Get Mystery Box with random crypto!

Жаңы Муун Жаштары 💡

Telegram арнасының логотипі ngenkg — Жаңы Муун Жаштары 💡 Ж
Telegram арнасының логотипі ngenkg — Жаңы Муун Жаштары 💡
Арна мекенжайы: @ngenkg
Санаттар: Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.22K
Арнадан сипаттама

Ар күнү ар тараптуу маалымат алыңыз
Ар тараптуу өнүгүңүз, билим кудугун биз менен чогу казыңыз.🤩🤗
Суроолор боюнча @akmoor_zh

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 3

2022-08-21 12:23:17 "Это большое счастье в жизни, найти такого человека, чтобы было приятно смотреть, интересно слушать, увлеченно рассказывать, не тягостно молчать, искренне смеяться, восторженно вспоминать и с нетерпением ждать следующей встречи.."
802 viewsAkmöör , 09:23
Ашу / Түсініктеме
2022-08-20 19:45:24 #жаратылышкызыктары

Метеора монастырынын комплекси, Греция

Метеора - Грециянын түндүгүндө жайгашкан Каламбакага жакын кең аймакты ээлеген белгилүү монастырдык комплекстер. Уникалдуу нерсе, имараттар Фессалиянын алп аскаларында жайгашкан - алар грек тилинен которгондо "абада илинип турган" деп которулган "метеорос" деп аталат. Эрмитаж жери катары аймак XI кылымдан бери белгилүү - кылымдар бою бай тарыхы бул жер дүйнөнүн бардык бурчунан зыяратчыларды жана саякатчыларды тартат.

Дагы кызык болгону бул жерде мурда суу болуп, ал суу жок болгондон кийин ордуна ушундай чоң, көз жоосун алган, кооз тоолор пайда болгон.
Кызык тоолордун үстүндөгү үйлөргө энергия, транспорт кантип барат болду экен? Дагы кандай кызыктары болду экен?



862 viewsAkmöör , 16:45
Ашу / Түсініктеме
2022-08-19 09:38:00 Аллах сага колдоо көрсөтсө, сени эч ким жеңе албайт. Эгер Ал сени колдоодон баш тартса, Андан башка сага ким жардам берет?
Момундар Аллахка тобокел кылышсын

-3-сүрө, 160-аят
930 viewsAkmöör , 06:38
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 18:01:23 #четолкоготапшыруу

Акысыз онлайн IELTS даярдоо курсу

IELTS - англис тилдүү өлкөдө окууну каалагандар үчүн эң популярдуу англис тили сынагы. Бул курс сизди IELTS академиялык тесттерин ишенимдүү тапшырууга даярдайт. Сиз төрт көндүмдөрдүн ар бирин камтыган 80 сааттан ашык интерактивдүү практикалык материалдарды көрө аласыз: угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу.

Толук маалымат: https://is.gd/n9leHW
995 viewsAkmöör , 15:01
Ашу / Түсініктеме
2022-08-18 12:29:08 Подумай, прежде чем сказать, о трех вещах:
что ты говоришь,
когда говоришь и
кому говоришь.

— Абу Бакр ас-Сиддык
862 viewsAkmöör , 09:29
Ашу / Түсініктеме
2022-08-17 17:28:56 #Тезокуу

Карындашымды күйөөгө узатып жатканда сулуу, дени сак кыз эле, эмичи?..

Үч бир туугандын улуусумун, иним менен карындашым бар. 33 жаштын тамагын жеп жатам. Кандай гана болбосун бир туугандар ар дайым бири-бирин тиреп туруш керек деп ойлойм. Айрыкча коомубуз мындай болуп жатканда,эже- карындаштарыбыз көңүл бурууга, колдоого муктаж.

