Get Mystery Box with random crypto!

​ Урматтуу окурманым, бизде жаңылык чынында абдан көп. Кайсы | Турат Алыбаев

​ Урматтуу окурманым, бизде жаңылык чынында абдан көп.
Кайсы биринен баштаарымды билбей турам.

1. Азыркы учурда стажировкага алган досторубуз менен 3 приложение жасап жатабыз, бул биздин негизги жаңылыктарыбыздын бири.

2. Ошто жана Бишкекте 2 офисибиз тең күндүр-түндүр тынымсыз иштеп жатат. Офистерибиз укмуш “куртой” эмес, бирок дайыма балдарга айтам, “жок дегенде офисибиз бар, гараж эмес” деп, бирок биз гараждан да жаман жерден баштаганыбызды көп адам биле бербейт, муздак балкондогу тамандан өткөн муздакты мен билем, башкалардын билиши зарыл эмес.

3. Бизде окуган группалардын окуусу почти аяктап калды, бул экинчи жаңылык.

4. АйТи компания чынында кандай иштейт экенин тажрыйба менен башыбыздан өткөрүп, көптөгөн каталарга жол бердик, бирок бул каталар бизди дагы да чыңалтып, командабызды чоңойтууга алып келүүдө. Учурда СММ адис, дизайнерлер жана Проект Менежерлерди ишке алып жатабыз. Аларга ваканция жарыялаганбыз, көптөгөн досторубуз резюме жиберишти, алардын ичинен тандап бизге туура келгендери менен интервью кылдык, буюрса алар дагы кийинки аптадан баштап биздин командада иштеп башташат.

5. Эми негизги жаңылык катары, команда чоңоюуда, ала турган заказдар да көбөйүп жатат, демек мындай учурда бизге дагы да программисттер керек экенин сезип жатабыз. Даяр Флаттер билген програмчыны ишке алууга азырынча биздин компаниянын алы жетпейт экенин көрдүк, андыктан кайрадан эле, мурунку тактика, биздин команда менен иштешүүнү, Флаттер үйрөнүп програмчы болууну каалаган достор үчүн дагы бир группа ачып, өзүбүз окутуп, үйрөтүүнү туура көрүп жатабыз.

6. Ошол эле учурда, башка Флаттер курстарды окуткандар менен да келишимдерди кылып жатабыз, алар жакшы окутуп, ишке жарамдуу кылып жиберсе, аларды да стажировкага алууга даярбыз.

7. Акыркысы, эмнеси болсо да өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз, биз сиздин өнүгүүңүздү жана өлкөбүздүн өнүүгүсүн баарынан жогору коёбуз!

Урматтуу окурманым, биздеги жаңылыктар сизге жаккан болсо, өз ой-пикириңизди жана каалоо-тилектериңизди жаза кетиңиз.

Биз менен байланышуу үчүн бул шилтемени басыңыз же ушул жерге + калтырыңыз, биз сизге өзүбүз байланышабыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 16-июнь, 2022-жыл