнан албаныз ! Алар чаңга бөлөнгөн болот . Алуучу да , сатуучу да кир колдору менен кармалап микробдорду көбөйтөт . Билинбеген жаракалары аркылуу чаң , микробдор да кирет . Демек , ууланып калууга негиз бар .
Эскертип кетчу нерсе , трасса боюнда сатылгандар автомашиналардан чыккан уулуу заттарды ( азоттун оксиди , коргошун , бром , ыш , бензапирен жана башка ) өзүнө сиңирип алуусу менен да ден соолукка коркунучтуу .
Ошондой эле жашылча - жемиштердеги нитраттардын ашыкча болушу да ууланууга жеткирет . Андыктан атайын уруксат берилген жерлерде текчеге коюлуп сатылгандарын алуу керек .
• Кокус тамактануу үчүн кафе же ресторанга кирип ууланып калуу күтүлсө , анда дароо жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуу зарыл . Эгер ошол тамактанган жайдын үстүнөн арыз жазууну чечсеңиз Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине же аймактык санэпидемстанцияга кайрылуу керек .

Канымжан Усупбекова
275 viewsAkmöör , edited  17:01
Ашу / Түсініктеме
2022-07-30 20:01:42 #денсоолук

Тамак - аштан уулануу - бул сапатсыз даярдалган , бузулган же уулуу тамак - ашты жегенден , суусундукту ичкенден улам пайда болчу курч кармоочу оору .
Ысыкта , өзгөчө тазалык сакталбаган жерде даярдалган жана сакталган азыктарда бактерия , вирустар бат көбөйүп , тамак - аштар бат бузулат . Аны менен ичке кирген бактерия , вирустар көбөйөт да , организмди ууландырат .
Уулануу тамак - ашты жегенден 30 мүнөттөн тартып , 1-6 саат аралыгында күтүлүүсү мүмкүн .

УУЛАНУУНУ ЖАРАТУУЧУ ФАКТОРЛОР :
1 ) Талапка жооп бербеген азыктар :
• Тазалык сакталбаган жерде жасалган жана сатылган , сакталуу мөөнөтү өткөн тамактар ;
• Унаада талапка ылайык ташылып келинбей бузулган азыктар ;
• Трасса боюнда ( мисалы , дарбыз , коон , помидор жана башкалар ) , базарларда колдо сатылгандар ( мисалы , пирожки , хот - дог ) ;
•Муздаткычта эмес , жылуу бөлмөдө сакталгандар ;
• Чала куурулгандар .
2 ) Тамак - ашты кир кол менен жеп - ичуу.

ТАМАК - АШТАН УУЛАНУУ КӨБҮНЧӨ ЖАЙКЫСЫН ТӨМӨНКҮ БАТ БУЗУЛЧУ АЗЫКТАРДАН КҮТҮЛӨТ :
• Майонез кошулган салаттар
• Сүт азыктары ( анын ичинде йогурт )
• Консерваланган азыктар . Балык , колбаса , эт фаршы , килки
• Кондитер азыктары , көбүнчө кремдүүлөрү
• Козу карындан жасалган тамактар
•Шорпо , жумуртка

УУЛАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ
• Ичтин бурап оорушу
• Шалдыроо
• Көңүлдүн айланышы .
• Кусуу
• Ичтин өтүшү
• Дене табынын көтөрүлүшү
• Суусоо , дененин кургай башташы ( кусуу , ич өткөндөн улам денедеги суюктуктар чыгып кеткендиктен ).
• Дененин кургай башташы өзгөчө жаш балдарда , улгайгандарда бөйрөк оорусун кошо жаратат . Ушундан улам көз жумуп кеткендер болот . Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге да уулануу өтө коркунучтуу ! Алар абдан этият болуусу керек.
УУЛАНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК ?
•Тез жардамды чакырыңыз.
• Ашказанды жуу . « Тез жардам » келгичекти эсине кирип калган балдар жана чоңдор дароо ашказанын төмөндөгүлөрдүн бири менен жууганга киришүүлөрү зарыл :
1 ) 3 литр туздуу сууну даярдап , андан бир ичкенде 2-6 стаканга чейин ичип , кайра кусуу . Куса албай жатсаныз 2 манжаны оозго салып окшуп кусууга аракет кылыныз .
2 ) 1,5-2 литр бөлмө температурасындагы сууга 1 аш кашык аш содасынан салып ичүү , кусуу .
• Сорбент ичүү . Сорбент - бул организмден ууларды чыгаруучу каражат .
Анын бири - активдешкен көмүр . Салмактын ар бир 10 килограммы үчүн 1 таблетка ичүү кажет . Мисалы , салмагы 30 килограмм келген балага 3 таблетка , 50 килограмм келген адамга 5 таблетка ичирүү кажет .
• Суусаган сайын сууга кошулуп ичилүүчү регидрон же оралит каражатын , кайнатылган суу , өрүктүн компоту , күрүчтүн суусун иче берүү керек .