Карындашымды “бактылуу жашап жүрөт”деп анчейин маани берген эмесмин. “Үч баласы бар, күйөөсү иштейт, демек, баары сонун”дегем. Колума талма оорусуна чалдыккан карындашым келип түшкөндө,жаңылганымды билдим. Карындашымды күйөөгө узатып жатканда сулуу, алты саны аман, дени сак кыз эле, азыр көздөрү муңдуу, коркок, өз оюн айта албаган тартынчаак бирөөгө айланыптыр.
Күйөө баламдын корс, аялын түрдүү сөздөр менен жемелеп кордогонун билерим менен үйүнө барып, карындашымды капа кылбоосун сурандым. «Ооба, ооба» деп башын ийкеген менен сөзүнө турбады.
Бир күнү карындашым чалды:
—Байке, үйүңүзгө барсам болобу?
—Албетте, кел. Каалайсыңбы машина менен алып кетем?
—Ооба..
Трубканы коёрум менен муштумду бекем түйдүм. Карындашымдын үнү жүрөгүмдү ыйлатты. Үйүмө уруксат сурап анан келип жатканы ачуумду келтирди. «Сен үчүн эшигим ачык!»деп бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Машинемди от алдырдым.

«Үйүмө кетем деп жатат, кете берсин!»Учурашкандын ордуна күйөө балам ушинтип тосуп алды. “Эртең кайра элдешип калса, мамилебиз үзүлбөсүн” деп сабырымды сактаганга аракет жасадым. Болбосо, дене тарбия академиясын бүтүргөм, спорттун чеберимин.

Көп өтпөй күйөөсүнүн басмырлоосунан улам гүлдөй карындашым талма оорусуна чалдыкты. Ошондо карындашымды үйгө алып келип, баарына чекит койдум. Өзүмдүн дагы үч балам бар. Бир үйдө 13 адам туруп калдык. Жашырбайм, кыйын болду. Аны байкаган карындашымдын маанайы түшүп, өзү өскөн үйдүн төрүндө эмес бурчунда отурду. Ошондо аны кучактап алып, “мен сенин бир тууганыңмын. Менден эч нерсе жашырба. Бул үй сенин дагы үйүң” дедим.

Бир канча жыл мурда шаардан бир бөлмөлүү батир алгам. Планым боюнча иним үйлөнсө ошол жакка көчмөкмүн. Үйдөгүлөр менен кеңешип, ошону карындашыма белекке бердим. Балдары менен эч тартынбай кенен жашасын дедим. Жумуш таап берип, ден соолугуна кам көрө баштадым. Балдарына ата катары тарбия берип, жакшы мектепке киргиздим. Көп өтпөй карындашым көңүлү ачыла баштады.

Билесиңерби, көп аялзаты эмне үчүн күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүрө берет? Алар кайда барарын билишпейт. Өздөрү чоңойгон үйгө батпайбыз деп ойлошот. Аргасыз кызыл камчыга чыдап жашоого моюн сунушат. Эгер агалары, инилери колдоо көрсөтсө, бир күн ал тозокто турушпайт болчу. Кантип өз бир тууганыңарды коргобойсуңар?

Бүгүнкү күндө карындашыма колуман келген жардамымды берем. Кыйын күндөрдө жалгыз эмес экенин сездирем. Анткени ал менин карындашым!
Баса, баягы батиримди карындашыма бергенден кийин акчам көбөйүп, өзүмө чоң үй сатып алдым. Буюрса, 2-3 бөлмөлүү батир сатып берүүнү пландап жатам.

Байкең сени жакшы көрөт, карындашым!
914 viewsAkmöör , edited  14:28
Ашу / Түсініктеме
2022-08-16 06:37:36 Биринчи жолу мага деп гүл алганда, тандай албай көпкө турган адам болсо деймин. Анткени мага чейин эч кимге гүл сунбаган инсан, гүлдүн кайсыл түрү жакшыраак экенин дагы билбейт.....

Эшматова Адина
880 viewsAkmöör , edited  03:37
Ашу / Түсініктеме
2022-08-15 18:35:44 #денсоолук

АШКАЗАНДЫН ООРУУЛАРЫНА ЖАРДАМГА КЕЛГЕН АЗЫКТАР!

