Get Mystery Box with random crypto!

#денсоолук Тамак - аштан уулануу - бул сапатсыз даярдалган | Жаңы Муун Жаштары 💡

#денсоолук

Тамак - аштан уулануу - бул сапатсыз даярдалган , бузулган же уулуу тамак - ашты жегенден , суусундукту ичкенден улам пайда болчу курч кармоочу оору .
Ысыкта , өзгөчө тазалык сакталбаган жерде даярдалган жана сакталган азыктарда бактерия , вирустар бат көбөйүп , тамак - аштар бат бузулат . Аны менен ичке кирген бактерия , вирустар көбөйөт да , организмди ууландырат .
Уулануу тамак - ашты жегенден 30 мүнөттөн тартып , 1-6 саат аралыгында күтүлүүсү мүмкүн .

УУЛАНУУНУ ЖАРАТУУЧУ ФАКТОРЛОР :
1 ) Талапка жооп бербеген азыктар :
• Тазалык сакталбаган жерде жасалган жана сатылган , сакталуу мөөнөтү өткөн тамактар ;
• Унаада талапка ылайык ташылып келинбей бузулган азыктар ;
• Трасса боюнда ( мисалы , дарбыз , коон , помидор жана башкалар ) , базарларда колдо сатылгандар ( мисалы , пирожки , хот - дог ) ;
•Муздаткычта эмес , жылуу бөлмөдө сакталгандар ;
• Чала куурулгандар .
2 ) Тамак - ашты кир кол менен жеп - ичуу.

ТАМАК - АШТАН УУЛАНУУ КӨБҮНЧӨ ЖАЙКЫСЫН ТӨМӨНКҮ БАТ БУЗУЛЧУ АЗЫКТАРДАН КҮТҮЛӨТ :
• Майонез кошулган салаттар
• Сүт азыктары ( анын ичинде йогурт )
• Консерваланган азыктар . Балык , колбаса , эт фаршы , килки
• Кондитер азыктары , көбүнчө кремдүүлөрү
• Козу карындан жасалган тамактар
•Шорпо , жумуртка

УУЛАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ
• Ичтин бурап оорушу
• Шалдыроо
• Көңүлдүн айланышы .
• Кусуу
• Ичтин өтүшү
• Дене табынын көтөрүлүшү
• Суусоо , дененин кургай башташы ( кусуу , ич өткөндөн улам денедеги суюктуктар чыгып кеткендиктен ).
• Дененин кургай башташы өзгөчө жаш балдарда , улгайгандарда бөйрөк оорусун кошо жаратат . Ушундан улам көз жумуп кеткендер болот . Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге да уулануу өтө коркунучтуу ! Алар абдан этият болуусу керек.
УУЛАНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК ?
•Тез жардамды чакырыңыз.
• Ашказанды жуу . « Тез жардам » келгичекти эсине кирип калган балдар жана чоңдор дароо ашказанын төмөндөгүлөрдүн бири менен жууганга киришүүлөрү зарыл :
1 ) 3 литр туздуу сууну даярдап , андан бир ичкенде 2-6 стаканга чейин ичип , кайра кусуу . Куса албай жатсаныз 2 манжаны оозго салып окшуп кусууга аракет кылыныз .
2 ) 1,5-2 литр бөлмө температурасындагы сууга 1 аш кашык аш содасынан салып ичүү , кусуу .
• Сорбент ичүү . Сорбент - бул организмден ууларды чыгаруучу каражат .
Анын бири - активдешкен көмүр . Салмактын ар бир 10 килограммы үчүн 1 таблетка ичүү кажет . Мисалы , салмагы 30 килограмм келген балага 3 таблетка , 50 килограмм келген адамга 5 таблетка ичирүү кажет .
• Суусаган сайын сууга кошулуп ичилүүчү регидрон же оралит каражатын , кайнатылган суу , өрүктүн компоту , күрүчтүн суусун иче берүү керек .

ДАРЫЛОО
Эгер дене табы 37,5 жарымдан ашса , анда температураны түшүрүүчү каражат берилет.
• Регидрон , оралит сыяктуу каражат ичирилет .
• Диета кармалат .
Майлуу , куурулган жана сут азыктарды , фаст - фуддарды , жашылча жемиштерди , чипсы жана газдалган суусундуктар сыяктууларды ичип - жегенге тыюу салынат .
• ЖЕП - ИЧҮҮ КЕРЕК:
•кургатылган нан , өрүк кактан даярдалган компот , газдалбаган суу , кисель , сууга бышырылган күрүч , бууга бышырылган котлет жана фрикадельки , пюре ( майсыз ) .
• Кусуу токтогондон кийин ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүчү каражат ( мисалы , мезим , линекс ) чектелет .
• Антибиотиктер анализдин жыйынтыгына карап жазылат .