Get Mystery Box with random crypto!

#денсоолук УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН! • Тамактанар алдынд | Жаңы Муун Жаштары 💡

#денсоолук

УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН!
• Тамактанар алдында колду самындап жуунуз .
• Азык - түлүк сатып аларда сакталуу мөөнөтүн караңыз .
•Азыктарды муздаткычта сактаңыз .
• Тамак - аштын мурункудан калганын ичерде кайнатыңыз .
•Жашылча - жемиштерди , укроп , петрушка сымал татымал чөптөрдү жакшылап жууңуз .
• Чала бышкан азыктан ( мисалы , боор шишкебеги ) , пикникте ысыкта бир нече саат туруп калган бат бузулчу тамак - аштан баш тартыңыз .
• Ысыкта тойдон кийин калган тамак , салаттарды үйүңүзгө алып кетип жебениз .
• Шектуу көрүнгөн , жыттанган тамакты , бузулуп баштаган жашылча - жемишти жегенден баш тартыңыз .
• Жашылча - жемиштерди ( анын ичинде Дарбызды ) трассанын боюнан албаныз ! Алар чаңга бөлөнгөн болот . Алуучу да , сатуучу да кир колдору менен кармалап микробдорду көбөйтөт . Билинбеген жаракалары аркылуу чаң , микробдор да кирет . Демек , ууланып калууга негиз бар .
Эскертип кетчу нерсе , трасса боюнда сатылгандар автомашиналардан чыккан уулуу заттарды ( азоттун оксиди , коргошун , бром , ыш , бензапирен жана башка ) өзүнө сиңирип алуусу менен да ден соолукка коркунучтуу .
Ошондой эле жашылча - жемиштердеги нитраттардын ашыкча болушу да ууланууга жеткирет . Андыктан атайын уруксат берилген жерлерде текчеге коюлуп сатылгандарын алуу керек .
• Кокус тамактануу үчүн кафе же ресторанга кирип ууланып калуу күтүлсө , анда дароо жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуу зарыл . Эгер ошол тамактанган жайдын үстүнөн арыз жазууну чечсеңиз Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине же аймактык санэпидемстанцияга кайрылуу керек .

Канымжан Усупбекова