2022-08-22 19:06:48
#денсоолук
•
Чачтын түшүүсүнүн себеби эмнеде? Трихолог бул чач жана баштын териси менен иштөөчү адис , Кыргызстанда бул кесипти аркалагандар аз . Чач тегерек болуп такырайып түшүп жана такыр жер улам чоноëт . Ага нерв , эндокрин системасынын бузулушу , организмдин жалпы уулануусу , тиштин чириши , тонзиллит , гайморит жана башка өнөкөт инфекциялар себеп болот . Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүнө өтөт жана оңой менен айыкпайт . Оорунун алгачкы белгилери билинери менен доктурга кайрылуу керек .
Чачтын түшүүсүнүн себептери абдан көп , биринчиден чач ички органдардын жабыркашынан түшөт , организим начарлаганда белги берип чач түшө баштайт . Андан сырткары стресске кабылганда , химиялык заттарга ууланганда , витаминдин жетишпөөсүндл , көп ойлонгондо , өтө чарчоодо, уйку качууда , окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда чачтын түшүшү күчөйт жана чачты катуу тартып байлаганда , катуу тараганда чач көбүрөөк түшө баштайт .
Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан , чачты туура эмес кыркуудан да түшөт .
● Канд
ай жол менен алдын алууга болот?
Ар ким өзүнүн ден - соолугун көзөмөлдөшү керек , стресске кабылбоого , көп ойлонбоого , ууланып албоого аракет кылышы абзел .
Дайыма витаминдүү ( А , С ) тамактарды жегенге аракет кылып . Жумасына бир же эки жолу чач үчүн маска жасап , чачты суу кезинде тарабай , фен менен кургатпай , чачка аяр мамиле кылуу эмнеге болбосун .
Мисалы бал менен маска кылса болот . Ал үчүн 1 чай кашык бал , 1 аш кашык пияздын ширеси , 1 даана жумуртканын сарысы жана 1 чай кашык өсүмдүк майы керектелет . Бул азыктардын баарын бирдей массага келгиче чалып, аралаштырып чачка сүйкөп жууп саласыз. Бул ыкманы айына 3-4, жолу жасасаңыз болот.
Өспү
рүмдөрдүн чачынын агаруусунун себеби эмнеде
Чач агаруунун 3 себеби бар .
Биринчиси , тукум куучулук , эгер тукумда эрте жаштан чач агаруу бар болсо , агара берет .
Экинчиси , организимде майда элементтердин жетишсиздиги .
Үчүнчүсү чачтагы меламиндин ( чачка өң берүүчү элемент ) азайып кетиши . Эгерде тукумда чач агаруу жок болсо , анда тийиштүү адистерге кайрылуу керек .
• Чачт
ын коюу , калың болуп чыгышына , таз кылып кырып салуу жардам береби?
Жок , таз кылып алып салуу , коюу , калың чачтын чыгышына жардам бербейт . Эгер ата энесинин чачы суюк , жука болсо анда баланыкы ошондой болот . Балдардын чачын кырып салуу ыңгайсыздык дагы жаратат , өсүп чыкканча кычыштырат , досторунан тартынып дайыма баш кийим кийип жүрүүгө туура келет .
Эң жакшысы чачка ТУУРА кам көрүү керек. Жана нервти сактаңыз.
Чачтын түшүүсү аба алмашуусуна, суунун алмашуусуна, жер алмашуусунан да болушу мүмкүн.
952 viewsAkmöör , edited 16:06