Аш сиңирүүчү системанын көйгөйү ар бир адамда кездешет. Андан улам тамак сиңирүүсү кыйындап тамактан баш тарткандар да бар. Эмесе, рационуңузга төмөнкү азыктарды кошуу менен ич катуу, гастрит, ашказан жарасы сыяктуу оорулардын алдын алыңыз.

1. Киви

Клетчаткага бай киви жемиши көп тамак жеп алгандан кийинки ашказандагы оорчулук сезимден арылтат. Эгерде бул жемишти көп колдонсоңуз, организмдеги туздарды чыгарууга, бөйрөктү таштан арылтууга жакшы жардам берет. Анын курамындагы пектиндин суук тийүүгө каршы таасири бар. Андыктан тамак-аш сиңирүү, гастрит, ашказан жарасы, он эки эли ичеги ооруларына сунушталат. Кычкыл даамына карабай киви ашказан жарасын айыктырат.


1. Күрөң түстөгү күрүч(озгон гуруч)

Биз Өзгөн күрүчү деп билген күрөң күрүчтүн 100 граммы 330 калориядан турат. Анда пайдалуу углеводдор, кант, белок, ошондой эле абдан баалуу май, Е, РР витаминдери, В витаминдер топтому жана минералдар бар. Ал адамдын ашказанындагы дүүлүккөн былжырлуу кабыктарды дарылайт жана ичеги-карынга жагымсыз нерселерди чакырбайт.

3. Шпинат

Шпинатты ашказан үчүн "шыпыргы болгон" жашылчалардын падышасы десек болот. Ал ичеги-карындын иштешин жөнгө салат. Курамында жогорку көрсөткүчтөгү өсүмдүк белогу, А, С витаминдери жана В витаминдер топтому бар. Көп эмес убакыт мурун окумуштуулар анын жашыл жалбырагынын гастрит оорусунун алдын аларын далилдешкен. Шпинаттан жасалган шорподон баш тартпасаңыз, ашказаныңыздын дени сак болот.

4. Йогурт

Антибиотик ичкен адамга ичегилерин өз калыбына келтирүү үчүн йогуртту сунуштаган туура. Ал микрофлораны нормалдаштырып, ашказандын дүүлүгүүсүн бат жөнгө салат.

5. Туздалган капуста

Капуста - ашказан, боор жана жалпы эле организмди тазалоо үчүн мыкты азык. Бирок жаңы капустага караганда туздалганы алда канча пайдалуу экенин эске тутуу керек. Туздаганда ал жаңы заттарды бөлүп чыгарат. Эң мыкты пайдасы - курамындагы сүт кычкылы. Сүт кычкылы ичегидеги таякчаларды, башка да коркунучтуу бактерияларды жеңип чыгат. Андыктан колдон келишинче көп жеген пайдалуу.


6. Кара өрүктүн кагы

Кургатылган кара өрүк - тамак сиңирүүчү система үчүн эң мыкты азык. Анын ширеси ич катуудан арылтып, тамак сиңирүүнү нормалдаштырат. Ошону менен бирге бул как тамак сиңирүү системасынын ишине мыкты жардам берет, зат алмашууну баланстайт, ашказан оорусунда да керек. Күнүнө 4-6 мөмө жеп жүрүү жетиштүү.

7. Попкорн

Попкорн — сапаттуу углеводдордун булагы жана толук кандуу дан өсүмдүгү. Аны ашыкча салмактан арылуу программасында да колдонушат. Бир порция попкорндун курамында 70 килокалория бар. Попкорн адамды ток кармайт, табитти бузбайт, ашказанга түшкөндө бат аш болот. Башкысы анын эң пайдалуулугу - курамына жогорку көрсөткүчтөгү клетчатканы камтыйт.

