2022-07-10 20:49:08
#денсоолук
Чиркей безгек , сары калтыратма , менингит , энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет . Анын шилекейинде кучтуу аллерген бар
САКТАНУУ ЖОЛДОРУ
1. Туура кийиниңиз ( денеге жабышкан , ачык түстүү , жеңи узун кийимдерди ) . Дененин ачык бөлүгүн мүмкүн болушунча жабыныз .
2. Имарат , үйлөрдүн терезесине чымын чиркейден коргоочу тор тагыңыз .
3. Аллергиктер жанына антигистаминдик каражаттарды ( аллергияга каршы дарыларды ) алып жүрүүлөрү зарыл .
4. Коргонуу үчүн синтетикалык репелленттерди ( чиркейлерди коркутуп оолактатуучу химиялык каражаттар ) же табигый каражаттарды ( өсүмдүктөрдүн эфир майлары ) колдонунуз . Бирок тамактанарда колду сөзсуз жууш керек .
БАШКА ЫКМАЛАРЫ :
Тери үчүн кремдер
Чиркейге каршы кремдер 2-3 саатка терини коргой алат , аны жука кылып сыйпоо кажет . Бирок кремди дененин чийилген , тытылган , жара болгон жерлерине сүйкөөгө болбойт .
√Аэрозолдор
Кийимге , терезе торлорго , чатырга себиниз . Эгер аларды жуубасаңыз , күчтүү аэрозолдун жыты 1 айга чейин сакталат .
ТАБИГЫЙ ЫКМАЛАРЫ
√Эфир майы, гвоздика , анис , эвкалипт , валериана , арчанын эфир майын же ванилинди бир жакка чыгарда дененин ачык жерине сүйкөө керек . Ошондой эле чүпүрөктү же дакини эфир майына нымдап терезеге коюп койсо чиркей жолобойт .
√Пиретрум (кээбир түрлөрүн ромашка деп да аташат ) гулун , сабагын же жалбырагын кургатып , абдан майдалап , анан имарат ичинде түтөтүү керек . Үзүп келип бөлмөгө чачып, коюп койсо да болот .
√Помидор жалбырагы
Помидор өстүрүлгөн идишти терезеге , уй ичине же уйдун кире беришине коюп коюу кажет .
Кедр майы бул дагы чиркей , чымын жана таракандарды кубалайт .
√Буудайык , буудай баш ( пырей ) тамырын майдалап сууга салып , суунун өнү ачык сары болгуча кайнатып алуу сунушталат . Көчөгө чыгарда кайнатманы менен бети - колду жуу зарыл .
ЭГЕР ЧАККАН ЖЕРДИН ӨҢҮ КЫЗАРСА ...
Чаккан жерге аллергияга каршы гель же крем сүйкөңүз .
ЖАНА ДА ... Сыртта тынч отуруп чай ичүү үчүн ...
1 ) Самоорду карагайдын тобурчагы менен кайнатыңыз . Анын түтүнүнө чиркейлер жолобойт .
2 ) Арчаны түтөтүп коюнуз .
√Үйдө
Ванилин , гвоздиканын , анистин , эвкалипттин , валериананын жана арчанын эфир майын ысыган казан көмөчкө тамчылатсаныз жыты белмөгө тарап , чиркейлер качат жана кирбей калат .
√Үй шартында чиркейге каршы мазь жасоо
Балдар үчүн кремди алып , ага 3 пачка ванилинди кошуп аралаштырсаңыз , мазь даяр . Бир жакка чыгарда суйкөп аласыз .
Чиркейден такыр качуу кыйын болсо да бул ыкмаларды сөзсүз колдонуп көрүңүз;)
88 viewsAkmöör , 17:49