ДАРЫЛОО
Эгер дене табы 37,5 жарымдан ашса , анда температураны түшүрүүчү каражат берилет.
• Регидрон , оралит сыяктуу каражат ичирилет .
• Диета кармалат .
Майлуу , куурулган жана сут азыктарды , фаст - фуддарды , жашылча жемиштерди , чипсы жана газдалган суусундуктар сыяктууларды ичип - жегенге тыюу салынат .
• ЖЕП - ИЧҮҮ КЕРЕК:
•кургатылган нан , өрүк кактан даярдалган компот , газдалбаган суу , кисель , сууга бышырылган күрүч , бууга бышырылган котлет жана фрикадельки , пюре ( майсыз ) .
• Кусуу токтогондон кийин ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүчү каражат ( мисалы , мезим , линекс ) чектелет .
• Антибиотиктер анализдин жыйынтыгына карап жазылат .
257 viewsAkmöör , edited  17:01
Ашу / Түсініктеме
2022-07-30 19:43:02
#денсоолук
Тамак-аштан уулануу:/

Күн ысыганда тамак - аштардан ууланып калуу коркунучу жогорулайт . Андыктан кандай азыктардан уулануу көбүрөөк болот , уулануу белгилери билинер замат кандай иш - аракеттерди көрүү керек. Бул суроолорго алдыда жооп беребиз ;)
277 viewsAkmöör , 16:43
Ашу / Түсініктеме
2022-07-29 18:19:29
Сиздер үчүн эң мыкты каналдар топтомун даярдап койдук жоготуп албоо үчүн катталып алыңыздар ....
107 viewsAkmöör , 15:19
Ашу / Түсініктеме
2022-07-29 14:57:30
Адамдардын ....%зы алдын ала болот деген жышаанга (приметы) ишенишет
Anonymous Quiz
29%
40
27%
50
20%
55
24%
60
92 voters183 viewsAkmöör , 11:57
Ашу / Түсініктеме
2022-07-29 14:55:18
Загардын өлүмгө алып келүүчү дозасы ысык күндүн астында ...... саа калууну түзөт
Anonymous Quiz
29%
8
30%
7
27%
9
14%
6
79 voters186 viewsAkmöör , 11:55
Ашу / Түсініктеме
2022-07-29 14:53:50
Теизим бул-....... болгон көз карандылык
Anonymous Quiz
36%
Сууга
31%
Чайга
18%
Кофеге
15%
Сок,компотко
96 voters181 viewsAkmöör , 11:53
Ашу / Түсініктеме
2022-07-29 14:52:22
Адам өмүрүндө ушунчалык көп .........., баарын топтогондо эки орто көлөмдөгү бассейнди толтура алат.
Anonymous Quiz
39%
Суусундук ичет
27%
Шилекей пайда кылат
16%
Тердейт
19%
Көз жаш пайда кылат
96 voters179 viewsAkmöör , 11:52
Ашу / Түсініктеме
2022-07-28 20:18:44 #Кызыктуутекст

Каргыш тийген көк бүлдүркөн.

Мен чоңойуп калсам да бейтааныш адамдар менен, өзгөчө аялдар менен баарлашуудан корком. Ал эми мунун себеби алыскы балалыкта жатат.

Бул окуя кечээгидей эсимде калган, мен 14 жашта элем. Эжем экөөбүз токойдон бүлдүркөн терип, толгон себеттерди алып жөнөдүк. Үйүбүздөн алыс барган эмеспиз, токойлорубуз кең. Үйдүн жолунда кулаган эски дарак жатат, анда ар дайым бүлдүркөн жб. терүүдөн кайтканда эс алганча отурабыз.

Эсимде, күн ысык эле, бакка отуруп, жоолуктарды чечип, суу, нан алганбыз. Жаңы эле тамак иче баштаган элек,кары эле бир аял келип, дагы бир куржун көтөрүп, бир аз арыраак отурду. Албетте, салам айтыштык, жада калса суусун да сунушташты.

Биз баш тарттык, анан жакындап келип, менин себетимди карап: «Молодец. Көп пайда тааптырсыңар. Апаң сөөк коюуга(похороны) компот бышырып берет"- деди. Эжем экөөбүз унчукпай калдык, корктук,шок болуп калдык, ал себетин алып токойду көздөй жөнөдү.

Коркконумдан жол бою ыйладым. Бирок үйдө баары жайында болгондой жүрдүм, акырындап тынчтанып калдым. Анан эртең менен колхоздун бригадири чуркап келип атабызды бука тебелеп ооруканага алып кетти дейт.

Мына ошондо бул аял кайрадан өзүнүн коркунучтуу сүрү менен көз алдыма чыкты. Апам ооруканага атамды көргөнү барган, бирок мен эчак эле орду толгус окуя болорун билчүмүн, бирок дарыгерлер балким аман калат дешти. Жок, атам ошол эле күнү кечинде каза болгон.

Эжем экөөбүздүн башыбызга түшкөн окуяны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Бүлдүркөндөрдү арыкка ыргытып, тебелеп-тепсеп салдык. Анан сөөк коюудан кийин апамдын эжеси баары бир эстелик үчүн столго көк бүлдүркөн ширесин алып келди. Ошентип, тиги бейтааныш аял айткандай болду, майда-чүйдөсүнө чейин болбосо да, ошондой болду.

Бул таптакыр түшүнүксүз - бир нече убакыт өткөндөн кийин, биздин көрүстөн ачык жерде жана токой алыс болсо да, атамдын мүрзөсүндө көк бүлдүркөн бадалдары өстү. Эжем экөөбүз аларды да жулуп ыргытып жибердик. Ал окуядан кийин ал аялды эч көргөн жокпуз, апама да ал жөнүндө эч нерсе айткан жокпуз. Бирок мөмөлөрдү кайра ошол жерге, токойго ыргытпаганыма дагы эле өкүнөм

Интернеттен алынды
198 viewsAkmöör , edited  17:18
Ашу / Түсініктеме