8. Буурчактар

Кургатылган кызыл жана ак төө буурчак, кургатылган буурчактар кызыл өңгөчтүн былжырына, ашказандын ашыкча кычкылына абдан зыяндуу болгон зарнасынан арылтат. Ал ашказандагы көптөгөн олуттуу оорулардан арылтып, ашыкча нерселерди нейтралдаштырат. Курамындагы абдан көп клетчатка ич катуунун алдын алып, чоң заара кылуудагы кыйынчылыктардан арылтып, геморрой жана башка ооруларга жардам берет.

9. Суу

Күнүнө 2 литрден ичилген таза, чийки суу ашказан жана ашказан жарасы ооруларынын көйгөйүн толук түрдө чечет. Эгерде ашказан ооруса, аны айыктыруучу «тез жардам» - бир стакан чийки суу. Ошондой эле суу өнөкөт ооруларга да мыкты каражат болуп эсептелет.

10. Кабак

Кабактын азык буласы - токсиндик заттарды, ашыкча холестерин жана сууну организмден айдап чыгууга мыкты жардамчы. Ашыкча салмак кошууда кабак жесе, ал бат тоюу сезимин чакырат. Өзгөчө бул азык жашы өтүп калгандарга пайдалуу. Ал тамак сиңирүү процессин, ашказан, ичегинин иштөө функциясын жакшыртат.
939 viewsAkmöör , 15:35
Ашу / Түсініктеме
2022-08-02 04:54:57
Ассаляму алейкум,жакшыларым. Сиздер учун,атайын эн мыкты каналдар топтому
Катталууга чамданыздар!акысыз каналдар топтому 24 саат бою сиздер менен болот жана убакыт аяктаган сон очурулот! Чамданыздар!
107 viewsAkmöör , 01:54
Ашу / Түсініктеме
2022-08-01 19:30:13 #Тезокуу

Жылмайган жүздү көрүү керемет э, ага кошулуп кантип жылмайганынды да сезбей каласың.

Буюм сени бактылуу кылбайт. Буюм менен болгон бакыт көпкө созулбайт.

Кээде ушунчалык катуу кыйкырасын, ушунчалык катуу кыйкыргандан жүрөгүң жарылат, кулагың тунуп калат. Бирок ал кыйкырыкты өзүңдөн башка эч ким укпайт.

Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба. Милдет кылсаң жардам бербе.

Ачуу менен айтылганды чындык деп кабыл алба. Чындыкты көрүп көзүңдү жумба.

Аял күлүп туруп өлүшү мүмкүн
Аял күлүп туруп жашоону колуна алышы мүмкүн

Кээде өтө каалаган нерсен үчүн да убакыт таппай каласың

Ну серьёзно, Кто может быть красивее того, кто напоминает тебе об Аллаhе каждый раз, когда ты говоришь с ним?

Если думаешь что легко забыть, то ошибаешься. Забыть сложно, всегда так было, и сейчас так будет.

В жизни бывает то что мы хотим и бывает то что мы не хотим. По этому жизнь слодко-горько

Даже если весь мир будет против тебя,я буду тихо стоять за твоей спиной,и подавать тебе пули

Если у человека остаётся много времени на размышления- это верный путь к катастрофе

-Нет, не трогай, это же мусор, не хочу испачькать вашу руку
-Да нет, это же просто мусор, люди куда чем грязнее мусор

Короткая память и чувства юмора-вот налог успешного брака

Hayat fedakarlıktan bile zordur, o çok şeyi ister

Sırtını dönme, korksan da sevm
eye çalış

Sen onu her baktığında sevgiyl
e baktığını hatırla, çünkü o son halinde baktığını düşünüyor

Insan hayatını verecek kadar s
evip ama af edemeye bilirmiş

Sevmemeye hakkın var ama sevdi
diye suçlamaya hakkın yok

Iyi gören iyi düşünür iyi düşü
nen hayatından lezzet alır
193 viewsAkmöör , edited  16:30
Ашу / Түсініктеме